www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Алып баруучу, блогер Назира Айтбекова өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына түгөй тандоодо жаңылбаш керек деген пикирин жазып чыкты.

-“А мен ага татыктуумунбу? - деп ойлонуп көрдүңүз беле? Жаргылчагыбызга салып, таш талканын чыгарып, тегирменден бүкүлү чыгарбай кууратабыз адатта.

Тиягы тигиндей, быягы мындай экен, ал эле, бул эле апийимдин гүлү эле дейбиз го! Өзүбүздүн укмуш төрт тарабыбыз төп келип тургансып!

Башкадан күткөндү, сураганды билебиз. Бирок, мен ага эмне бере алам суроосун көп деле ойлоно бербейт экенбиз. Талап кылуу оңой! Жоопкерчиликти артуу да оңой! Анын барын моюндаш кымбат. Кээде - кээде күзгүдөн каранып турушубуз керек экен.

Жашообуздун мыкты болушуна, мамилебиздин ысып турушуна мен кандай салым кошуп атам суроосун жооп издеп туруу кажет. Кээде эки адамдын мамилесинде бирөө кыйла алдыга өсүп кетет. Экинчиси артта калып калганда жашоону бирөө бийиктен көрөт, бирөө жапыздан.

Анан турмушка, алдыңкы максатка көз карашта айырмачылык чоңоё баштайт. Партнёруңдун деңгээлине жараша өсүп туруу абзел. Ал турмушка чоң терезеден, сен кичинекей көзөнөктөн баш багып турсаң, ал көргөн кенендикти, бийиктикти сен көрбөй, сен көргөн тар чөйрөнү ал түшүнбөй, тил табышуу кыйын болот. Деңгээлдин теңдиги да абдан керек экен турмушта. Ошон үчүн бийиктикти самасаң, бүркүттөр менен учкуң келсе, бүркүт болгуча тарбияла өзүңдү. Шаңшы. Бийик уч. Татыктуу бол ага. Татыбайсыңбы, артка тартып, өзүң менен сазга сүйрөбөй, кое бер. Жок дегенде анын бийик шаңшып учканына күбө болуп, суктанганды бил”, деп Назира Айтбекова өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости