www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ: Бабанов Өмүрбекке таянган Өмүрбекова

Бир убакта вице-премьер  Алтынай Өмүрбекова деген болгон. Өзүнүн аты Алтынай болгону менен дат баскан калайдай эле. Социалдык тармакты жетектегендиктен мектептерге көп барар эле. Ал келет дегенде эле илгерки бай-манаптарды, партбоссторду тосуп алчудай ысык-суукпу окуучу балдарыбыз 3-4 саат тикесинен –тик туруп күтүшөт. Окуучулар мындай тирүүлөй «тозокко» чыдабай, катарда тизилип турган жеринен, эс-дартынан танып кулап кеткендер кезигет.

Эмгек миграциясын ЕЭКте ким жетектейт? Өзүбүздүн эле Руслан Казакбаевдин бир тууган келини Алтынай Өмүрбекова. Ал учурунда өкмөттүн вице-премьерине чейин кайкалап жеткен, депутат да болгон, эптеп Өмүрбек Бабанов ушундай эркелетти. Кайынагасынын досуна таянып Алтынай Өмүрбекова да көптү. Учурда мигранттар үч айда бир жолу иштеген жерине мединицалык справка тапшырат. Бул Алтынай Өмүрбекова сыяктуу  бюрократиялык система мигранттар иштебей эле справкага кезек күтүп калышты. Жок дегенде медициналык справканы 1-2 жылда бир жолу тапшырса деле жетмек. Алтынай Өмүрбекованын мурдун балта да кескен жок.Эки, үч айдан бери мигранттардын кыйналып атышканынын бийлик өкүлдөрүнүн баары көрүп турду. Ал эмес миграциялык мыйзамдардан улам кыргызстандыктар Ульяновскиде өлүмгө кетишти. Бир дагы жолу Алтынай айымдын мигранттар боюнча сунуш айтканын көргөн жокбуз. Мигранттар боюнча кабминден бир токтом чыгарта алган жок. Орус бийлиги менен көпүрө түзө дагы албаганын көрдүк. Эми токтоосуз ордунан кетиши керек.

Орусияда чет элдик жарандардын жүрүү мыйзамдуулугуна жана алардын миграциялык мыйзамдардын талаптарын сактоосуна көзөмөл күчөтүлдү. Дипломатиялык өкүлчүлүк кыргызстандыктарды Орусиянын мыйзамдарын так сактоону жана жасалган кылмыштар үчүн жазанын сөзсүз болушун эстен чыгарбоосун өтүнөт. Элчилик мекендештерди расмий документтерди (паспорт, айдоочулук күбөлүк) жана Орусияда жүрүүгө башка уруксаттарды, анын ичинде “каттоо” деп аталган тариздөөдө ортомчулардын кызматынан пайдаланбоого чакырат.

Ошондой эле Орусиянын аймагына кирген күндөн тартып 30 күндүн ичинде иш жүзүндө жашаган жери боюнча миграциялык каттоого туруу зарыл. 2021-жылдын 29-декабрынан кийин Орусияга иштөө максатында келгендер кирген күндөн тартып 30 күндүн ичинде милдеттүү мамлекеттик манжа изин каттоодон, сүрөткө тартуудан жана медициналык текшерүүдөн өтүшү керек. Орусия Федерациясынын Эмгек кодексине ылайык, иштөө үчүн иш берүүчү менен келишим түзүү зарыл. Өзүңүз менен кошо өзүңүздү тастыктаган документтерди, Кыргызстандын жаранынын паспорту жана Орусия Федерациясында жүрүү укугун тастыктоочу документтерди: миграциялык карта, OMS/VHI полисин алып жүрүңүз деп эскертет дипломатиялык өкүлчүлүк. Тез арада юридикалык жана консулдук жардам талап кылынган учурларда күнү-түнү иштеген ишеним телефонуна +79251155047 кайрылса болот.

 Орусиянын мигранттар Федерациясы менен ММУнун окумуштууларынын биргелешкен иликтөөсүнүн негизинде Орусиядагы орточо айлык кирешеси жердештерибиздики 47,1 миң  рубль болгон. Кыргызстандыктардын тапкан айлыктары орусиялыктардын орточо эмгек акысына чукулдап барган. Росстаттын билдирүүсү боюнча Орусиялактардын орточо айлыгы 54, 6 миң рублга барабар.
Мигранттар 64 суроодон турган анкетага жооп беришкен. Ар кайсы аймактардан 4,7 миң кишиден жооп алышкан. Суткасына 8 саат 22 пайыз гана мигранттар иштеп акча табышкан. Ал эми 27,5 пайыз мигранттар суткасына 10 саат эмгектенишсе, 10дон 12 саатка чейин 27 пайыз жердештерибиз Орусия үчүн иштеп беришсе, суткасынын тең жарымын же 12 сааттан көбүрөөк кулча майпаңдап калгандары же 27 пайыз  иштеп беришкен. Орусия мигранттар Федерациясынын жетекчисинин айтуусу боюнча 80 пайыз кыргызстандык мигранттар, мыйзамда каралган сегиз сааттык жумуш убагынан ашык иштеп беришет.
Иликтөөлөрдө караганда кыргызстандыктар негизинен орус тилин «эң жакшы» жана «жакшы» билишери аныкталды. Иликтөөлөрдүн натыйжасында 2 пайыз кыргызстандыктар «эң жаман» деген баага татыктуу болгон.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 

Последние новости