www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ: Ак падышанын “приставы” Чоңгол

Карачунак куудул Дыйкан болуштукунда мейман болгон. Жай берекети асман –жерге төгүлгөн маал. Дыйкан болуштун айылы Соң-Көл жайлоосунда. Ак өргөөнүн эшиги түрүлүп турат. Үй ичинде Дыйкан болуш жана дагы он чакты киши бар. Алар улам кептин учугун улашып, сөз кудуретине сыйынып отурушту. Бир маалда эшиктен ит үрдү. Ат туягынын дабышы чыкты. Карачунак куудул ак өргөөнүн түрүлүү эшигине жакындап, багалчагыраак ак боз атынан түшпөй, кушбаш эрдин кашына камчысын бүктөй кармап, коңгуроодой үнү менен салам айтты. Теребел жакшы сөз жыттанды.

-Карачунакты аттан түшүргүлө! -деди Дыйкан болуш саал кыңылдабыраак сүйлөп.

Эки жигит үйдөн чуркап чыгып, Карачунак куудулдун атын алышты. Бул күнү Карачунак куудулдун кадырына арналып тай союлду. Сөзгө балбан Карачунак куудул келгени Дыйкан болуш анын сөзүнө эргип, түн бир оокумга чейин чер жазышып, кептин жаагын айрышты. Улуу сөз шоокуму төгөрөктү жаркыратты. Кадырман Карачунак куудул урмат –сыйга оронуп, сөз гүлдөрүн чубатты.

Жайдын күнү. Күн узун, эл орозо кармап, курсак ачка. “Кочкорго Чоңгол пристав келип топ кылып жатат. Пристав эмне дээр экен?” –деп эл кулагын түрүп турган убагы.

Эл жайлоодо Көл-Үкөктүн төрүндө отурган кези. Түштөн кийин ачка адамдар жакадан  ким келээр экен, эмне кабар угулаар экен дешип турушса, Көл-Үкөктү көздөй жакадан бир караан келатат.

-Бул ким болду экен, сөз билген киши болгой эле.- деп топтошуп карап турушат. Жакын келгенде карашса Карачунак экен.

-Бул билет, эмне сөз болгонун! –дешип күтүп турган элге Карачунак келип салам берет. Көпчүлүк алик алып:

“Карачунак, жанагы Чоңгол деген пристав Кочкорго келип жыйналыш өткөрүп  жатат дейт, эмне боюнча жыйын өткөзүп жатыптыр” –дешет.

Карачунактын Чоңгол пристав тууралуу кабары деле жок экен. Өзү курсагы ачып араң келаткан, жарданган элге карап:

  • Ак падыша буйругу менен жайдын узактыгын билип быйылкы орозону  кышкыга калтырды. Быйылкы кышта жут болуп, мал арык, эл ушинтип сураныптыр. Чоңгол пристав ушуну элге жеткирип койойун деп келиптир. Келе тамагыңар болсо жайнаткыла. –дептир.

Ачкалыктан өзөрүп араң турган эл Карачунактын айткан сөздөрүнө ишенишип:

-Пайгамбар кудаа эмес, кудадан жудаа эмес. Жүргүлө! –деп бир үйгө барып, Карачунакты кымызга тойгузуп, өзүлөрү да ичип:

 -Абдан жакшы болду, элдин кыйналып жатканын билген падыша тура. –дешип ооздорун ачып жиберишет. Ошентип, Карачунак бир суудагы элдин аягынан кирип, башына чейин оозун ачтырып отурат.

Кечинде Карачунактын сырын жакшы билгендер кеч келип, оозумду ачайын десе, анда көпчүлүк:

-Падыша орозону кышка жылдырыптыр, муну пристав жыйында айтты деп Карачунак айтып келди. –дешет.

“Карачунак эси жок ошону кылмак” –деп Карачунактын тамашасын түшүнгөн киши күрсүнүп отуруп калат.

Ошентип, куудулдугуна таянып Карачунак бир суу элдин оозун ачырган экен.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg      

Последние новости