www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ: Акаевдин кадрлары бирин-бири жейби?

Акаевдин мыкты депутаты, ал кезде Акаев дегенде буту-бутуна тийбей жүгүрүп жүргөн Жапаров Минкаб болор менен Акаевге үрө баштаган. Бирок Акаевди эли-жерине келип кетүүгө бийлик жол ачкандан кийин үнү өчтү. Акаевге берилген ал кызматтан кетсе дагы дайыма аны колдоп жүргөн Талгарбеков деген Жапаровдун кочкорлук «землягы» бар. Жапаровдун мындай эки жүздүүлүгүн көп жактыра бербеген Талгарбековду тим койсо бутунан кармап силкип  ийе тургандай.Бул сүрөт тамаша болгону менен чындыкка жараша.

Азыр Жапаровдор эмне болбосун күнөөлүү башка адамдар болуп чыгат. Мындай икая чыгыптыр. Ак үйдүн алдында президент Жапаров менен минкаб Жапаровдун кызматтык машиналары кагылышып кетет экен. Окуя болор менен  учкан куштай жетип келген Ички иштер министри Улан Ниязбеков күнөөлүү деп табылыптыр. Негизи кимдир бирөө күнөөлүү болуш керек да.

2010-жылдын 6-апрелинде биринчи вице-премьер Акылбек Жапаров Таластын таш-талканын чыгарабыз деп жөнөп кетишет. Жетекчи кол алдындагыларга жооп берет, ал эми Жапаров жетекчи болуп барып Талас эли толкуп кеткенде кол алдындагыларды салып берип өзү жоолукту тескери салынып дыр койгон. Оңунан салганга көнбөсө не кылат.Ал эми Молдомуса Конгантиев акыр аягына чейин чыныгы генералдыкты сактап туруп берген. Ыйманы саламатта болсун!!

Эми да Жапаров Таласка бекер жеринен барган жок. «Кумтөрдү» кайсап бүттү, эми Атамбаевдин заманында Бабановдун жайытына айланган «Жер-Үйгө» көз арта баштады. Бабанов эмнени сүйсө баса калып жатат, анын «Фрунзе» дүкөндөр тармагына да кол салып жатат. 2010-жылы биринчи вице-премьер –министр кезинде эле ордун алган Бабановду  жайламак. Биринчиден, ал кездеги таластык премьер-министр Данияр Үсөновдон өтө алган жок. Экинчиден ал кездеги Ички Иштер министри Молдомуса Конгантиевди ээрчитип алып Таласка «порядок» орнотом деп барганы эмне менен бүткөнүн көпчүлүк билет. Билбегендерге Жапаров аялдын кийимин кийинип, жоолук салынып алып иниси менен Конгантиевди элге салып берип, өзү жашынып алып качкан. Таластыктар кокус Жапаровду кармасак эки кулагына тең “бирка” бастырмайын кетирбейбиз деп ызаланып жүрүшкөнү чындык.Эми Таласка барып жүрөт кулагына «бирка» бастырып келдиби же курсагына чучук батырып келдиби, ким билет. Таласты санариптештирем деп күпүлдөйт. Аймактын санариптик картасын түзөм дегени менен оюунун бары Жер-Үй болуп турду. Бишкекте былтыйып ичеги-карды чубалып жатат.

 «Даттангың келсе С. Жапаровко бар, мактангың келсе А.Жапаровко бар»-деген кеп бар. Ким тепкилесе жагынып жабышкан Жапаровго бары бир  деңизчи? Өткөндө Мишустинден кагуу жеген Жапаров майрам алдында  оозун жалаяктай кылып, Мишустинге жагынып майрамы менен куттуктады. Балким бул акыркы майрамында Мишустинге көрүнүп алайын дегениби?  Жапаров Ереванга барып «эрогендүү» кептерин жаадырып келген. Жапаров жарпы жазыла: «Биз «кедей» мамлекет синдромун жок кылабыз» -деп адатынча мактанып алды. Кантип жок кылат жолун айткан жок. Же эмне Жапаров үйүндө экзотикалык тамак ичсе эле Кыргызстан «кедей» мамлекет синдромунан чыгып калат бекен? Бул сөзү Орусия премьери Мишустинге жакпай калса керек. Булар сүрөткө түшөр алдында Мишустин маскаларды эл көзүнчө тагынып алууну сунуштады. Анын сөзүнө какылдаган Жапаров «Маска тагынууга милдеттүү эместигибиз айтылган» -деп мойнун кайырды эле, Мишустин «Көп сөз бок сөз, тагыныңыз» -деп ачуулуу көзү менен Жапаровду караганы, Жапаровдун «кедей» эмес өлкөнүн өкмөт башчысына карагандай  көз караш болгон жок. Өкмөт башчысынын да өзүнүн этикасы болот, же «кедей» синдромунда турган Кыргызстан Жапаровдун айынан Орусия менен кер-мур айтышып, каякты карап жалдырап калабыз?

Ыргыштап бараткан Жапаровдун кулагы жапырылып, эмнегедир бир нерсенин жытын искегенсип, кайсалаңдап турат. Акылбек Жапаров кемеге «катастрофа» болорун алдын-ала сезген келемишке окшоп чайналып тургандай. Трайбалист Жапаров 30 пайыз кыскартууларды жүргүзүүнү демилгелеп, буларга Бишкекте суутуп коюптурбу деп түштүктүн элине билгизбей кысым жасай баштаган.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 

 

Последние новости