www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
7-апрель 2010-жыл тууралуу жүрөк ооруганга чейин эстесе болот. Ал кезди өлкөдө Бакиев бийлигинен ажыраганынан улам эмес, шаардын ортосундагы дал ошол киши өлтүрүүлөр болгону үчүн эстесе болот. Кудай өзү буга күбө болуп турат, бул мыкаачылыкты Бакиев жана анын командасы уюштурган эмес. Өлкө президенти өлкөдө болуп жаткан бардык нерселер үчүн жооп бериши керек. Ошол күнү шаарда жүзгө жакын жаш жигиттер курман болушту, миңге жакын адамдар ок атуулардан жаракаттар ды алышты. Бакиев өз командасы менен мындай кагылышууну жасоо үчүн эч нерсе кылбаганын эл түшүнөт. Бирок анын мамлекет башчысы катары ошол трагедиялуу күнү болгон бардык нерселер үчүн өз жоопкерчилиги бар.
Бишкекте 7-апрелде ар кандай себептерден улам курман болгондор тууралуу бир аз сөз кылсак. Убактылуу өкмөт ошол жаштардын курман болгону үчүн ошол күнү Өкмөт Үйүндө олтурган өлкөнүн президенти катары Бакиевди айыптоого аракет кылышты. Бирок, тарых эртедир-кечтир баары бир бул биздин тарыхтагы трагедиялуу эпизод боюнча чекит коюп, ошол тышкыбы, же ичкиби кара күчтөрдү жамынган саясатчы сөрөйлөрдү жана кылмышкерлерди ачыкка алып чыкты. Алар, бийликти коргогон укук коргоо органдарынын кызматкерлери менен демонстранттарды чагыштырып, ортосунда от койгон соң, Кыргызстанда криминалдык төңкөрүштү уюштурушкан өздөрүнүн колдоочулары тарабынан «зомбиленген» топтун таасири астында калган элди ошол тири укмуштай коркунучтуу кырдаалга алып келип, таштап салышты. Ошол күнү Бишкектин чок ортосунда митингге чыккандардын баары эле жашоодон өз ордун таппай калышкан бактысыз маргиналдар, криминалитеттин өкүлдөрү, эс-учтарын билбей калышканча чегип, ичип алышкан наркомандар, ичкич бандиттер болушкан эмес. Өлкөдөгү бийликти алмаштыруу боюнча атайын операция кандай сценарийлер боюнча өткөрүлөрү тууралуу Бакиевде жетишерлик толук маалыматтар бар эле. Инспираторлор - чагымчыл күчтөр катары элдин арасына профессионалдар ташталат, жаштардын белгилүү бир бөлүгүн зомбилештирүү болот, атайын психотроптук каражаттар адам организмине жана ан-сезимине оңолгус болгудай терс таасир этет. Мындай операциялар эреже катары адамдардын коптогон курмандыктарына алып келет, муну ошол күнү Бишкектин ортосунда каран түн түшүргөн күнү көрдүк.
Чынын айтканда, оппозиция лидерлери эптеп бийликке жетиш үчүн ушундай кадамдарга барышкан. Ошол трагедиядан бери ушунча жыл өткен соң, алардын өз максаттарына жетүү үчүн бул жолго барып, кылмыштуу ыкманы алдын ала пландап, тандап алып, массалык курмандыктарды билип туруп жасашканы ачык эле билинип калды. Апрель окуясынан кийин дароо эле, абдан көп адамдар курман болушуп, жаракат алышканына карабастан, Убактылуу Өкмөттүн лидерлери ошол эле мыйзамсыз жана кылмыштуу ыкмаларды, шантаж, дезинформация, коомдун ан-ңезимине көз боěмочулук кылып, криминалдык авторитеттерди жана лидерлерди колдонуу жолу менен түштүк регионунун калкын даярдоого киришишти.
7-апрель окуялары боюнча сот акыйкат жана мыйзамдуу чечим кабыл алган жок. Ал эми андай чечим курман болгондордун туугандарына жана айыпталып жаткандарга жана да өлкөнүн бардык жарандарына керек, себеби, бул абдан маанилүү. 2010-жылдагы окуя боюнча журналисттер өз иликтөөсүн жүргүзүп, олуттуу китепти даярдашкан, анда апрель окуясынын, өлкөнүн түштүгүндөгү этникалар аралык кагылышуунун сыры ачылган. Окуянын ар бир мүнөтүнө чейин чагылдырган материалдар жазылган. докумен. Соттук медэкспертизанын жана баллистикалык экспертизанын маалыматтары дыкаттык менен тандалып алынган.
7-апрелде «Ак Үйдө» Кыргызстандын бардык укук коргоо органдарынын өтө көп сандагы аскерлери жүрүшкөн: ИИМ, Коргонуу министрлиги, УКМК, Мамкүзөт кызматы. Ар бир курал сөзсүз түрдө баллистикалык экспертизадан өткөрүлгөн. Анын жыйынтыгы соттун эс-учун жыйдырып, тергөөгө жаны суроолорду берүүгө мажбур кылышы керек болчу. Эгерде ошол «апрель революциясынын баатырлары» деген атка конушкан, курман болушкандардын ичинен бирѳѳ дагы Ак Үйдү коргошкон аскер кызматчыларынын куралынан өлсө, анда аларды кимдер аткан жана революционерлердин өлүмүнө кимдер күнөөлүү, ошол кезде бардык күч түзүмдөрүнүн Убактылуу Өкмөттөгү кураторлору болгондор айткан колго түшкен ондогон снайперлер кайда кетишкен? «Кара снайперлер» деп айткан Өмүрбек Текебаев айткандар кайда? Снайперлердин кармалгандыгы жөнүндө убактылуу өкмөт башчысы Атамбаев айткан снайперлер кайда? Элдер аянтта кандай куралдардан жана кимдер тарабынан өлтүрүлдү? Бул суроолорго дал ушул суроолор сыяктуу эле түз жана так жооптор берилиши керек, муну мүмкүн болушунча, ошол окуя жөнүндөгүлөр менен толукталып, мифке айланып кеткен.
