www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Азербайжан менен Кыргызстан куралдуу кол салуу коркунучу жаралган учурда бири-бирине керектүү жардам көрсөтүүгө жана дароо консультация өткөрүүгө макулдашты.
Бул тууралуу Азербайжандын Милли Меджлисинин комитетинде каралган «Союздаштык мамилелер жөнүндө келишимде» айтылат. Келишим 2026-жылдын 31-июлунда Чолпон-Ата шаарында түзүлгөн.
Документке ылайык, эки өлкө аскердик жана аскердик-техникалык кызматташтыкты күчөтүп, биргелешкен машыгууларды өткөрөт.
Мындан тышкары, транспорт, энергетика, логистика, санариптештирүү, айыл чарба, туризм, жасалма интеллект жана киберкоопсуздук тармактарында кызматташуу кеңейтилет.
Келишим үчүнчү мамлекеттерге каршы багытталбаганы белгиленди.