www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Депутат: Мени издеген УКМКга рахмат

Жогорку Кеңештин 11-январдагы жыйынына депутат Эмил Жамгырчиев келди.

Бир ай мурун атасынын оорусуна байланыштуу эмгек өргүүсүнө чыккан. Кийинчерээк УКМК депутаттын өлкөдөн чыгып кеткенин, анын кайда экенин тактоо мүмкүн болбой жатканын билдирген.

«Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин мени издеп жүргөнү УКМК кызматкерлеринин түздөн-түз жоопкерчилиги. Эгерде жаран дайынсыз болсо, аны издөө зарыл. Бул үчүн биз аларга рахмат айтышыбыз керек. Бирок мен дароо социалдык тармактагы баракчамда кайда экенимди айттым. Ушунча убакыт бою Бишкекте атам менен ооруканада болдум. Аны Түркияга алып кетишкен. Мен өзүм ал жакка барган жокмун, себеби сасык тумоого кабылдым», - деди Жамгырчиев.

Депутат Жанар Акаевдин Жамгырчиевдин үйүнөн үн жаздыруучу аппараттар табылды деген сөзүнө токтолуп, депутат бул факты боюнча иликтөө иштери жүрүп жатканын билдирди.

Ошондой эле, депутат ага карата кылмыш ишинин кайра козголушун туура деп эсептейт.

«Кылмыш иши 2018-жылы козголгон. Ошондон бери 4,5 жылдан бери тергөө жүрүп, сотко жиберилди, сотто үч инстанция тең актоо өкүмүн чыгарган. Бирок ачыкталбаган учурлар болду, жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу, алар бекеринен уланып жаткан жок, мен макулмун. Иш эки жолу соттолгон адамдын сөзүнүн негизинде козголгон. Бул абдан жаман практика, жөн эле бир фигураны алып, арыз жазып, ошонун негизинде чиновниктерди жамандашат Ал эми бул адамдардын артында кимдер турганы, аткезчилик жол менен товар ташууга салым кошкону эми ачыкталат. Ошондуктан кылмыш ишинин кайра жанданышын туура деп эсептейм», — деди Жамгырчиев.

Депутаттын айтымында, ага козголгон кылмыш ишинин негизинде чек арадан Казакстанга киргизбей коюшкан. «Тыюу салынганда желек коюп, ошол жерден кармашат. Ал эми мага эскертүү берилген. Эми чет өлкөгө чыгуунун кереги жок, бирок өтүүдө эч кандай маселе болбойт деп ойлойм», - деди Жамгырчиев.

Булак: NazarNews.kg

 

 

 

 

Последние новости