Дагы бир жолу 7-апрелдеги трагедиялуу окуяларга кайрылып, айтса болот, эгерде Бакиев өз эли жөнүндѳ ойлонбосо, бийлигин сактап кала алмак. Түштүктө олтура бермек, анын тегерегинде ансыз деле көп сандагы элдер чогулуп калышкан эле, алар Бакиев үчүн катуу турушуп: “Биз сизди бербейбиз, сатпайбыз, сизди коргойбуз» деп айтып жатышкан. Бул абдан олуттуу конфликтке алып келиши мүмкүн эле. Ошол кезде Бакиев Владимир Путин менен телефондон сүйлөшкөн. Ал Бакиевке ачык эле мындай деген: «Курманбек Салиевич, Өкмөт Үйүнүн жанында болгон окуя үчүн сизди эч ким айыптабайт, ал эми эгерде «Түндүк-Түштүк» регионалдык конфликти чыгып кете турган болсо, баарын сизге үйүп коюшат. Мен сизге өлкөдөн чыгып кетүүнү сунуш кыламын». Ал Бакиевке сөзмө-сөз дал ушундай деген. Чынында эле, эгерде Бакиев андан ары да түштүктө кала берсе, ал жакта элементардык бир провокацияны уюштуруп кое алышмак, ал кезде Бакиевди көп миңдеген аскер топтоп алып, Бишкекке жүрүш баштайт экен деп сөз чыгара башташкан. Ар кандай ушак-айындар айтылып жатты. Эң эле жөнөкөйү, алар мындай кыла алышмак: Бакиевдин атынан жасалып жатат деп турушуп, Бишкекке 10-15 куралдуу адамдарды жөнөтүшүп, ал жакта ок атышуу болуп, отуз-кырк адам өлтүрүлмөк, а андан соң: бизди Бакиев өзү жөнөткөн деп айтып чыгышмак. Бул сценарийди ар бир каалаган адам жасай алмак. Путин менен болгон ушул сүйлөшүүдөн кийин гана Бакиев эки кичинекей баласы жана аялы менен кошо өлкөнү таштап чыгып кетүүнү чечишкен. Курманбек Бакиевдин экинчи жубайы Назгүл Төлөмүшова Беларуста каза болуп, сөөгү 2023 жылы 17-январда учак менен Кыргызстанга жеткирилди. Аны акыркы сапарга узатуу зыйнаты 18-январда болуп, сөөгү өзү туулуп-өскөн Тогуз-Торо районунда жерге берилди. 47 жаштагы Төлөмүшова Минск шаарында оорудан улам каза болгон. Аны тажыясына жубайы Курманбек Бакиев катышкан жок.
Александр Лукашенко ошол оор кырдаалда жана кыйын мезгилде Бакиев үчүн достук жардам берип колун созду. Эч кандай бийлик ал үчүн адамдардын канын төгүүгө арзыбайт. Бакиевди оппозиция лидерлери бийликтен мыйзамсыз алып түшүшкөн. Алар өз максаттарына жетүү үчүн Кыргызстандын көп жарандарынын канын төгүүгө барыштан да кайтышкан жок. Убактылуучулардын атынан айтылган сөздөрдүн ичинен 2010-жылдын 7-апрелинде борбордук аянтта кан төгүлгөндүгү үчүн Бакиевди айыпташкандары болуп эсептелет.
1990-жылы Абсамат Масалиевди кызматынан мыйзамсыз жол менен кетирүү үчүн оппозиция жана көчө адамдары аны бардык ал жасабаган күнөөлөр үчүн айыптап чыгышкан. Аны трайбалист деп аташкан, ал эч качан андай адам болбосо да, аны Кыргызстандын түштүгүндө улуттар аралык конфликтти от алдырган деп айыпташкан, а бул толугу менен тантырагандык болчу. 2010-жылы жайында өлкөнүн түштүгүндө болгон кагылышууда Бакиевдердин үйлөрү биринчи болуп жабыркаса да, ал өрттү Бакиев чыгарган имиш. Деги Бакиевди эмне деп гана айыпташкан жок! Эми болсо Масалиевдин эч кандай күнөөсү жок экендигин, ал абдан абийирдүү саясатчы болгондугун, аны эптеп бийликке жетүү үчүн баарына барууга даяр турушкан трайбалисттер жана интриган саясатчылар жаманатты кылышканын баары билишет. Бакиевдин өз элиминин алдында абийири таза, эгерде Бакиев күнөөлүү болсо, анда бир гана нерсе үчүн - убактылуулардын бийликке жетүүсүнө мүмкүндүк бергендиги үчүн гана күнөөлүү. Себеби, Бакиевде аларды жоопкерчиликке тартуу үчүн көп ыкмалар бар болчу, айрыкча Бакиев башкарып турган алгачкы эки-үч жыл ичинде өлкөдө митинг, пикеттер басылбай, провокациялар жана бийликке төңкөрүш жасоо аракеттери болуп турган кезде. Бирок, Бакиев дайыма жашоону урматтап, эптеп өз бийлигин сактап калуу үчүн жок дегенде бир кишини да курмандыкка чалууга барган киши эмес.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg