www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
35
Жайдын так ортосу эле. Чөп чабылып бүтүп, эл арпага орок салууга камынып жаткан. Бейшенбектин бабасы Дыйкан болуш жигиттери менен Шамшынын белин ашып кыргыздын ал кездеги бийлик башы Шабдан манаптын чакыруусу боюнча Чүй өрөөнүнө түшкөн. Жылдын бул мезгилинде өсүмдүктөр бышып жетилип, Чүйдө алардын ар кандай түрү болот: кызыл,ак, мала кызыл түстүү, жыты буруксуган үлпүлдөгөн беде, аппак гүлү көз жоосун алган, ортосунда сапсары өзөгү бар кермек таттуу жыт тараткан коңгуроолуу гүл, кызгалдакка тектеш боюу шыңга кызгылтым жанаакчыл чатыр гүлдөр, сойломо буурчак сыяктуу чөптөр, кызыл, сары, мала кызыл, кызгылт, көгүш төө жалбырактар, күн нурунан жаш чагында чымкый көк болуп көрүнгөн, ал эми кеч киргенде жана куурай баштаганда көгүлтүр-кызгылт түскө бойолгон козу уйгактар, жагымдуу жыты билинер- билинбес сезилген мала кызыл-түктүү бака жалбырак, жыпар жыты аңкыган, жулса заматта соолуп калчу назик гүлдөр.
Жоргосу жолго төгүлгөн Дыйкан болуш баш болгон азык элинин мыктылары Шабдан манаптын үйүнө бара жатышкан.Учууга камданган бүркүткө окшоп, улуу тоолор аны узатып келатат. Жалгыз аяк чыйыр жол менен, бадалдуу өрөөндө жээрде кашкасын минген Дыйкан болуш бозомтук болуп алдыда, анын жигиттери артта келатат. Дүрдүн айылын туштап мерчемдүү жерге чукулдап калышты. Ага чейин биринен-бири сала Чүйдүн сый-сыпатын, коноктордун аппак шейшептерде жаткызып, бешбармакты кесмелеп бере тургандары айтылат.
Тынай уругунан Шабдандын мейманы болуп Дыйкан болуш түштү. Шабдандын дүркүрөп турган учуру. Жети атасынан бери эл бийлеп, журт сураган тынай тукуму бул чакта кыргыздын бир ыптасын өзү билип турат. Жакшыга дөөлөт келгенде, бой көтөрбөй пас болот. Дүнүйөсү агылып –төгүлсө да, керегеси чылк алтын, түндүгү түгөл күмүш болсо дагы, Шабдан дайым жөнөкөй турмушту жактырат. Манчыркабайт, көзүн май басып, көөп кетпейт.Чындыгында, анын орусча окуп –чокугандын пайда батасы ушул болду. Шабдан жаңы чыйырды сүйөмөлөдү. Өз капчыгынан пул чыгарып, Токмокко мектеп салдырды. Бул байдын,тигил кедейдин баласы дебей, салдырган мектебине жаштарды топтоду. Болуштугун агартуучулугу коштоду. Кыргыз элиндеги эл жакшылары Шабдандын мындай нускалуу акылын урматташат. Ага ат тезегин кургатпай келишип, кеңешип турушат.
Шабдандын конок үйү көркөм экен. Жайыл дасторкон жайылды. Казанга жаңы союлган эт салынды. Алты канат ак өргөөнүн эр жагынан эпчи жагына дейре жолборстун, илбирстин, карышкырдын, сүлөөсүндүн терилери илиниптир. Жердеги шырдактардын үстүндө аюу талпактары салынып, жайыл дасторкон жайылыптыр. Дасторкондо эмнелер гана жок, алма, өрүк, дарбыз, коон, жүзүм, алча аттуу мөмө-чөмөлөр мөлтүрөп, жегиңди келтирет. Чай ичилип Дыйкан болуш менен Шабдан эл –журт эсенчилигин сурашып, андан ары сөзгө –сөз жалганып, кепке кеп уланды. Дыйкан болуштун эсине ата –бабалардан калган уламыш түшүп, ошол уламышты айтып берип отурду.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg