www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Азия чемпионатында Айпери күмүш, Калмира коло утту

Кыргызстандык балбан кыздар Астанада өтүп жаткан Азия чемпионатында эки медаль утту.

76 килограмм салмак категориясы боюнча Айпери Медет кызы күмүш байгеге ээ болду. Ал финалда казакстандык Элмира Сыздыкова менен күрөштү. Тилекке каршы, атаандашы Айперинин далысын жерге тийгизип, таза жеңиш менен утуп алды.

Ал эми 59 килограмм чен бирдикте Калмира Билимбек кызы коло медаль тагынды. Балбан казакстандык спортчу Диана Каюмованы утуп, үчүнчү орунду камсыздады.

Мээрим Жуманазарова коло үчүн казакстандык Елена Шалыгина менен кармашты. Бирок ал күрөшүп жатканда жаракат алып, мурду канап кетти. Берилген убакыт ичинде мурдунан аккан кан токтобой койгондуктан беттеш токтотулду. Натыйжада жеңиш Шалыгинага ыйгарылды.

Кыргызстандык кыз-келиндер эртең дагы килемге чыгат. Арасында Токио Олимпиадасынын күмүш медалынын ээси Айсулуу Тыныбекова бар.

 

Последние новости