www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Актёр Чыңгыз Мамаев үй камагына чыкты

Бүгүн, 11-январда актёр Чыңгыз Мамаев үй камагына чыкты. Бул тууралуу анын жактоочусу Нурсултан Жаныбеков билдирди.

«Бишкек шаардык соту Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Чыңгыз Мамаевдин кылмыш ишин карап чыгып, анда тергөө органдары тарабынан бир катар мыйзам бузуу болгонун, ошондой эле кылмыш ишинде Чыңгыз Мамаевдин күнөөсү бар экенине жетиштүү далил болбогонун жана Чыңгыз Мамаевдин укуктары бузуу жолу менен тергелгенин аныктап, сот залынан бошотту», — деди жактоочусу Нурсултан Жаныбеков.

Эскерте кетсек, откөн жылдын апрель айында актёр Кылмыш жаза кодексинин 155-беренеси (сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттер) боюнча шектүү катары кармалган. 

 

 

Последние новости