www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бабановдун эмнеге, кимге жини келип жатканы айдан ачык. Өкмөт башчысы Жапаров менен көп ирет таймашка чыккан Бабанов бир жеңилип, бир жеңип келатат. 2005-жылы кан досу Рахат Ирсалиевди көтөрмөлөп Жапаровду жалпайтып кеткен. 2009-жылы Жапаров Бабановдун жеңип кетти. 2010-жылы Бабанов апчесине таянып, алыс секирди да, жоолук салынып алып Таластан качкан Жапаровду кайрадан жалпайтты. Ошентип отуруп жеңишке азыр Жапаров жетишкендей, Бабанов болсо матч-реваншын күтүп отурат.

Омбудсменден баштайын деди эле, а дегенде эле кулады. Анткени көптү үмүттөндүргөн бир тууган жээни Жээнчороев омбудсмен болбой калды. Бабанов бүгүнкү заманда алга жетелеп бараткан Жапаровдун Конституциясын сүйгөн жок, бирок кээ бирөөлөргө окшоп, аны ачык айта алган жок, өзүнүн жалдап алган бок ооз жээни Жээнчороевдин оозу менен айттырып жатат.

Эмнеге Бабанов бул Конституцияга каршы? Анткени Бабанов президент болгусу келген, арийне турмуш ага жылмайган жок, 2017-жылы абиси Алмазбек досу экөө шыйрактан кармап чаап салды эле, эси ооп Москвада качып жүргөн жеринен эсине келип, «Азия-молл» супермаркетин берип жатып араң бошонгон. Дагы бир ирет октябрдагы чаң тополоңду пайдаланып, бийлик башына келүү далалаты чаап салынып, андан да кур калды. Ошол күнү жин оорум кармап калып Атамбаевге кошулуп кетиптирмин деп араң кутулган. Бирок байлыкка туйтунганды жакшы көргөн Бабановго анын ою боюнча премьер-министрлик эп. Бул ирет ал маалымат каражаттарында өкмөт башчысын алуу үчүн айыгышкыс жашыруун күрөшкө чыккан. Арийне, Жапаров өр таяп кеткен.

Бабановдун жетегинде келаткан жээни Жээнчороев Конституцияга каршы чыкты:

• Референдум президент эмес азыркы Баш мыйзамдагыдай эле, Жогорку Кеңеш тарабынан атайын мыйзам менен дайындалса болмок. Себеби буга чейинки тарыхта ушундай кооптуу жагдай жаралган;

• Соттор президент аркылуу эмес, түз эле парламент тарабынан шайланышы керек. Такыр болбой калса, Сот тандоо кеңеши көрсөткөн талапкерлерди президент артка кайтаруусуз жактырышы керек;

• Конституциялык жана Жогорку соттун төрагасын дайындоону президент эмес, соттор өздөрү добуш берүү менен тандап алышы керек;

• Борбордук шайлоо комиссиясы жана Эсеп палатасынын курамын дайындоону парламентке бериш керек. Себеби аткаруу бийлигин башкарган адам тарабынан дайындалган адам кантип өздөрүн текшере алат;

• Аткаруу бийлиги толук президентке берилип жаткандан кийин, башкы прокурорду президент эмес, парламент дайындаш керек;

• Жогорку Кеңештин төрагасын кызматтан кетирүүдө ал көпчүлүк добуш менен эмес, депутаттардын үчтөн экисинин добушу менен кетиш керек.

Жээнчороев жогорудагы талаптар кошулган болсо бийлик бутактарынын ортосунда тең салмактуулук сакталаарын айтып жүрөт. Бабановдун «Республика» партиясын жетектеп келаткан Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Жээнчороев Баш мыйзамдын Конституциялык кеңешме иштеп чыккан жаңы долбоорунда өлкөнү башкаруу функциялары туура эмес бөлүштүрүлгөн деп эсептейт.

Мындай пикирин ал көрүнгөн жерде Конституция тууралуу сөз болуп жатканда айтат: “Вице-президенттик кызмат, классикалык формасында, эгер мисалга Американы алсак, Сенаттын жетекчиси президентке тең тайлашкан адам. Силер өзүңөрдүн Конституцияңарда ал президент түзө турган администрацияга караштуу болоорун жазыпсыңар. Ошол мамлекеттерде вице-президентти парламент кошо дайындайт. Сиздер көрсөткөн структура султан Сулаймандын диванына көбүрөөк окшоп калган”.

.Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости