www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Азимбек Бекназаров Матраимов тууралуу айтты

«Матраимовду Атамбаев Жээнбековко жабыштырып чыкканга чейин бир жолу да ооз ачышпаган айрым саясатчылар, эми Матраимовду Садыр Жапаровко «жабыштырган» саясатты башташты», - деди бүгүн, 22-февралда NazarNews маалымат агенттигине Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси Азимбек Бекнзаров.

- Сиз мындан мурдагы эки ыңкылаптан кийин тергөө органдарын тейледиңиз эле. Ондогон кылмыш иштер козголуп, чоң-чоң чиновниктер жоопко тартылып, нечендеген объектилер улутташтырылганын билебиз. Азыркы коррупцияга каршы күрөш менен сиздердин мезгилдеги күрөштүн айрымасы барбы? Мына жакында Максат ажыга кылмыш иши козголду, Жумалиев камакка алынды, Матраимовдун үстүнөн сот өкүмү чыкты эле, батышчылдар митингге чыгышып, Матраимов кайрадан башка иштер менен камакка алынды. Ушунун баары коомчулукта жаңы чыңалууну жаратпайбы? Себеби, коомчулукта бир беткей пикир жок?

- Сиз мага өтө оор суроону бердиниз, себеби коомубуз бөлүнүп турганда, кандай гана жооп болбосун, таяктын эки учу бар дегендей эле болот. «Бекназаров кызматчынын этикасын бузду» - дегендер да чыгат. Ошого карабай Кыргызстанда бүгүн болуп жаткан саясий, укуктук, реформалык, жаңылануу процесстери жалпы баарыбызга тиешеси бардыгын эске алып жооп берейин. Жалпы элге тиешеси бар үчүн, жаңы президенттен жана анын командасынан кечээ эле айткан сөздөрү үчүн катуу талап кылынып жатат. Айрыкча, сиз айткан адамдар боюнча. Эмне үчүн? Анткени, сиз айткан адамдар кылмыш иштер козголгонго чейин эле, ар кандай шайлоо өнөктүгүндө, айрым талапкерлер, партиялар тарабынан пиар компаниялардын субъектисине айланышкан.

Экинчиден элибиз эски, мыйзамсыз байыган адамдарды «өтө жакшы» көрүшкөнүнөн улам, айрым талапкерлер тарабынан «бийликке келсем» эле «эки күндө» кустурам «каматам» деген жеңил желпи пиар сөздөр көп айтылган, бүгүн алардын айрымдары бийликте. Анан албетте бүгүн суроо-талап болот да! Үчүнчүдөн Кылмыш-Жазык Кодексине «мыйзамсыз баюуну» кылмыш деп киргизип койгонубуз менен жазасы айып салуу менен чектелет. Эркиндигинен ажыратылбайт, мүлкү конфискацияланбайт. Аны билип туруп эле жеңил саясий өчкө алыш үчүн алдын ала камап алабыз да, анан аны же сотторго шылтайбыз же эптеп башка кылмыштарды издейбиз. Ушулардын баары саясий оппоненттерге бири-бирине карата жана мыйзамды жакшы түшүнбөгөн көпчүлүк элибизге «мына камалбай эле чыгып кеттиго» - деп саясат кылууга шылтоо болот. Мен юрист катары мындайды туура эмес деп эсептейм.

Мисалы, Матраимовдун ишин тергөө, сот карап, тийиштүү чечимин мыйзамдарга ылайык чыгарып жатышат. Тергөөнүн, соттун ишине, алардын чыгарган чечимдерине, кимдир бирөөлөрдүн кийлигишүүсүнө, даттанууга, нааразылык билдирүүгө укуктуулугу мыйзам менен так көрсөтүлгөн. Тергөө, сот ишине мыйзамсыз кийлигишүүсү, басым көрсөтүүсү боюнча жоопкерчилик да мыйзамда так көрсөтүлгөн. Мыйзамда бекитилген жазанын чегинен эч ким чыга албастыгы да мыйзамда бекитилген. Бирок, ага карабай, Матраимовдун кылмыш иштерине, аны сөзсүз түрдө каматуу боюнча аракеттерге анын кылмыш ишине тиешеси жок эле саясатчылар, саясий партиялар, айрым бей өкмөттүк уюмдардын, ал түгүл чет элдиктердин кийлигишкенине күбө болуп жатпайбызбы! Бул эмнеден кабар берет? Бул кеп Матраимовдун жасаган кылмышында эместигин, кеп Матраимовдун кейпинде, шылтоосунда саясий күрөштү улантуу керектигин далилдейт. Али Токтакуновду туура түшүнөм, ал өзүнүн кесиптик иликтөөсүн жүргүзүп, өз позициясын, эмгегин коргоп жүрөт.

Бирок, АКШнын элчилигин таптакыр түшүнбөйм! Мени Матраимовду коргоп жатат деши да мүмкүн?! Анда аларга алдын-ала эле айтып коеюн 2010-жылы алар каякта эле? Ошондогу губернатор Жээнбековдун, элдин Матраимов боюнча мага айткан талаптарын угуп, бажыга кураторлук кылган Атамбаевке Оштон телефон чалганымды эсиңерге салып коеюн. Ошондо Убактылуу Өкмөттүн көпчүлүк мүчөлөрү мени, Жээнбековду, Оштун элин колдобой Атамбаевди колдоп, үндөрүн чыгарган жок эле. Кээ биринин, Атамбаевдин, Кулматовдун каршы болгонуна карабай Матраимовду кызматтан кетиргенге укугу бар болчу. Матраимовду Атамбаев Жээнбековко жабыштырып чыкканга чейин бир жолу да ооз ачышпаган айрым саясатчылар, эми Матраимовду С.Жапаровко «жабыштырган» саясатты башташты. Ушуларга таяна турган болсом, Матраимовдун кылмышы анын мыйзамсыз байыганында эмес, анын 2017-жылы президенттик, 2020-жылдын октябрь айындагы Жогорку Кеңешке болгон шайлоодо, батышчылардан башка партияларды сүрөп чыкканында, таажы тумоосу күчөп турганда, карапайым элге кайрымдуулук кылып, элдин оозуна алынганында. Эмки боло турган шайлоодо дагы деле айрым мекенчил партияларга, инсандарга «жардам» көрсөтөрүнөн чоочулоо окшойт. Бул батышчылдар үчүн жол бербей турган маселе. Мен Кыргызстандагы көпчүлүк батышчыл көз караштагы чоң-чоң саясатчылар менен үзөңгүлөш болуп жүрөм, бирок, алардын көпчүлүгүнүн кыргыз жерлери коңшуларга кетип жатканда, же кең-байлыктардагы коррупция, кыргыздын каада-салты, тарыхына, президенттердин сырткы карыздар, кредиттер, привитазация маселесиндеги кылмыштары боюнча, Матраимовго каршы тургандай бекем уюшкандыкта турганын көрбөдүм.

Жаңы бийликтин эң башкы милдетине коррупция менен күрөшүүдөгү, коомчулуктун айткандарын эле бир беткей аткарыш эмес, ошол коррупция менен күрөшүүнү мыйзамдуу жол менен алып баруу;

- Ким болбосун: -коррупционерби, же элдик баатырбы, мыйзамсыз байыганбы, уурубу, каракчыбы, айтор алардын ишин саясаттыштырбай, мыйзам чегинде, ар тараптуу, объективдүү, толук кандуу тергетип, мыйзамдуу чыгарылган сот чечимине баарын баш ийдирүүгө жетишүү;

- Коррупция менен мыйзамсыз байуунун айрымасын, санкциясын, коомго зыяндуулугун ж.б. элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүү;

- Тергөө системасын иреетке келтирип, айрым күч структураларындагы аларга таандык эмес тергөө иштерин, тиешелүү органдарга өткөрүп берүү;

- Мурдагы президенттердин доорунан бери, алдын-ала атайын жаратылган жасалма коомдук пикирлерге жамынып, кадр маселесин чечүү, кылмыш жообуна тартуу, камакка алуу, мыйзамсыз аңдытуу, тыңшоо, тергөөнүн купуялуулугун бузуп, алдын-ала бирөөнүн мүлктөрү деп, тергөө, сот тактабаган мүлктөрдү жарыялоо жана башка мыйзамсыз практикаланып жүргөн процесстерди токтотуу аларды мыйзам нугуна түшүрүү да кирет. Ушул элдин укуктук сабатсыздыгынан пайда болуп жаткан, айрым жагымсыз көрүнүштөрдү жоюуда, билимдүү, тажрыйбалуу инсандарыбыздын үнү, сөзү азыркы жаңы бийликке да, элге да абадай керек деп ойлойм.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости