www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Биздин заманды парадокстар көп, бир күнү камаласың, эртеси чоң кызматка тандаласың. Ажайып собол. Жообу да ажайып. Анткени, Бакыт өткөн жылы бийликти басып алууга айыпталып, камалган. Бирок көп өтпөй басып алуучулук белгилери байкалбады деген себеп менен бошотулуп, эркиндикке чыккан. Бирок акталган да эмес. Ошол кылмыш иши убактылуу токтоп турса керек эле биз билгенден. Анан ал кантип Ош шаарына мэр болуп келип калды дейсиңер да, бул жерде Акылбек Жапаровдун тоодой эмгеги бар. Анткени, 2010-жылы Бакыт Жетигенов менен Акылбек Жапаров “Ар-намыс” партиясынын катарында турушуп, чогуу депутат болушкан партиялаштар, санаалаштар, дааналаштар. Демек, жеке мамилеси, байланышы күч. Жөн эле чай ичишип турушпайт.
Экинчиден, Чүйдүн кулуну. Чүйлүк Канат Исаев камакта жатканда ушул убактылуу "төңкөрүшчүнү" кызматка койуп, кандайдыр бир тең салмактуулукту сактайлы деген го А.Жапаров С.Жапаровго. Канат Исаев акактап жүрүп камактан бошотулган. Канат Исаевге бир аз токтоло кетели. Убакыттын өтүшү бийликке каршы иштеп, рейтингин түшүрүүгө багытталат эмеспи. Бул мыйзам ченемдүүлүк. Учурда өкмөттө, аткаруу кызматында абройлуу, ишенимдүү жетекчилер өтө сейрек. Коомчулук дээрлик тажап калган. Министр, губернаторлорду карагыла, көпчүлүгү белгисиз. Артынан даңкан ыргый турган фигуралар эмес. Мындай шартта айрым кеңешчи, билермандар акыл калчашып, бийликтин пайдубалын бекемдөө үчүн оппозиция лидерлери менен тиреше бербей, алардын белдүүлөрүн тартып, кызматташуунун “кулагын” чыгара башташыптыр. Соңку убактагы өкмөттүн эки анжы абалын байкап атабыз. Өргө тарта алчудай эмес... А баса, Чүй облусунда бийликти колдогондордун катмары да кыйла жукарып, үлп эткен желге термелип турабы? Ар кандай образдуу божомолдор удургуп турган чагы. Мындай илең-салаң кырдаалда экс-спикер Канатбек Исаев менен сүйлөшүү жүргүзүү, мамлекеттин туруктуулугу, өнүгүшү үчүн кызматташуу сунушу айтылабы? Азырынча бул боюнча Акүйдөгү айрым билермандар акыл калчашканы каңкууланды. Саясатчы Канатбек Исаевге жогорку даражалуу кызмат сунушталса барабы? Чуркап барса керек.
Албетте, президент, а турсун башка төбөлдөр деле Жетигеновду да, Исаевди да жактырбай турушат дечи. Жетигенов Акылбек Жапаровдун тилине кирип, 2-3 айга сынакка алдык, кыл көпүрөдөн өтпөй калса, өзүнүн шору дешти сыягы. Бирок, эмне үчүн саясий жүрүштөр үчүн республикадагы экинчи ири шаар тандалып алынды? Же Ош шаары сынак майданына айланганбы? Жетигенов мурда-кийин жооптуу кызматтарды аркалабаса, анан ири шаарды жетектеп кетет деп кимиси кепилдик берди экен? Акылбек Жапаровбу? Бийликтин талуу жери эле—кадр саясатындагы “мастыгы”. Эч соолугушпады, соолугайын десе эле башты жазышат да, кайра эле "мас" болушуп, ошол чалгыны басып алышат. Мына, кезектеги "шайтан ойуну".
Ким билсин, Балыкчылык, жүрөгүндө жалы бар аял: “Бүгүнкү Оштун мэри Алмазды мен кубалагам элем Балыкчыдан, анан президент адашкансып Ошко мэр кылып жиберип койуптур. Кайдагы мэр? Ал күндө эле Балыкчыда тойдо сайрандап жүрбөйбү!”... деп курултайдын минбарынан жалындуу кылып айтпаганда, Алмаз мэрликтен кетпейт болчу. Президент уялганынан жумушунан алды сыягы. Эң кызыгы, сөз 26-ноябрда айтылса, арадан күн өтпөй мэр жумушунан алынып, ошо саам башкасы дайындалып, арбаңыздар!, деп кирип келди. Мындай тездик менен "аш-пушта" болуп өткөн “Ы” операциясына оштуктар алигиче таң калышып, кээ бирлери жакасын карманышып, кээ бирлеринин оозу кудум ошол Ошту карап калган.
Эки тебетейлүү, эки тондуу эски мэр кетип кетпей, артынан мактап, одаларды жазып ийгендер да болду. Ал эми жаңы мэрге эч ким тебетей кийгизбегени, чапан жаппаганы гана кызык болду.Балким, уялышып, жашынып алышып кийгизишкендир, «оштук жүжүрлөр» антпесе муунуп эле алышат. Эми болоор иш болуп, бойоосу канды. Ош шаарынын мэрлик кызматынын деңгээлин Мелис Мырзакматов өтө эле көтөрүп, аны Таалайбек Сарыбашов булгап койгон. Боло берет деген ойун өтпөйт бу шаарда, балким “Ошский вариант” дегени бар, эптеп чыгып кетет ийри-буйру жолдон. Балким жанагы вице-мэр маяк болуп берет дегенге ишенип жатышат сыягы. А көрө, ушул азыртадан кара кылды как жарып, катаны мойунга алуу керек. Эми бир аз болсо да оштуктарды сыйлагыла да, бийлигим! Кылыбыз кыйшайбайт деп эле өзүңөр билип, өтүктү төргө иле берсеңер, күн батыштан чыгып кетмек беле?
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg