www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кримтөбөл Чыңгыз Жумагуловдун (Дөө Чыңгыз) өлүмү боюнча козголгон кылмыш иши кайрадан Бишкектин Октябрь райондук сотуна жөнөтүлдү. Бул тууралуу укук коргоо органдары билдирди.

Буга чейин сот эки айыпталуучунун өздүгү такталбагандыктан материалдарды кошумча тергөөгө кайтарган.

«Сот ишти кошумча тергөөгө кайтаргандан кийин ЖАКтын тергөөчүлөрү айыпталуучунун документтерин калыбына келтиришти. Айыпталуучулардын экөөнүн паспорту жок болгон, тергөө аларды 15 күндүн ичинде калыбына келтирип, атайын прокуратура материалдарды бекитип, андан соң иш сотко жөнөтүлдү», - деп билдиришти.

Чыңгыз Жумагулов 2022-жылдын 30-июлунда өлтүрүлгөн. Алдын ала версия боюнча, камералашы ага бычак менен көптөгөн жаракаттарды келтирип, тамагын кесип салган.

Буга чейин ал кылмыштуу топ түзүү жана ишкерлерден системалуу түрдө өзгөчө ири өлчөмдө акча талап кылуу фактылары боюнча УКМКнын кызматкерлери тарабынан кармалган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости