www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Атамбаевдин убагында 1990-жылдан кийин Каримов бир тараптуу сызып алган чек ара сызыгынын 85 пайызына эле кол коюп бербей, Унгар-Тоо сыяктуу кыргыз тоосун, эч нерсе менен негизденбей эле «Өзбекстандыкы» деген Өкмөт башчыларыбыз чыкты», - деди бүгүн, 22-февралда NazarNews маалымат агенттигине Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси Азимбек Бекнзаров.

- Азимбек агай убагында чек-ара маселесин парламентте катуу көтөрүп, президент Акаевке импичмент жарыялап, артынан түрмөгө да олтуруп, чыктыңыз эле? Чек арачы депутат атка да кондуңуз? Азыр Кыргыз-Тажик, Кыргыз-Өзбек чек арасы кайрадан тынч эмес. Сиз азыр дипломатсыз, чек араны чечүүнүн кандай дипломатиялык жолдору бар? Биздин чек аранын кыскача тарыхы кандай? Ким аныктаган? Укуктук базасы эмнеден турат?

- Жер эненин балдары деп эсептелген кумурскадан тартып арстан, пилге чейинки бүткүл жан-жаныбар анын ичинде адамзаты да өз аймагы, жери үчүн канын төгүп, жанын бергенге чейин күрөшүп келет. Бардык доорлордогу согуштар да, негизинен аймак-жер үчүн болгон. Биз суктанып окуп жүргөн тарыхый баатыр инсандар өз жеринин (мамлекетинин) аймагын канчалык денгээлде кеңейткени менен, ал эми акмак-арсыз башчылар өз мекенин канчага азайтканы менен тарыхта калышкан. Азыркы замандагы мамлекеттер аралык жаңжалдар, тирешүү - нааразылыктар да, кайсы бир жер тилкеси, арал же деңиз бөлүгү үчүн же кайсы региондо ким кожоюн, кимдин таасири күчтүү мына ошого чейин байланган. Бирок, эч качан аймак, жер үчүн күрөш дароо эле күч менен чечилген эмес. Жан-жаныбар же адамзаты болобу оболу сурабай ээлеп алуу, жакшылыкча сурап же сатып алуу, убактылуу алып, анан бербей коюу, сүр көрсөтүү, талап коюу, коркутуу анан болбосо күч менен басып алуу, сүрүп чыгаруу менен жерге ээлик кылып келген. Куч колдонууга чейинки бул процесстердин баарын - өз замандарынын дипломатиясы десек болот. Эл аралык ченемдерге ылайык, чек ара маселеси эки тараптуу сүйлөшүү, макулдашуу жолдору менен чечилет.

Эми азыркы чек арабыздын кыскача тарыхына токтолсок: Азыркы Эгемен Кыргызстандын чек арасын кыргыздар өздөрү аныктаган эмес. Негизинен Какшаал тоосунун кыры менен кеткен Кыргыз-Кытай чек-ара тилкесин 1860-1880-ж.ж. Орус империясы менен Кытай империясы аныктаган. Какшаалдын аркы бетинде жашаган кыргыздар жери менен Кытайга, берки бетиндеги азыркы биз, Орус империясына каратылганбыз. Орус империясынын мураскору катары түзүлгөн СССР мезгилинде, 1920-1930–ж.ж. мамлекеттүүлүгүбүз менен кошо аймагыбыз Москвадан чечилген. Ошондо Памирлик кыргыздар Таджикстанга, айрымы анжияндык, Ангрен, Төрө-Коргондук кыргыздар Өзбекстанга, ал эми Токмоктун бет маңдайындагы Керүү өрөөнү Казакстанга берилген.

СССР бузулганда, анын курамын түзгөн 15 союздук республикалардын жетекчилери 1989-1994-жылдар аралыгында бир нече ирет эң жогорку денгээлде Москвада ж.б. жерлерде жолугушуп, ар бири ошол кезде ээ болуп турган аймактары аркылуу бирин-бири таануу жөнүндөгү келишимдерге кол коюшкан. Ошол келишимдин негизиндеги карталары менен 15 союздук республика өздөрүн көз карандысыз эгемен өлкө катары жарыялашып БУУнун мүчөсү болушту. СССРди таркатуу, эгемендүү жаны мамлекеттерди түзүү, өз ара аймактары менен бирин-бири таануу келишимдери мурдагы бардык союздук республикалар үчүн, чек ара маселесиндеги эн башкы юридикалык документ болуп эсептелет. Анткени, мамлекет башчылары кол коюшуп, парламенттери ратификациялап, анан өздөрүнүн көз карандысыздыгы жөнүндөгү Декларацияларын жарыялашкан соң, коңшу өлкөлөр менен аймактык дооматтары жок учун ошол чек аралары менен БУУга мүчө болушту.

