www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов жаңы жылдык эс алуу күнү 12-январга чейин созула турганын жар салып, ошону менен дагы бир элдин эсин эки кылган билдирүү жасады.
Азыркы бийликтин эрке талтаңы болуп алган Байсалов: “Саламаттык сактоо министри балаты майрамына тыюу салыптыр. Биз тескерисинче тыюу салбай баарын алып келип жугузуп, анан үйлөрүнө алып барып салгыла деп айтып жатабыз”, - деп айтты.
Анын мындай пикири социалдык тармактарда коомчулуктун нааразычылыгын жаратты. Көпчүлүк “балдарга грипп жугузуп, анан үйлөрүнө алып барып салгыла” деген сөздөрүн тамаша же чын экенин түшүнө алышпай, ушундай дагы “тантык” болобу дешип президентке чейин кайрылуу жасап жибергендер болду.
Чынында, Байсалов өңгү-дөңгү билдирүүлөрү аркылуу президенттин саясатына көлөкө түшүргөн адатын калтырбады. Качан болсо коомчулукту иренжиткен ар нерсени “балп этип” эч бир жоопкерчиликти сезбейт.
Ушундан улам Эдил мырза атайын элдин бийликке болгон кыжырын ойготууну максат кылып, акылга сыйбаган билдирүүлөрдү жасап турабы?
Дегенибиз, дени соо, акыл-эси жайындагы үлкөн мамлекеттик кызматты аркалаган адам, ар дайым “тантык ойлорду” айтпаса керек.