www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Буга чейин социалдык тармакты Аида Исмаилова, Ишенгүл Болжурова, Мира Жангарачева, Тажикан Калимбетова, Алтынай Өмүрбекова, Элвира Сурабалдиева, Элвира Сариева, Камила Талиева сыяктуу аялзаттары жетектеп келген. Эдил Байсаловбу же Эдичка Байсаловабы НПО тарапты силкип катырган бирөө эки жылдан бери бул орунду бербестен ээ болуп келатат. Андан да президент Садыр Жапаровду Улуу Петр Биринчиге салыштырып, өзүн анын жөжөсү катары эсептегени элдин кыжырына тийет. Жок дегенде Александр Биринчиге салыштырса боло, ал досу Аракчеевге Орусия империясындагы болгон бийликти карматып коюп, жандармериядагы «Аракчеевчилик» бүт империяга тарап, ушул кезге чейин Аракчеевдин аты тарыхта калган. 

Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында “2022-жылга карата республикалык бюджет жана 2023-2024-жылдарга божомол жөнүндөг” мыйзам долбоору талкууланган Ага министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров баштаган өкмөт мүчөлөрү катышкан. Отурумда депутат Шарапаткан Мажитова өлкөдө социалдык маселелер унутта калганын айтып, социалдык тармактагы маселелерди караган вице-премьер Эдил Байсаловго кызматын тапшырууну сунуштаган.

«Эдил Жолдубаевич саясатка киришип кетет экен. Социалдык багытка киришпейт экен. Ордуңузду иштей турган аялдарга бериңиз. Болбосо иштеңиз. Баткенде согуш болгондо канча күндөн кийин бардыңыз? Азыр ал жакта психологдор жок. Психолог менен камсыз кылуу, социалдык кызматкерлерди көбөйтүү сиздин ишиңиз болчу», — деген ал.

Депутатка жооп берген Акылбек Жапаров соцтармак унутта калды деген пикирге кошулбайт экен. Себеби азыркы учурда Байсалов жалгыз президент Жапаровду мактабайт, ал өзүнүн жетекчиси Жапаровду да айга-күнгө жеткире мактайт.

Эдил Байсалов социалдык тармакты жетектеген минкабдын төрагасынын орун басары. Экономика менен алтынды ансыз деле тейлегендер толтура, бирок анын алтынга аралашып кеткени кандай? Ал ушул жумушка иштегени ызы-чуу болуп, кызматынан мына четтетилет деген уу-дуу сөз көп болоор эле. Бирок ордун жай боюу катып койгон сүрсүгөн чучуктай сүрсүттү. Эми алтынга аралашып, мурун элчи болуп келген Улуу Британияга жөнөдү. Социалдык тармакты мындай кой, алтынга да кийлигише турган болду.  

2020-жылдагы октябрь башаламандыгында башкы каармандардын бири болбой эле, Британиядагы Сооронбай Жээнбековдун ишенимдүү элчиси болчу. Бирок бийлик алмашкан соң, Эдил Байсалов өзү айтмакчы президент - Петр Биринчи болсо, булар аны тегеректеп жүрүптүр. Жок жерден ал алтын үчүн Улуу Британияга барды дейсизби? Сүрсүгөн чучуктай кызматы сакталып турган Эдил Байсалов алтынды жөнгө салса, «Манас» орденине көрсөтүлөт. Ошондуктан, эми ого бетер мактана баштайт го?  

Министрлер кабинети Эдил Байсаловдун Лондонго болгон сапары тууралуу үн катты. Эдил Байсалов баш болгон Кыргызстандын делегациясы Лондондун баалуу металлдар рыногу ассоциациясынын (LBMA) президенти Пол Фишер жана уюмдун аткаруучу директору менен башкы юристи Сахила Мирза менен сүйлөшүү өткөрдү. Улуу Британиядагы жолугушууда тараптар Кыргызстандын баалуу металлдарын дүйнөлүк, анын ичинде британиялык рынокко чыгаруу маселесин талкуулады.

Кыргыз тарап жергиликтүү алтындын дүйнөлүк рынокто сатылуусун кайрадан жандантуу жана соода-экономикалык кызматташтыктын көлөмүн жогорулатуу маанилүү экендигин белгилеген. LBMA уюмунун адистери кыргыз делегациясы үчүн рыноктун бардык катышуучулары колдонгон талаптар жана принциптер тууралуу маалымат семинарын өткөрүштү. Анда LBMAнын атайын жумуш тобу тарабынан баалуу металлдар рыногун көзөмөлдөөнүн натыйжалуу кодекси иштелип чыкканы айтылган. Бул кодекс уюмдун бардык мүчөлөрүнө жана Good delivery ("Ишенимдүү жеткирүү") макамына ээ болгон өлкөлөргө тиешелүү экендиги айтылган.

Кыргызстандан барган делегациянын курамына министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, Улуттук банктын төрагасы Кубанычбек Бөкөнтаев, “Кыргызалтын” ишканасынын башкармасынын төрагасы Эльдияр Калдарбеков жана каржы министринин биринчи орун басары Улан Даникеев кирген. Бул иш сапардын алкагында эки тараптык жолугушуулар, ошондой эле, ири банктык корпорациялардын жана каржы институттарынын өкүлдөрү менен болгон кеңешмелер өтөт.

Кыргызстан акыркы жылдары алтындын негизги көлөмүн LBMA аркылуу сатып келген, бирок 2021-жылдын июнь айынан баштап (“Кумтөрдө” тышкы башкаруу киргизилгенден кийин) жеткирүү токтогон. Май айында министрлер кабинетинин маалымат кызматы “Кыргызалтын” кайрадан Лондон фондулук биржасында ишенимдүү камсыздоочу статусун алганын билдирген. Бирок бул азырынча жардам бере элек.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, «NazarNews.kg»

 

 

 

Последние новости