www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Баңгизат деген бир шүмшүк бар, Жапыкеевге окшогондордун мойнуна минип алат. Жапыкеев жаңы финполду алганда УКМКдан да күчтүү болчу. «Фиппол» дегенде уктап жаткан адам төшөгүнөн «смирно» ыргып туруп, төбө чачы тик тура турган. УКМК Жапыкеевдин «косягын» колго түшүргөн соң бул жигит көптөгөн нашакорлордун бири экен деп, ага кол шилтеп коюшту.Кухнядан элди бийликти алмаштырууга үгүттөп турган Жапыкеевдин кыялы  2020-жылдын 4-октябрында капысынан ишке ашкан. Капысынан демекчи, ал бийлик алмаштырууну Жапыкеев жасаган жок, бирок үзүрүн көрүү үчүн «бийлик мародерчулугунун» башында туруп эски бийликтин эси ооп, жаңы бийликтин жоктугунан пайдаланып, жыңайлак жүргөн ал, бир күндө кымбат баалуу машиналуу болуп, Башкы прокуратураны мародерчулук кылып басып алган. Жаңы бийлик аны Башкы прокурор кылып бекиткен жок, бирок биртке «даамын татып алсын» деп финполду жетектетип койгон. Жапыкеев кыялындагы элдин ишенимин аткарган жок. Өзүнүн жеке кызыкчылыгын көздөп Сарпашевге окшогондорду «саап» отуруп, бул орундан «генерал» наамын алып жыдыган.

Текебаев даңазалап мактаган Жапыкеевди бийлик өз номенклатурасына кошуш үчүн Ысык-Көлгө прокурор кылып жиберген. Ага нааразы болгон окшойт, кетем деп жүрүп Тажикстанда конфликт башталганда генерал Жапыкевдин жаагы жабылган. Кокус ызы-чуу уланып кетсе, ал жашынып калмак беле, бүгүн ал кайрадан баш көтөрө баштады. Ал чимкирик парламенттин депутаты Дастан Бекешов, ааламды аңтарган белгилүү залкарыбыз Чыңгыз Айтматовдун кызы Ширин Айтматова менен кайрадан биригип, бул бийликке тишин кайрай турганы тууралуу имиштер тарап жатат. Бул биригүүнүн аягы каякка барышы мүмкүн? Албетте, Сыймык Жапыкеевдин кухнясын Лениндин бронепоюзуна теңеген Өмүрбек Чиркешович чейин жетиши ыктымал. Ширин Айтматова Өмүрбек Текебаевге чейинки чыйыр жолду басып өткөн. Ал 2010-жылы «Ата-Мекен» партиясы менен парламентке келген. Бирок, анын изи 2015-жылдагы да, 2020-жылдагы да парламенттик шайлоодо «Ата-Мекендин» тизмесинен көрүнгөн жок.

Депутат болуп жүрүп АКШнын беш жылдык визасына арзыган Дастан Далабайевич «далбоеб» эмес. АКШнын беш жылдык визасына арзыган анын чимкирик парламент боюнча коллегасы Аскар Шадиев элди ичип-жеп, башына күн түшкөн соң Америкага кире качкан. Эми ага ким тийишет, өкүл баласы өкмөттү жетектеп турса?

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматын жетектеп жатканда Сыймык Жапыкеев, ал кездеги вице-премьер министр партиялашы Максат Мамытканов жана Ширин Айтматованын күйөөсү Сыргак Кенжебаев менен бирге 2020-жылдын 25-декабрында “Жанат” ресторанында президентке талапкерлердин бирине тай союп, уча тартып сыйлашкан. Уча табакты мен көтөрүп барам, сен көтөрүп барасың болушуп талаш жаралып, Сыймык Жапыкеев тигилер менен бет карашпай турган абалга чейин жеткен.

Сыймык Жапыкеев жулунуп жатып уча табак тарткан экен, бирок финполдо ойсолоңдогон иштери анын бийлик карьерасына бут тоскон. Жапыкеевди оюндан сүрүп чыгаруу ыкмасы жүрүп акыры көлдү көздөй сүрүлүп калган. Эми кайрадан Ширин Айтматовага качыра баштады. Бийликтин керемет даамын татып алган Сыймык мырза креслонун күчү кереметпи айтор жанталашып өз кызматын бекемдеп, кайрадан бийлик тепкичине көтөрүлүүнүн  айласын көрүп жаткан окшобойбу. Ошол кезде президентке  кошомат иретинде тай сойгону аз келгенсип, “Чоң казатчылардан” 20 адамды алып барып кызмат кылдырган. Бир топтон бери эл оозуна илинбей буулугуп калган Сыймык Жапыкеев «Кемпир-Абад» маселеси козголгондо алдын-ала былкылдай баштаганы мыйзам ченемдүү көрүнүш. Эми Жапыкеев мырза кадимкидей каада күтүп, баягы саясий кухнясын кайрадан эске салып жаткан кези. Кызмат илибой адамды жолдон чыгарат эмеспи. Бир топ убак Сыймык Жапыкеевдин аркасы менен вице-премьер болуп турган  Мамыткановго болсо сөз жок. Азыр Орусияда мини стр болуп жүрөт. Сыймык Жапыкеев кайрадан чыкса, ал да кайрадан чыкса керек. Алар бийлик алгыча  ооз көптүрүп сүйлөп келсе, кызмат алгандан кийин, «кимди ким көрдү, Быржыбайды там басты» болуп, “Чоң казатчылардан” куйругун түйүп качып жүрүшчү, эми партиясы эске түшө баштады. Мына эл үмүт кылган биздин жигиттер! Баса, бийлик алганга чейин бир тыйын акчалары жок эмес беле? Вице-премьер менен финполдун айлыктары тез эле миллионер кыла тургандай деңгээлге жетип калганбы? Суроо көп, жооп жок!

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 

 

Последние новости