www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эрдоганды сүйбөй тургандын бири экспрезидент Атамбаев, ал эми аны колдогондордун бири Бекболот Талгарбеков. Атамбаев президент болуп турганда Эрдоган менен эрегишип Түркия менен ал-ахыбал оор болуп калган.Эрдоган Нобель сыйлыгын алса, мусулмандардын саны он төрт болот. Нобель сыйлыгы эл аралык эң жогорку сыйлык. Жыл сайын эң мыкты илимий иликтөөлөргө, революциялык жаңылык бере турган ачылыштарга жана коомго жана адабиятка сиңирген эмгектери үчүн берилет. 1901-жылы уюштурулган Нобель сыйлыгына миңге жетпеген адам гана лауреат болгон. Эрдогандын сыйлыкка жетишин тилегендер бар.

-- Бекболот байке, сиз менен экономика жана ички саясат боюнча маек куруп жүрөбүз. Туура көрсөңүз, тышкы саясатты да карап көрөлү...

-- Макул. Эгемен өлкөбүз тышкы саясатта төрт этапты башынан өткөрдү. Биринчиси 1991-2005-жылдары (Акаев), экинчиси 2005-10- жылдары (Бакиев), үчүнчүсү 2010-20-жылдары (Атамбаев, Жээнбеков) жана төртүнчүсү 2020-23-жылдар (Жапаров).

-- Анда өзүңүз күбө болгон алгачкы этаптан баштасак...

-- Эгемендикке жаңы жеткен өлкөгө өз алдынча тышкы саясат жүргүзүү, албетте, оор болгон. Бирок ал убакта туура саясат тандалганын мезгил өзү тастыктады. Кыргызстан чакан өлкө экенин так билип, тышкы саясатта таасирдүү ири мамлекеттер менен ийкемдүү мамиле түзө алган. Ошол оор жылдары бизге Түркия, Япония, Германия, АКШ, Кытай өлкөлөрүнүн жардамы зор болгонун унутпашыбыз керек. Ошондой эле Россия жана Борбор Азия өлкөлөрү менен да мурдатан келаткан жакшы мамиле сакталып турду. “Ташкент келишими” деп аталган, 2002-жылы түзүлгөн, курамына Россия, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Армения кирген Жамааттык Коопсуздүк Кызматташтык уюму тынчтыктын гаранты болуп келатат.

-- Экинчи этапка көз чаптыралы...

-- Ал этапта, тилекке каршы, Кыргызстандын тышкы саясатында АКШ жана Батыш Европа өлкөлөрүнө артыкчылык берүү орун алган. Эске салсак, орус президенти Путин 2009-жылы Москвадагы жолугушууда биздин өкмөт башчыбыз Данияр Үсөновду “Россияга каршы саясат жүргүзүп жатасыңар” деп көз көрүнө күнөөлөп, жемелеген. Үсөнов каршы жүйө айта алган эмес. Соңунда, 2010- жылы 7-апрелдеги төңкөрүшкө “орустар колкабыш кылышкан” деген версия чындыкка бир топ жакын.

-- Үчүнчү этап...

-- Кыязы, Кремлге карыздар болуп калган Убактылуу өкмөт берки жээкке өткөн. Ал этапта АКШнын “Ганси” аскер базасы жабылды. Биздин өлкө да Евразия экономикалык уюмуна мүчө болду. Россияга газ тармагыбызды толук өткөрүп бердик. Президент Алмазбек Атамбаев Путиндин таламын талашып түрк президенти Эрдоган менен, Сооронбай Жээнбековдун таламын талашып казак президенти Назарбаев менен чатакташып, ал Кыргызстандын Түркия, Казакстан менен болгон мамилесинин бузулушуна жана биздин экономикага чоң сокку урулушуна алып келди. Демек, Кыргызстандын тышкы саясаты экинчи жана үчүнчү этаптарда бир жактуулукка басым жасап, ал экинчи тараптардын нааразычылык, жек көрүүчүлүк мамилелерин жаратып келгени да айныксыз факт.

-- Соңку этапка өтөлү. Учурдагы бийликтин тышкы саясатын кандай баалайбыз?

-- Президент Садыр Жапаров өткөндөн сабак алып, бир жактуу позицияга өтпөдү. Соңку эки жылда баскынчы тажик бийлигинен тышкары бир да өлкө менен мамиле бузулбады. Евразия уюмуна кирген өлкөлөр, ошондой эле Кытай, Түркия, Өзбекстан менен стратегиялык өнөктөштүк уланып жатат. Азыркы бийликтин АКШ, Батыш Европа өлкөлөрү менен да жылуу мамиледе болууга аракет жасап келатканы да кубаттоого татыйт.

-- Орусия–Украина согуш жаңжалы ар бир өлкөнүн (арасында биздин да) позициясын так билдирүүгө аргасыз кылды го?

-- Туура айтасыз. Өткөн бир жыл тастыктагандай, кыргыз бийлиги бейтарап позицияны ээлей турганын расмий жарыялаганы туура чечим болгон. Бул чечимге, мисалы, Россия нааразы болбоду. Путин прогрессивдүү лидер, "кто не с нами, тот против нас" деген принципти карманбайт. Ал үчүн башкысы кыргыз бийлиги Россияга далысын салып, каршы жээкке бир жактуу өтүп кетпеши гана маанилүү. Бирок, орус–украин жаңжалында туура аныктаган тышкы саясатын өлкө ичинде да жүргүзүүдө кыргыз бийлиги чабалдыгын көрсөтүп келатканы жан кейитет. Бир жылдан бери маалымат талаасында "ички согуш" тынымсыз жүрүүдө. Ашкере орусчулдар АКШ жана Батыш өлкөлөрүн "баскынчылар" деп күнөөлөшөт. Ашкере батышчылдар Россияны жектешип, президентин "Путлер" деп мазактап келишүүдө. Бийликтин реакциясы болсо нөл...

-- Кандай реакция болушу керек эле?

-- Ар бир өлкөнүн бийлиги тышкы согуш жаңжалда расмий аныктаган позициясын өзүнүн жарандары дагы кынтыксыз кармашын талап кылышы зарыл. Кыргыз бийлиги да атайын мыйзам кабыл алып, тышкы согуш боюнча жарандарга карама-каршы позицияны ээлөөгө, аны жарыялоого тыюу салып, пикир айтуу укугун парламенттин депутаттарына гана берүүсү керек болчу. Бийликке эки ооз сөз сын айтып койгондордун артынан түшүп, аларды камай бергендин ордуна тышкы согуш отуна май чачып жаткандарды жоопко тартып, беш-он жылга соттоп, ички ынтымакты бекемдеш керек. Ошондой эле орус–украин жаңжалы токтоп, ал жакта тынчтык орношуна кыргыз бийлиги да аздыр-көптүр салымын кошсо жакшы болот эле.

-- Кантип?

-- Ал согуш жаңжалы карама-каршы эки лагерди жаратып койду. Бир тарабында Россия жана Беларусь, экинчи тарабында АКШ жана Батыш Европа өлкөлөрү. Калган өлкөлөр көз салып турушат. Жалгыз Түркия гана ортомчулук иш аракеттерди көрүп, ал жаңжалды токтотууга далбас урууда. Бул иште Эрдогандын эмгеги зор. Мисалы, анын кийлигишүүсү менен “эгин келишими” долбоору ишке кирип, Украина өндүргөн эгин Африка өлкөлөрүнө ташылууда. Түрк лидеринин эмгектери татыктуу бааланып, тынчтыкты орнотууга кошкон салымы үчүн ага ушул жылы Нобель сыйлыгы ыйгарылса калыстык болор эле. Демек, кыргыз бийлиги “биз бейтарап турабыз” деп отура бербей, Эрдогандын демилгелерине колкабыш кылганы оң.

-- Тышкы саясатты жакшыртуу боюнча кандай сунуш бере аласыз?

-- Учурда башка өлкөлөр менен дипломатиялык жылуу мамиледе болсок да өзүбүздүн экономикалык кызыкчылыкты турмушка ашырууда чабалдык кылуудабыз. Соңку 10-15 жылда Кыргызстандын ички рыногун Кытай, Россия, Беларусь, Өзбекстан өлкөлөрүнүн товарлары каптап кетти. Биз импорту 80 пайыз, ал эми экспорту 20 пайызды түзгөн экономикасы алсыз мамлекетке айланып калдык. Бул кейиштүү жагдай менен “салыкты көбөйтөбүз, анан айлык акыны жогорулатабыз” дегенден башканы билбеген азыркы өкмөттүн иши жоктой. Президент ушул абалга сын көз менен карап, күчтүү тышкы экономикалык саясатка өзгөчө көңүл бурса жакшы болмок. Эске салсак, эгемендиктин алгачкы жылында экономика катастрофа абалында болчу. Экспорт 5 пайызды, ал эми импорт 95 пайызды түзгөн. Андан соң алгач ирет экспорт-импорт катнашы 2004-жылы теңме-тең абалга жеткен. Эгер Садыр Жапаров мөөнөтүнүн соңунда Кыргызстандын экспортун 80 пайызга көтөрүп, ал эми импортун 20 пайызга түшүрсө, анда ал кыргыз эли, өлкөсү үчүн тарыхый иш жасайт эле.

Ошолордун ичинде төмөнкү мусулмандар бар:

Надя Мурад

Сексуалдык зордуктоого каршы чыккан Мурад муратына жетип Нобель сыйлыгына ээ болду, деги канча мусулман Нобель сыйлыгын алган? Надя Мурад- 2014-жылы «ИГИЛдин» колуна туткунга түшүп, бир нече ай сексуалдык кулчулукта жашап качып чыккан. Андан соң Мурад Иракта укук коргоочу катары согушкердин аялдарга жасаган кылмыштарынын берин ачып жүрөт.  Нобель сыйлыгы эл аралык эң жогорку сыйлык. Жыл сайын эң мыкты илимий иликтөөлөргө, революциялык жаңылык бере турган ачылыштарга жана коомго жана адабиятка сиңирген эмгектери үчүн берилет. 1901-жылы уюштурулган Нобель сыйлыгына миңге жетпеген адам гана лауреат болгон. Ошолордун ичинде Мурадды кошкондо 13 мусулман бар.

Орхан Памук

Түрк жазуучусу жана сценаристи. 2006 жылы адабият боюнча Нобель сыйлыгына ээ болуп, дүйнөгө даңкталган. Анын чыгармалары 60 тилге которулуп, 11 миллион нуска менен чыккан. Өкүнүчтүүсү, 178 тилге чыгармалары которулуп, чыккан нускасы боюнча дүйнөдө биринчиликти алып Гиннес китебине жазылган Чыңгыз Айтматов Нобель сыйлыгына жетпей кеткен.

Ясир Арафат

Палестинаны боштондукка чыгаруу уюмунун төрагасы, ал палестина эли менен бирге күрөшүүнүн идеясын сыймык менен эл аралык аренада алып чыкканда. Анын дагы бир эмгеги Нобель комитетинин пикири боюнча Жакынкы Чыгышта тынчтыкты сактоо үчүн зор эмгек сиңирген. 1994-жылы Нобель сыйлыгын алган.

Мухаммад Юнус
Бангладештик экономист, банкир жана коомдук ишмер. Ал түзгөн Garmeen Bank микрокаржылык уюму аз камсыздандырылган үй-бүлөлөргө  күрөөсү жок микро насыяларды берүү иштери менен алектенет. Жакырчылыкты жоюуга кошкон эмгеги үчүн Нобель сыйлыгын алган.
Мохаммад Абдус Салам

Пакистандык физик-теоретик. Теоретикалык жана практикалык физикада бир топ чоң ачылыштарды жасаган.Табият таануу илимдери боюнча Нобель сыйлыгына жетишкен биринчи мусулман. Ли Глэшоу (Lee Glashow) жана Стивеном Вайнбергом (Steven Weinberg) менен биргеликте алган.

Анвар аc-Садат

Мисирдин  1970 - 1981 жылдары президенти болгон. Мисирди 11 жыл башкарып өлкөнүн экономикалык жана саясий жактан алга кетүүсүнө чоң салымын кошкон. Мисир президенти  Израил менен тынчтык келишимине кол койгон соң Нобель сыйлыгын алган.

 Ширин Эбади

Ирандан чыккан адвокат, укук коргоочу жана мурунку судья. Анын башкы иш аракети аялдардын жана балдардын укугун коргоо болгон. Демократияга жана адамдардын укугун коргоого кошкон салымы үчүн 2003-жылы Нобель сыйлыгына татыктуу болгон.

 Мохаммед эль-Барадеи

Мисирлик юрист, дипломат, 1997-2009 жылдары Атом энергетикасы боюнча эл аралык агентчиликтин (МАГАТЭ)  Башкы директору болуп турган. Ядролук энергетиканы согуштук максаттарда пайдаланууга каршы күрөшкөнү үчүн жана аны тынчтык максаттарда гана колдонулушун камсыз кылганы үчүн 2005-жылы Нобель сыйлыгына лауреат болгон.

 Малала Юсуфзай
Пакистандагы аялдардын укугу боюнча талбас күрөшүүчү. Талибдердин кол салуусу учурунда оор жаракат алган.Аялдардын билим алууга укуктуулугун үгүттөп келет. Нобель сыйлыгы уюшулгандан бери эң жаш лауреат болгон.
Тавакуль Карман

Йемендик журналист, укук коргоочу, саясатчы. 2005 жылы « Максаты жок аялдар журналистикасы» уюмунун уюштуруучуларынын бири, 2011 жылы Йеменде болгон көтөрүлүш учурунда эл аралык аренада белгилүү инсанга айланган. Йеменде аны «революциянын энеси», «темир аял» дешет, Нобель сыйлыгын алган биринчи араб аял.

 Ахмед Зевейл

 1999 жылы химия боюнча Нобель сыйлыгынын ээси болгон. Нобель сыйлыгын алган биринчи мусулман химик жана биринчи араб окумуштуу.  «Фемтохимиянын» атасы деген ат менен белгилүү..

 Азиз Санжар

Химия боюнча  «ДНКны калыбына келтирүү механизмдерин иликтегендиги» боюнча 2015-жылы Нобель сыйлыгына лауреат болгон түрк окумуштуусу.

 Нагиб Махфуз

1988-жылы араб аңгемелериндеги акыйкаттуулуктун жана көркөмдүүлүктүн  адамзатка тийгизген таасирлери үчүн адабият боюнча Нобель сыйлыгын алган.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg      

 

 

 

 

Последние новости