www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Азия чемпионаты: Бүгүн Жоламан Шаршенбеков күрөшөт

Бүгүн, 10-апрелде Казакстанда өтүп жатканда Азия биринчилигинде грек-рим күрөшү боюнча кыргызстандык 5 балбан күрөшөт.

Азия чемпионатынын экинчи күнүндө Жоламан Шаршенбеков (60 кг), Раззак Бейшекеев (67 кг),  Адилхан Нурланбеков (72 кг), Акылбек Талантбеков (82 кг) жана Үзүр Жусупбеков (97 кг) килем үстүнө чыгат.

60 кг (чейрек финал)

Жоламан Шаршенбеков — Үмит Дурдыев (Түркмөнстан) менен Сумит Сумиттин (Индия) беттешинин жеңүүчү

67 кг (квалификациялык баскыч)

Раззак Бейшекеев — Киотаро Согабе (Япония)

72 кг (квалификациялык баскыч)

Адилхан Нурланбеков — Лойки Аримхонзода (Тажикстан)

82 кг (чейрек финал)

Акылбек Талантбеков – Рохит Дахия (Индия) менен Арян Бин Азман (Сингапур)

97 кг (квалификациялык баскыч)

Үзүр Жусупбеков – Сейол Ли (Корея)

Эскерте кетсек, күрөш боюнча Азия биринчилиги 9-14-апрелде Астана шаарында өтүүдө. Мелдештин биринчи күнүндө кргызстандык беш балбан таймашка чыгып, алардын ичинен Акжол Махмудов (77 кг) алтын утуп, үчүнчү ирет Азия чемпиону болуду.

Андан тышкары, Роман Ким (130 кг) кол байге тагынды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости