www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Human Rights Watch уюму Европа биримдигине кайрылып, Кыргызстан бийлигин абакта жаткан укук коргоочу Азимжан Аскаровду бошотууга чакырууну өтүндү.

Жамааттык кат 10-декабрда “Европа биримдиги – Кыргызстан” деген аталышта биримдиктин кызматташуу жыйынынын алдында жарыяланды. Анда кыргызстандык укук коргоочу 2010-жылдан бери мыйзамсыз кармалып отурганы, бул олуттуу мыйзам бузуу экени белгиленген. БУУнун Адам укуктары боюнча комитети 2016-жылы Аскаровду тез арада бошотууга чакырганына карабай ал дале абакта отурганы айтылган.

Жалалабаддык укук коргоочу Азимжан Аскаров "Базар-Коргондогу 2010-жылдагы кандуу калабаны уюштурган" деп соттолуп, өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылган. Прокуратура жана сот органдары анын күнөөсү далилденгенин айтышкандыгын жазат Азаттык.

Эки жыл мурун БУУнун Адам укуктары боюнча комитети аны камоо мыйзамсыз болгонун айтып, бошотууну талап кылган. Бул сунуштун негизинде Кыргызстандын соту ишти кайра карап чыгып, Аскаровго карата мурдагы чечимди өзгөртүүсүз калтырган.

Буга карабай бир катар эл аралык уюмдар ал куру доомат менен негизсиз камалганын билдирип жүрөт. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости