www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2025-жылдын 12-декабрь күнү Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерине “Хундай-Гетз” үлгүсүндөгү автоунаада белгисиз жарандар баңги затына жана анын аналогдоруна окшогон шектүү зат алып жүргөндүгү тууралуу маалымат келип түшкөн. Аталган маалымат каттоого алынып, текшерүү иштери башталган. Бул тууралуу Ош ОИИБдин Басма сөз кызматы билдирди.

Топтолгон материалдын негизинде Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 292-беренеси (Сатып өткөрүү максатында күчтүү таасир этүүчү же уулуу заттарды мыйзамсыз жүгүртүү) негизинде кылмыш иши козголгон.

Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында кылмышка шектүү катары 1995-жылы туулган А.И., 2001-жылы туулган А.Б., жана 1995-жылы туулган М.Н. кармалышып, 13-декабрь күнү убактылуу кармоочу жайга кирзилди. Алардын жанынан 313 даана “Тропикамид” аталышындагы ар бир даанасы 10 мл. грамды түзгөн күчтүү таасир этүүчү затка окшош буюмдар алынды. Алынган шектүү заттарга тийиштүү экспертизалар дайындалды.

 Учурда аталган затты аныктоо үчүн тийиштүү экспертиза дайындалып, кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо максатында ыкчам тергөө амалдары уланууда.

 

Последние новости