www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Куйругу жок, жалы жок, кумда туулуп, чөлдө өскөн,

Кулан байкуш кантти экен?

Элди эзип, өзү ток, валютасы күндө өскөн,

Клан байкуш кантти экен?

Чымчып алар жүнү жок, чыңырарга үнү жок,

Боорунда буту жок, жылан байкуш кантти экен?

Кылган камы жок, алган даны жок,

Баккан малы жок, мал багарга алы жок,

Көзү башын көгөртүп, көгөн байкуш кантти экен?

Айткан кеби көп, заказ берген шефи көп,

Будуң-чаңды чыгарган, ОБОН байкуш кантти экен?

Таразасын көтөрүп, тарбаңдаган шор тумшук,

Таш бака байкуш кантти экен?

Арыз-муңун көтөрүп, ар кимден издеп жаман сөз,

Акшакал байкуш кантти экен?

Кирерге эшиги жок, корголоор тешиги жок,

Коңуз байкуш кантти экен?

Жамынарга жуурканы жок, ичерге ууртамы жок,

БОМЖ байкуш кантти экен?

Оргон-жыйган чөбү жок, эчтекеге эби жок,

Доңуз байкуш кантти экен?

Көргүлүктү көргөн чыгар, суу түбүндө өлгөн чыгар,

Бороон-чапкын күч алды, суунун бетин муз алды,

Балык байкуш кантти экен?

Калк колунда акча жок, жегенден эми башка жок,

Акча «жинди» салык байкуш кантти экен?

Боору жерге жабышып, баса албаган балчактап,

Бака байкуш кантти экен?

Барды жокту жамаган, караңгы үйгө камаган,

ЧыКа (УКМК) байкуш кантти экен?

Баш калкалаар үйү жок, пааналаган жери жок,

Көк уй байкуш кантти экен?

Миллиондорду ашап коюп, пентхаузда жашап коюп,

Көк үй байкуш кантти экен?

Жатарга жайы жок, жан багарга алы жок,

Ак уй байкуш кантти экен?

Эли ачка, өзү ток, мактангандан башка сөзү жок,

Ак үй байкуш кантти экен?

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 

 

Последние новости