www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкек шаарынын Биринчи Май районунда, алдын ала маалыматтарга ылайык, Махатма Ганди көчөсүндө жайгашкан «Азиз» базарындагы контейнерден чыккан өрт саат 10:16да чектөөгө алынды.
Өрттү өчүрүүгө жалпы 8 күжүрмөн эсеп тартылган. Учурда тилсиз жоону толук өчүрүү иштери Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Эрнест Жусуповдун көзөмөлүндө жүргүзүлүүдө.
Өрттүн аянты болжол менен 500 чарчы метрди түзөт. Жабыркагандар жок.
Белгилей кетсек, өрттү өчүрүү иштери саат 08:58ден тартып уланууда. Азыркы тапта жеринде 8 бөлүм, штаб, Кризисттик кырдаалдарды башкаруу борборунун оперативдүү тобу дрон аркылуу абалды көзөмөлдөп, ыкчам чараларды көрүүдө. Мындан сырткары, Бишкек суу канал ишканасынан 3 суу ташуучу унаа тартылган. Бул тууралуу маалыматты КР ӨКМнин пресс-борбору билдирди.