Мисалы, Кыргызстан менен Кытай өз ара эгемендүү өлкө катары бирин-бири тааныган келишимге 1992-жылы кол коюшканда, Кытай тарап атайын статья менен Кыргызстанды Тайвань аралын Кытай Эл Республикасынын аймагы катары таанытып кол койдурган. Кытай Кыргызстандын ошол кездеги аймагы боюнча кандайдыр бир дооматтары бардыгы тууралуу билдирген эмес. Мен ушул документтерге таянып, Кыргыз-Кытай чек арасындагы талаш участкалар, кийин Акаевдин тышкы саясаттагы дареметине жараша эле, Кытай тарабы бир тараптуу жараткан «талаштар» экенин де-факто, де-юре парламентте далилдегем. Мына жакында 30 жыл чечилбей келген Азербайджан менен Армениянын ортосундага Карабах маселеси да, негизинен ошол СССРди жойгондогу 1990-жылдын башындагы карта менен Москвада чечилди. Кыргыз-Өзбек, Кыргыз-Таджик чек арасындагы талаш участкалар, негизинен Союз мезгилиндеги жалпы чарбалык кызыкчылыктар үчүн, райондук, областык исполкомдордун же министрликтердин ортосундагы убактылуу арендалык келишимдердин кесепетинен пайда болгон талаш участоктор. Буларды биз коңшу, бир тууган эл катары сүйлөшүү жолу менен чечишибиз керек.

Айрым өзүн мыкты саясатчы, мекенчил кылып көрсөткүсү келген саясатчылар, «жолду жаап салуу керек», «токту бербөө керек», «сууну жабуу керек» ушул сыяктуу популярдуу кайрылууларды С. Жапаровко жолдошту. Мындай чакырык чек ара маселесинде «провакацияга» жакын чакырык болот. Чек ара талашын жараткандар карапайым эл эмес. Кыргыз, Өзбек, Тажик эли акыркы 30 жылга чейин бир өлкөдө жашап, бир базарда соода кылып, бир мечитте намаз окуп келген эл. Дагы 30 жылдан кийин дагы эмне болот, аны бир кудай өзү билет. Дипломатиялык сүйлөшүү менен бир пикирге келбесек, өз ара ыңгайлуу жер участокторун алмашуу жолу менен бүтүрсөк болот. Болбосо жогоруда мен айткан 1990-1994- жылдардагы келишимдердин тиркемеси болгон карта менен Москвага барып, чечүү керек. Анткени, республикалар ортосунда талаш пайда болсо, Москванын ортомчулугунда, катышуусунда каралат деген жобо да келишимде бар.

Себеби, оргинал карта Москвада сакталуу. 30 жыл бою биздин бардык президенттер чек ара маселесинде мекенчилдигин көрсөтүшкөн жок. Акаев Кытай, Казахстан даярдап келген келишимге эле кол коюп берип жүрдү. Акаевдин сырын алышкан Кытай жетекчилери оболу 100 пайыз кыргыз жерлеринен атайын жасалма талаш участок жаратышып анан «ошол талаш жердин 30 пайызын эле алалы, силер 70 пайызын алгыла» - деп өз жерибизди өзүбүзгө берип, өздөрү азына эле ээ болгондой саясат кылышып бир топ стратегиялык участкаларыбызды алып коюшту. Кытай жолу менен Назарбаев да Каркыраны, Көк-Сайды, Маймакты алды. Токмоктун тушундагы айлампа жолдогу 800 метр биздин жолдун «агабыз» Назарбаевке эмне кереги бар? - деп ойлойсуң? Назарбаевге окшогондорго бир метр болсо да аймагын кеңейтүү сыймык! Биздин президенттер болсо, «биз көп жер алдык» - деп алигиче жаактарын басышпайт же кайсы жерди алышканын айтышпайт. Алса ошол жердеги жашаган эл билет эле да! Атамбаевдин убагында 1990-жылдан кийин Каримов бир тараптуу сызып алган чек ара сызыгынын 85 пайызына эле кол коюп бербей, Унгар-Тоо сыяктуу кыргыз тоосун, эч нерсе менен негизденбей эле «Өзбекстандыкы» деген Өкмөт башчыларыбыз чыкты. Конституция боюнча чек ара маселеси Жогорку Кенештин ыйгарым укугуна кирсе да, депутаттар чек ара проблемасын акыркы 10 жылда бир жолу да көтөргөн жок. Азыркы жаңы бийликтин Өкмөт башчысы, Атамбаевдин Өкмөт башчысындай эле, кимдир бирөө даярдап берген кагазды айтам деп (Төрт-Күл боюнча) уят болду. Айтоор коңшу өлкөлөр биздин башчылардын сырын билип алышкан. Чек-ара маселесинде Жапаров-Ташиев тандеми мурдагылардан башкача экенин коңшулар аңдап билгендей олуттуу саясат керек.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости