www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

- Жогорку Кеңештин депутаты Жеңиш Токторбаев мыйзамга өзгөртүү киргизип, экс-президенттерди бир катар артыкчылыктарынан ажыратууну сунуштап жатат. Буга сиздин көз карашыңыз кандай?

- Бул бир жактуу карабай турган маселе. Ар бир экс-президенттин жасаган жумушуна, сиңирген эмгегине жараша жекече мамиле болушу керек. “Кандай салым кошту? Мамлекет, эл үчүн эмне кылып берди?” деген суроо турушу кажет. Эгер алар туура эмес иш жасаган болсо, айталы, үстүнөн кылмыш иши козголуп, жоопкерчиликке тартылса, ошонун тыянагынын натыйжасында чечим кабыл алынууга тийиш. Себеби, Кыргызстан мындан ары да мамлекет катары жашайт да.

Бизге дагы көптөгөн президенттер келет. Бирөөсү жакшы иштеп кетсе, экинчисинин кемчилиги болот. Анан ошонун баарын бир мыйзамга киргизип койгон туура эмес. Ар биринин жасаган ишине карата мамиле болуш керек.

Мисалы, Аскар Акаев Кыргызстан үчүн бир топ чоң жумуштарды жасап кеткен, партиялык система, жарандык коом, сөз эркиндиги дегендей. БУУнун бир нече конвенцияларына кол коюлган. Бакиев дагы өндүрүштү жандантып, айлык акыларды көтөрүп, колунан келишинче иштеди.

- Бул жерде кеп жеке Роза Отунбаева менен Сооронбай Жээнбеков жөнүндө болуп жатат окшойт?

- Роза Отунбаева өткөөл мезгилдин, эң оор мезгилдин президенти катары иштеди. Анын эң чоң эмгеги – 2010-жылы Конституция кабыл алынганда бийликке отуруп калууга аракет кылган жок. Бийликти тынч жол менен Атамбаевге өткөрүп берди. Атамбаевдин чоң салымы – бийликти тынчтыкта Жээнбековго узатты. Жээнбековдун ролу анчалык деле байкалбай калды. Оош-кыйыш мезгилде президент болуп шайланганынан улам ошондой болду окшойт.

Андыктан, чоң баа бере албайм. Мен кайра эле мурунку айтканыма кайрылгым келет. Бул жерде мыйзам Отунбаева, же Жээнбеков үчүн иштебеши керек. Ал баардык экс-президенттер үчүн иштеши кажет. Аларды камсыз кылуу салык төлөөчүлөрдүн, бизге окшогон карапайым жарандардын мойнунда да. Элдин төлөгөн салыгынын негизинде алар камсыздалат. Дүйнөлүк практикада, айталы, мен Европанын бир өлкөсүндө жашасам, өзүм төлөгөн салыкты “каалаган багытыңарга жумшагыла” деп коём, же кааласам “согушка, курал-жарак алганга жумшабагыла, жетим-жесирлердин керегине жараткыла” деп айтам. Биздин Кыргызстанда да ошондой бир мыйзам болсо, салык төлөөчү “менин акчам экс-президенттерди камсыздаганга жумшалбасын, мен аларды бакканга акча бербейм” деп айта алса, бул жалпы элдик чечим болмок.

Булак: Азия News гезити

Последние новости