www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эмнегедир Чынара эженин эскерүүлөрү эске түшөт. Анын эскерүүлөрү түз эле 60-жылдардын аяк жагына алып барат. Чынара да жана башкалар да биздин элесибизде жок. Бирок ал ошол мезгилди так, даана, таасын элестеген. Мындан тогуз жыл мурун Шербет Келдибекова дүйнө салганда Чынара эже аны эскерип жазыптыр. Менин чала-була эсимде Шербет эжекем менен бирге Чынара беле атын унутуп калдым, ал кездеги жаш кыз Кара-Суу орто мектебинде иштеп кеткен.

60-жылдардын аягында Кара-Сууда апийим айдоочу эле. Апийим бышып калган учур болсо керек үйдө Гүлнур, Венера калчубуз. Кичине чоңоюп калгандар мектепке окууга, ал эми андан чоңоюп калгандар апийимге кетишсе керек. Эптеп үйдө балдар эле калчубуз. Айыл ичи цыгандарга жана башкаларга толуп кетчү. Цыгань келатат деп татырактап качып, дарбаза, үйдүн эшиктерин бекитип коюп, көздөрдү алайтып коркуп отурган күндөр эсте калды. Апам үйдө кезинде талкандан каймакка көөлөп ар бирибиздин колубузга карматар эле. Апам жокто ач көздөнүп бир чара талканды сууга көөлөп же аны жей албай, эсте калды...

Чынара Бектурованын эскерүүлөрүнө кайрылсак атам эл сыйлаган кадыр-барктуу киши болчу дейт. Ал кезде элүү жашка да толо элек кези, он эки баласы бар экен. Бермет эжекем гана бүтүп, калган үчөө Акылбек байке, Шербет, Бурул эжекелер окуп жатыптыр. Бешөө Сиезбек, Замирбек, Дамирбек, Айнур, Айгүл мектептен окушчу экен. Ал эми үчөөбүз Гүлнур, мен, Венера мектеп жашына жете элек балдар экенбиз. Үйүнө барганда Чынара эженин айтуусунда сегиз бала жүрөт деп эч ким ойлочу эмес дейт. Ар ким ар кайсы жерде бирден китеп кармап отурчу, кичинекейлери (биз) бир бурчта өздөрүнчө тополоңдоп ойноп отурушчу. Эч кандай ызы-чуунун илеби сокпой, жакшылыктын аурасы төгүлүп турчу дейт. Калем саптын бир шилтеми менен ошол кездеги бир үй-бүлөнүн элеси көз алдыга элестейт.

Кыргыз: «Узак өмүр сүр» деп бата беришет,  Бирок, ошол  кезде тескери нонсенттер башталат. Карылыкты тилейбиз, карыгыбыз келбейт. Айрыкча кыздарды кантип карып баратат деп айтабыз, гүлдөй жайнап турушса. «Өлбөгөн адам алтын аяктан суу ичет» бул дагы кыргыздын айткан сөзү. «Алтын аяктан суу ичүү» Гүлнур үчүн төрөлгөндөн эле башталган. 1963-жылы онунчу адам катары башкарманын үйүндө төрөлгөн. Хрущевдин заманында ал төрөлөр менен СССР Жогорку Советинин президиумунун төрагасы Анастас Микоян энесине «Баатыр-эне» деген наамды ыйгарган.

Азыр 6-7 бала төрөсө эле «Баатыр-эне» болуп алышат. Апам андан кийин деле төрт балалуу болгон. «Алтын аяктан суу ичүү» Гүлнур үчүн жакшы коллектив менен окуп, ошолордун арасында  «мыкты» деген даражага жеткизген. Аны менен кошо Айнаш, Гүлнар, Гүлмира, Төлөбек,  Сатыбалды, Тенти, Жаныбек, Шайлоо сыяктуу учурунда мектепти гана гана эмес Кочкор өрөөнүн дүкүлдөтүп турган.

Эсенбай чоң атам учурунда балдары токтобой жүргөн Шапак ырчынын небереси Токтобекти ырымдап, алдынан өткөзүп батасын берсе, кийин анын уулу Искендерге Сүйүн чоң апам батасын берип, алдынан өткөзүп ырымдап, казандын көөсүн сыйпаган экен. Ырымдаган Искендерди терезеден чыгарып кеткен дешет. Манас айтканда аккан суу токтоп калган, улуу муундагы манасчылардын акыркысы Шапак манасчы өткөн кылымдын 50-жылдары дүйнөдөн өткөн. Биз көрүп калгандан Момуш ата өттү, жаңыдан эл оозуна алынып бараткан Замир өттү. Кербен менен бала кезден чоңоюп бир өстүк, кийин жезде болуп ары-бери бирге жүрүп калдык, ал өттү. Санжыра билгендердин «акыркы Могиканы» Токтобек байке жеңемди аркы дүйнөгө жетелеп кетти. Санжыраны абдан жакшы билчү эле.

Гүлнур

Күйүмдүү кыз Гүлнуру,

Гүлнур үйгө келгенде,

Тийип турат күн нуру.

