www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Акаевдин чачпагын жерге тийгизбей бийик көтөргөн Каныбек Иманалиев бүгүнкү күндө министрге жетти. Билген кишиге Акаевдин жыты жыттанып турат. Жакында экспрезиденттерди жолуктурганда Акаев чебелектеп жүрүп Каныбек Иманалиевди министр кылууга аракет жасаган. Ойлогон оюу ишке ашып мурунку Акаевдин пресс-катчысы  бүгүнкү министр болду.

Акаев ислам динине каршы еврейлерди кантип көтөрмөлөгөн? 1993-жылы Кыргызстан итке минген кедей болду, карапайым эл унга улпак кошуп жеп, эптеп күн көрүп калды. Бай, кедейге ажыроо башталды, көзү тойбос ач көздөр көбөйдү. Бул жыл Кыргызстан үчүн абдан аянычтуу болду. «Акаев Горбачевго вице-президент болгон жатат» -деп элди каратып калп айткан Эднан Карабаевди президенттик аппарат жетекчисинен бошотуп, ал тышкы иштерди тейлеп калган. 1993-жылы эгемендүү Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу тышкы саясат боюнча чоң чыр-чатак чыгат. 1993-жылдын башында  Аскар Акаев Израилге иш сапары менен барат. Мусулман мамлекеттеринин ичинде Египеттин президенти Анвар Садаттан кийинки эле Кудуска (Иерусалим) барган Акаев болгон. Иш сапары учурунда Кыргызстан менен Израилдин ортосунда көптөгөн достук, саясий, маданий, илимий, экономикалык келишимдерге кол коюлган.

Аскар Акаев орду толгус эки чоң ката жиберген: Биринчиси, Израил президентинин сый тамагы учурунда президент болуп турса да оозуна келген сөздү айта салам деп, ал кездеги Израилдин тышкы иштер министри Шимон Перестен катуу кагуу жеп, шагы сынган. Араб мамлекеттери, анын ичинде Палестина менен кырды бычак болуп турган кезде, ар кимге жагынгандан айланабы.

Экинчи чоң катачылыгы бүт маалымат майданы менен саясий истэблишменттин оозун ачырган. Акаев чын дилинен еврейлерге жагыныш үчүн Кыргызстан элдин бары жайгашкан Тел-Авивде эмес Кудуста (Иерусалим) элчиликти ачат деп жарыя кылган. 2017-жылы АКШ Кудуста (Иерусалим) элчилик ачам деп бүткүл дүйнөнүн жинине тийип, БУУда (ООН) мамлекеттин бары каршы чыгып, араң турган Израил араб мамилелери ырбап кетти. Ал эми 1993-жылы Акаев Кудуста (Иерусалим) элчилик ачам деп ажыдардын куйругун басып алган, араб мамлекеттеринин бары жүзүн Кыргызстандан тескери буруп кетишкен. Ал кездеги Жогорку Кеңеш Акаевди сөзүн кайра алууга мажбурлаган. Күтүлбөгөн жерден бул идеянын автору болуп тышкы иштер министри Эднан Карабаев болуп калат. Акаев өзү айтса да аны башка бирөөгө үйүп салган анын жаман адаты бар экени элге белгилүү болгон.

Ошол жылы Акаев тарабынан биринчи кытай кафеси ачылууга уруксат берет. Кытай тилинде жазылган бул кафенин аты кыргызча которулганда «Жетинчи колония» экен. Биз кытайдын  жетинчи колониясы бойдон жүрө бермек экенбиз, кокус кимдир бирөө которбосо, чыр-чатактан кийин кытайлыктар «Күмүш ай» деп которушкан.

Ушуга окшогон Акаевдин туура эмес тышкы саясаты араб мамлекеттерин Кыргызстандан оолактаткан.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg      

 

Последние новости