www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

NazarNews маалымат агенттиги Азимбек Бекназаров менен айрым саясий маселелер боюнча ой бөлүштүк.

--Эл арасында Текебаев жазган Конституцияны бир ооздон кабыл алдырыш үчүн, элдин жүрөгүнүн үшүн алган окуяны атайылап уюштурган деген пикирлердегилер да бар. Бул маалыматтар канчалык деңгээлде чындык?

--Биринчиден 2010-жылкы Конституцияны жалгыз Текебаев жазган эмес. Жүздөгөн Конституциялык Кеңешменин мүчөлөрү, ондогон саясий партиялардын, жарандык-коомдук уюмдардын жеке саясатчы инсандардын кол которушуп кабыл алуусу менен жазылган. Текебаев болгону ал Кеңешменин бир добушу бар төрагасы болгон. Экинчиден ошол Конституциялык кеңешме түзүлө электе биз: 

"Эмне үчүн Убактылуу Өкмөтпүз, себеби биз президенттик жеке башкарууну камтыган Конституцияны, парламенттик башкаруу системага жакын өзгөртүп, ошол конституцияга ылайык Жогорку Кеңешке шайлоо өткөрүп, утуп келген партияга же коалицияга бийликти өткөрүп берип өзүбүздүн тарыхый миссиябызды толук аткарган убактылуу революциялык бийлик катары өзүбүздү-өзүбүз таркатабыз" дегенбиз. Биз аны толук аткардык. Эл ошон үчүн бизди колдогон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости