www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Кумтөрдүн» жоголгон эки кызматкерин издөөгө 31 куткаруучу тартылды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, жоголгон «Кумтөр» ишканасында эмгектенген эки кызматкер али табыла элек.
Эске салсак, жекшемби күнү эртең менен Кумтөр кениндеги аймактардын биринде жер көчкү жүргөн.Окуядан соң, эки кызматкер дайынсыз болуп, азыркы учурда издөө иштери жүрүп жатат.
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин тапшырмасы менен жеринен абалды билүү үчүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын кызматкерлери Ысык-Көл облусундагы "Кумтөр" кенине кетишкени белгилүү болгон. Өкмөт башчы "Кумтөр" кенинде жоголгон жарандарды издөө боюнча зарыл болгон бардык чараларды көрүү тапшырмасын берген.
Белгилей кетсек, Кумтөр - Кыргызстандагы эң ири кендердин бири. Расмий маалымат боюнча, Кумтөр алтын кенинде 4 миңге жакын адам иштейт. Алардын ичинен 2678 кызматкер тоо-кен ишканасы менен түз келишим түзүп иштесе, 1092 адам ортомчу ишканалар аркылуу жумушка орношкон. «Кумтөрдө» иштегендердин баары вахталык тартип менен, башкача айтканда, 10-15 күндүк нөөмөт менен иштешет.
Булак: NazarNews.kg