www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ак падыша Николай «кандуу Николай» деген кошумча ат алган. Себеби, биринчиден, ал башына таажы кийген күнү апааттан улам 4000 адам тебеленип жан берип, миңдеген адам оор жаракат алган. Экинчиден 1905-жылы 9 январында, жекшембиде митингге чыккан элге каршы ок атылып, көчө канга бойолгон. Акын Константин Бальмонт 1906 жылы «Биздин падыша» деген ырында: «…Ким падышачылыгын Ходынкадан баштаса, Анын бийлиги эшафот менен бүтөт»- деп жазган. Ак падыша Николай үй-бүлөсү менен бирге Екатеринбургда атылып кеткен.

Ак падыша Николай 1896-жылы 18 майда такка отурганда Ходын талаасында саат 10 го элдин майрамдоосун белгилейт. Эл майрамдоо үчүн убактылуу театрлар, эстрада, балагандар, элди соода жагынан тейлөө үчүн атайын жайлар, алардын ичинде жыгачтан жасалган жыйырма барактан эл үчүн бекер 30 000 чака пиво, 10 000 чака бал жана 150 «ларек» бекер сувенирлерди тараткан. Андан тышкары 400 000 «падышалык сый белек» берилмек. «Падышалык сый белекке» төмөнкүлөр кирген:

  1. Бир фунт жакшы ундан жасалган булочка;
  2.  Жарым фунт колбаса (200 грамм);
  3. Пряник 350 грамм;
  4. Ар түрдүү татымалдан куралган мүшөкчө: (6 золотник момпосуй, 12 золотник грек жаңгагы, 12 золотник жөнөкөй жаңгак, 6 золотник кедр жаңгагы, 18 золотник александровдук рожки, 6 золотник мөмө-жемиш, 3 золотник жүзүм, 9 золотник кара өрүк);
  5. Николай II менен Александра Фёдоровнанын сүрөттөрү түшүрүлгөн таттуу толтурулган кагаз мүшөкчө.
  6. Бардык сувенир  Прохоров мануфактурасында даярдалган кооздолгон,бир бетинде Кремлдин жана Москва дарыясынын пейзажы, экинчи бетинде  Николай II менен Александра Фёдоровнанын сүрөттөрү түшүрүлгөн жоолук менен оролгон.

 

Ак падыша Николай 1896-жылы 18 майда такка отурганда Ходын талаасында саат 10 го элдин майрамдоосун белгилесе да, эл 17 май күнү кечинде Москванын тегерек четинен эл чууруп келе баштайт. Таңкы саат 5те эле жарым миллиондон ашуун эл топтолуп калат. Эл арасында буфетчиктер өз тааныштарына гана белек-бечкектерди таратат экен деген күбүр-шыбыр тараган соң, эл убактылуу жасалган барактарды көздөй жулуна баштайт. Тартипти көзөмөлдөп турган 1800 полицейскийлердин элди токтотууга күчү жетпей калат. Буларга кошумча күч кийинки күнү эртең менен араң келиптир.

Белектерди тараткычтар эл алардын ларекторун жөн койбосун түшүнүшүп, элди көздөй белек-бечкектерди ыргыта баштайт. Бул ого бетер элдин кыжырына тийип сүрмө топ, башаламандык күчөп кетет. Ошол жерде казылган чуңкурлар өтө көп болчу, себеби ушул жерден Нижний Новгород ярмаркасына керек нерселерди алып кетип, чуңкурлар калып калган. Бири-бирин түртүшүү башталат. Элдин кээ бирлери чуңкурларга кулайт, басып жүргөндөрү кулагандарды тебелеп, алардын денеси менен басып калышат. Чуңкурлар заматта өлүктөргө толуп чыгат. Көп жерлерде миңдеген толпа адамдарды тебелеп, тепсеп, алардын өлгөнүнө да караган эмес. Ушунун кесепетинен төрт миңге жакын адам каза болуп , миңдеген адам жаракат алган.  Азыркы  медициналык терминологияда өлүмдүн себептерин  компрессиондук асфиксия деп койот.

Болгон окуя жөнүндө император Николай II ге билдирет. Катастрофа болгон жер тазаланып, бирок эч нерсе болбогондой эле майрам  улана берет. Ходын талаасында дирижёр В. И. Сафонов оркестр ойноп, концерт уланып саат  14 тө «ура» деген кыйкырыктар менен император Николай II келет. Майрам кечинде Кремл сарайында уланат, андан соң француз элчиси бал өткөзөт.

Официалдуу билдирүү боюнча Ходын талаасынан 1389 адам өлдү дегени менен, официалдуу эмес  курман болгондордун саны апааттан улам 4000 адам тебеленип жан берип, миңдеген адам оор жаракат алган.

 Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg      

Последние новости