www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Алтынбек Максүтов ким? Ал биринчи ирет министр болгон Атамбаевдин заманында балдарды уюштуруп Ак үйгө өкүрүп келишкен. Ал кезде маданият министри азыркы депутат Камила Талиева болгон. Булар Ак үйгө өкүрүп келген соң, максаттарын түшүнүп Максүтовго маданият министрлигин беришкен, ал жыргатып деле жиберген жок. Тарых музейиндеги ташып жок кылган баалуу экспонаттардын ордун жабыш үчүн музейди өрттөшкөн. Ошондон соң куйругун түйүп жок болгон. Кайра министр болуп келери менен «Азаттыкка» тийише баштады.
“Азаттык” деле оңуп кеткен жок. Ал Акаевдин учурунда Кыяз Молдокасымов жетектеп турганда күчтүү болгон. Ошондо “Азаттык” маалыматты жеңип кетти деп Акаев көз жашын төгүп шолоктогон. Атамбаев тушунда “Азаттык” акча жегич аштоого айланган. Ошол мезгилде далы менен кыргызча төлгө тарткан, белгилүү төлгөчү Кайып Шер менен маек курганбыз:
«-Сен тактап, далилдеп туруп айткандай коопсуздук органдарында иштеп жаттың беле? Эгер Али Токтакуновдун иши өтө мамлекеттик сыр болбосо айта бериш керек го?
-Өтө мамлекеттик деле терең сыр эмес. Сен коррупцияга каршы ачык күрөшүп, жаш кезинде жайрап калган Улан Эгизбаевди билесиң?
-Улан Эгизбаев коррупцияга каршы катуу күрөшүп, бардык нерселерди таамай ачык айтып жүргөн эле. Ал жапжаш туруп көлгө эс алганы барып сууга чөгүп кетти. Аны эскерип буркурап ыйлаган Венера Жуматаеванын жашы эмгиче кургабайт.
- Улан Эгизбаев көлдө чабактай эле сүзчү дешет. Анан ал кантип сууга чөгүп кетет? Бул жерде кандайдыр бир күчтөрдүн кийлигишүүсү болуп жүрбөсүн деген версия да бар. Ал эс алууга чыкканын билишкен, тегерек-чети аны аңдып артынан барышкан да, ал көлдө сүзүп жүргөндө бутунан тартып коюшкан.
-Мындай версия эл арасында айтылып келатат, чындыгында ал кандайдыр бир күчтөр болбосо сууга чөгүп кетпес эле. Балким, аны аңдып жүргөн немелер ал сууга түшүп жүргөндө скафандр кийип алышып күтүп жатышкандыр.
-Коррупцияга каршы күрөшкөн Улан Эгизбаевди «Азаттык» радиосунда Али Токтакунов сыяктуу көрө албагандар болгон. Улан Эгизбаев тиги дүйнөгө узаган соң, «Азаттык» радиосунда Али Токтакуновдун ирбити жүрө баштады. Бүгүн ар кимге жалаа жаап чамгарактаган эле ошол. Ал коррупцияга каршы күрөшүп жатам деп, АКШтан акча алып, алдыга суурулуп чыкканы менен, анын жазгандары дайыма калп болуп чыгат. Ал эмес кыргыз жигиттерин Орусиянын «Магнитский тизмесине» коштуруп жатат.
-Сен далы менен төлгө тартып калчу элең, ушул инцидент тууралуу төлгө тарта алдыңбы?
-Ооба, Венера Жуматаева ыйлап турат, Улан Эгизбаевди скафандр кийип алып кимдир бирөө бутунан тартып сууга чөктүргөн».
Жогорку Кеңештин депутаты, мурунку «Азаттыктын» журналисти Жанар Акаев Фейсбук баракчасына минтип жазды:
“Азаттык” дайыма акыйкаттык тарапта болуп келген, калың элге кадыры сиңген, эл сүйүп уккан, көргөн маалымат каражаты. Мындан ары да ошол бойдон калышына бөркүмдөй ишенем. Калыстык издеген далай жарандарыбыздын үнүн коомго да, бийликке да жеткирген саналуу медиалардын бири. Анда иштеген кесиптештердин баары билимдүү, кесипкөй, ак ниет кыз-жигиттер. Акаев, Бакиевдин мезгилинде да радио, ТВларын чектешкен. Бирок “Азаттыкты” жаап, журналисттерин чилдей таратсак, чындыкты эл билбей калат деген өтө жаңылыш пикир. “Азаттык” жабылып, жок болуп кетет деген ойдон алыс бололу, азыр технология өнүккөн заманда маалымат таратууну чектеп коюу мүмкүн эмес. Анын үстүнө кыргыздар тыйган нерсени тескерисинче издеп жүрүп таап көрөт эмеспи.
Райондук соттун “Азаттыкты” жабуу чечими күчүнө кирбейт, шаардык сотко чейин бийликтер терең талдап, ойлоноор. Менимче шаардык сот райондук соттун чечимин жокко чыгарса керек, анан Жогорку Сот карайт. Бул мышык-чычкан оюну да, жүдөтүү максатын көздөйт деп түшүнөм.
“Азаттык” бир ууч кишиге жакпашы мүмкүн, бирок калың элибиздин ишеничи, үмүтү артып тургандан өткөн баалуу нерсе барбы!" - деп жазды депутат Жанар Акаев.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg