www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Кумтөр Голд Компани» ЖАКтын мурдагы убактылуу башкаруучусу Тенгиз Бөлтүрүктүн уулу Алмаз кармалды. Чүй облустук ички иштер башкармалыгы Аламүдүн РИИБинин кызматкерлери тарабынан ишенип берилген мүлктү ыйгарып алган деп шектелип 1988-жылы туулган Бөлтүрүк небереси Алмаз кармалган. Тергөө органдары Бөлтүрүк небереси Алмазды жетекчи болуп иштеп жүрүп, ишканадан 274 миң 325 сомдук продукция алып, бирок сатуудан кийин акчаны бербей, изин жашырып кеткен деп айыптоодо. Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу” беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Аламүдүн РИИБнин кызматкерлери тарабынан 1988-жылы туулган Т.А., 2023-жылдын июнда күнү кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Башкы прокуратура Теңгиз Бөлтүрүк менен бирге эки кишини «Кумтөр Голд Компанидеги» коррупциялык ишке шектеп кармаган. Азыр шыпшынып үй түрмөгө чыгып жүргөн кербези. Мамлекетке 1 млрд сомго жакын зыян келтирилгени айтылган. Кызык кырдаал жаралды. Өкмөт негизинен ушунча сумманын абага кеткенине эмне дейт? Карапайым калк суукта шишип-көөп, кыйналып жашоодо. Таңгаласың да. “Улуу көчмөндөр мурасы” улуттук холдингди түзүүгө 3 миллард сомдон ашык каражат жумшалса, аны жоюу үчүн 700 миллион сом кетери болжонууда. Мынчалык эбегейсиз чыгымды мамлекетке ким төлөш керек? Келтирилген чыгымдын ордун толтуруу керек. Бирок кантип? Мына талуу маселе. Башында эле Теңгиз Бөлтүрүк шек жаратып, көзгө комсоо көрүнгөндө эле ири каржылык булактын башына отургузбаш керек эле. Чоң катачылык кетти. Элибиз карап турат. Олчойгон сумманын ордун толтуруу боюнча баш ооруталы. Ийин куушуруп эле кутулуп кетүү жарабас.
Тийешелүү жетекчилер буйтап кетишсе, аргасыздан Теңгиз Бөлтүрүктүн мойнуна илинет да, башка арга барбы? Мындан сырткары, эсептөө палатасынын текшерүүсү боюнча “Улуу көчмөндөр мурасы” улуттук холдинги арбын чыгашаларды кетирип, коррупцияга малынганынан башчысы камалып отурбайбы. «Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коомунун мурдагы тышкы башкаруучусу Теңгиз Бөлтүрүк 10-мартка чейин камакта калтырылды. 2022-жылдын 29-декабрында Октябрь райондук сотунда Теңгиз Бөлтүрүктүн баш коргоо чарасын узартуу боюнча өтүнүч каралып, сот аны үй түрмөгө чыгарган.
2020-жылдын 15-сентябрында Башкы прокуратура «Кумтөр Голд Компани» ЖАКтын мурдагы тышкы менеджери, учурда «Улуу көчмөндөрдүн мурасы» улуттук холдингинин жетекчиси Бөлтүрүктү кармаган. Мунун негизинде Тенгиз Бөлтүрүк менен Рыспек Токтогулов ээлеген кызматынан бошотулган. Башкы прокуратура деталдуу текшерүүнү баштаганы маалым болду. Анын жыйынтыгында үч кылмыш иши козголуп, мамлекетке алдын ала 1 миллиард сом зыян келтирилген. Натыйжада Кумтөрдүн мурдагы тышкы менеджери кармалып, 2022-жылдын 10-ноябрына чейин УКМКнын СИЗОсуна камалган. Тенгиз Бөлтүрүк өзү күнөөсүн мойнуна албайт. Ал бардык айыптар жалган экенин билдирди. Анын жактоочусу айыпталуучу тергөө менен кызматташууга даяр экенин айтууда.
Балким имараттын кусуру уруп кеткендир. Жакында эле «Кумтөр» көп жылдардан бери орун-очок алып калган «Учкундан» көчүп, жаңы имраттты ээлеп калган. Көп өтпөй Бөлтүрүктүн «Кумтөрдөн» кеткени белгилүү болгон, бирок бийликке бекем мыкчып жармашып алган Бөлтүрүк «Улуу көчмөндөр мурасы» Улуттук холдингинин жетекчиси бойдон кала берди. Ага батынып ким «найза саймак» эле керек болсо «илибойуна» муштумун түйүп койчудай. «Кимдин, кимдин заманы, түлкү, бөрү, Бөлтүрүктөрдүн заманы» болбодубу.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg