www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаарыбыздын көркүн бак-дарактар ачып турары талашсыз. Башка жагыбыз башаламан. Мына ушул жашыл чөйрөбүздү мэр Бакыт Кудайбергенов курутуп, түбүнө жеткени калды. Убагында сугат иштери жүрбөй, кечиктирилип, анысы аз келгенсип, дарактарды курт жей баштады. Жайдын кап ортосунда кунарын кетирип тынды. Бул бир гана багыттагы мисал. Башка экономикалык, социалдык көйгөйлөр чегинен ашты. Бишкек шаары чоң колхоздун кейпине баратат.

А эмнеге Бакыт Кудайбергеновду калкалап отурушат? Же куданын досу болгону үчүн иштей албаса да аздектелип, тескери арбайын соктура береби? Мындай чиновник сөрөйдүн элге карата кыянаттыгын далилдеп, жоопкерчилигин караганга да кез келет. Ошондо коррупциялык, кылмыштуу аракеттери менен шорлоп калбайбы?.. Көп кыйынчылыктар боюнча элибиз “чала мэрди” каргай баштаптыр...

Булак: Азия News гезити

Последние новости