www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Азербайжан гуманитардык жардам катары жөнөткөн 40 миң доза AstraZeneca вакцинасы Бишкекке келип түштү. Бул туурасында Азербайжандын Кыргызстандагы элчилиги билдирди.

Препараттарды "Манас" эл аралык аэропортунан Азербайжандын элчилигинин өкүлдөрү, тышкы иштер министринин орун басары Азизбек Мадмаров, саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Жапаркул Ташиев жана Республикалык иммунопрофлактика борборунун директору Гүлбара Ишенапысова тосуп алган.

Гуманитардык жардам коронавирустун жайылышына каршы күрөшүү максатында Азербайжан президенти Ильхам Алиевдин ташырмасы менен жөнөтүлгөнү белгиленди.

Ошондой эле элчилик өткөн жылдын апрель айында Алиевдин демилгеси менен Кыргызстанга суммасы 500 миң долларга бааланган медициналык буюм жана жеке коргонуучу каражаттар гумжардам катары берилгенин кошумчалады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости