www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
ИИМдин басма сөз кызматы Россиянын Москва облусунун Химки шаарындагы Кыргыз Республикасынын жарандарына бычак менен кол салуу фактысы боюнча маалымат берди.
Ага ылайык, 10-июлда социалдык тармактарда, анын ичинде “WhatsApp” мессенжери аркылуу Химкидеги чыр-чатактын катышуучулары тез жардам унаасында бычактан алган жаракаттары менен ооруканага жеткирилип жаткышанын билдирген фото жана видео материалдарды таратышкан.
Бул факт боюнча төмөнкүлөр аныкталган: 10-июлга караган түнү Химки шаарындагы “Блокпост” бильярд клубунда эки топтун ортосунда пикир келишпестиктен улам мушташ чыгып, анын кесепетинен Кыргыз Республикасынын 4 жараны белгисиз адамдар тарабынан бычактан жаракат алышкан. Алардытез жардам бригадасы шаардык ооруканага жеткирген. Андан кийин аларга амбулатордук дарылануу дайындалган.
Бул факт боюнча Химки шаарынын тергөөчүлөрү Россия Федерациясынын Кылмыш-жаза кодексинин 213-беренесинин 2-бөлүмүнүн (Курал же курал катары колдонулган буюмдарды колдонуу менен жасалган ээнбаштык) негизинде кылмыш ишин козгошкон. Көрүлгөн чаралардын негизинде 15-июлда полиция кызматкерлери 2 жаранды кармашып, алар күнөөлөрүн толугу менен мойнуна алышкан.
Учурда кармалган адамдар менен жабырлануучулардын — Кыргыз Республикасынын жарандарынын катышуусунда бардык зарыл болгон тергөө иштери жүргүзүлүүдө.
Булак: NazarNews.kg