Төрөлгөндө Гүлнура,

Хрущевден бата алган,

Апасы «Баатыр-Эне» аталган.

Архитектор Кербендер,

Ош базарда иштеген,

Улуу-кичүү урматтап,

Кыя өтпөй сиз деген.

Миллиондоп күндө акча алат,

Карасаң көзүң жалтанат,

Кассада дайым акчасы,

Кадырлуу сулуу Салтанат.

Рингге барып чокушкан,

Чемпион болгон бокстан.

Түз эле согот тумшукка,

Жолукса Намаз кокустан.

Кызы таттуу татыптыр,

Эржаны өзүн тартыптыр.

Намаздан өткөн Алмаз бар,

Мегаком кармап рэкет дейт,

Бокстун кийсе мээлейин,

Он киши чыкса алдынан,

Оңколотуп кетет дейт.

Бул ыр өзүнчө тарых 2010-жылы апам башталган ырды бүтүрүп гезитке чыгарып койчу деп берген. Мен бүтүрүп гезитке чыгаргам ким кайсы ырды жазганды билбейм, эптеп жоготпой сактап жүрөм.

1980-жылы Кара-Суу орто мектебинин 10-«А» классын аяктагандар:

Эсенбаева Гүлнура, Токтогонова Гүлнара, Абдрасулова Айнаш, Исмаилова Кундуз, Тѳрѳжанова, Султанбаева Жумагүл, Абдыгазиева Кымбат, Асанова Гүлмира, Буудайчиева, Кочкорбаев Тѳлѳбек, Искендеров Тенти, Абдыкадыров Жаныбек, Саралаев Сатыбалды, Асылбаев Жокин, Мадасымов Турдалы, Молдокматов Жыргал, Миңбаев Шайлоо, Агынов Таки, Кадыров Чолпонбай жана башкалар.

1980-жылы Кара-Суу орто мектебинин  10 «Б» классын аяктагандар: Махабат Абдилова, Фарида Абдыжапарова, Макелен Абдылдаева, Керимкулова, Байдалиева, Бейшенбекова, Кермакунова, Кербен Исмаилов, Сабырбек Султанов, Эркинбек Качкынбаев, Токен Токтобеков, Кубан (Пантер) Абдыгазиев, Окен Текшербеков, Баялы Турпаналиев, Туйту Шакиров, Жаныбек Бейшеналиев, Жаныбек Сагынбаев жана башкалар.

Директору: Эсенбаев Келдибек, завучтар: Токтогонов Нурдин, Керимкулов Карыпкул, парторг: Жапанов Асанбек, Класс жетекчи: Карабалаев Кермалы , Батталов Сапарбек , Мугалимдер: Турганбаева Нурила, Абдилова Салтанат,Талипказиева Бүбүш, Сагынбаев Асаналы,  Бейшеев Шамыркан, Абдилов Апас, Бердибеков Акылбек, Токталиев Кеңеш, Токтомамбетова Зулайка, Рахманов Акылбек, Мавлянкулова Батма, Кыргызбаева Калбүбү, Турганбаев Мукай, Турсунова Зыйнат, Сартов Аскербек жана башкалар.

Ушул тапта фейсбукта Эсенбаева Гүлнура, Токтогонова Гүлнара, Махабат Абдилова, Кочкорбаев Тѳлѳбек, Искендеров Тенти, Окен Текшербеков сыяктуулар бар. Биздин Кара-Суу орто мектебиндеги пионердик дружина Зоя Космодемьянская атында эле. Төлөбек бизден бир класс мурун окуп, бул класста Сатыке,Тенти, Жаныбек,Турдалы, Шайлоо, Жокин, Такин сыяктуу сабактын да, мушташтын да майын чыгарып окуй турган.Эсимде ал Армияга кетерде артында калып калды. Төлөбек тепки жеп жүргөн балдар өч алабыз деп жутунушту, «Жоо кеткенден кийин кылычыңды ташка чап» достору Армияга кеткен соң ага эч ким тийишпейт деп тийгизбей койдук.

Армиядан келер менен Төлөбек милиция тармагына өтүптүр. Биздин айылдык балдардын ичинен оозго толумдуу сөзгө аларлык жигиттерден болду. Эл арасында ал тууралуу көп айтылган чоң аталары Эсенкул ханды тарткан Кара-Суунун тың чыкма баласы болду. Ал эмес министрликте Төлөбек тууралуу жакшы кептерди угуп сүйүнгөм. Бир жолу МВДда полковник Бакыт Сейитов деген бугучулук 64-жылкы деген министрди маалыматчысы бар, Бузурманкул Жолдошбаевден соң ушул күнгө чейин ошол жерде милициянын гезитин жана маалыматын жетектейт. Ошол Бакыт Сейитовдон Төлөбек тууралуу жакшы кептерди угуп сүйүндүм. Эмнегедир Токтогонова Гүлнара, Махабат Абдилова, Кочкорбаев Тѳлѳбек, Искендеров Тенти, Окен Текшербеков тууралуу да жакшы кептерди жазгым келип турат.Убакыт алдыда...

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 

 

Последние новости