www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сегизбаев СИЗОдо бир топ убакыт көзүнөн жаш төгүп жаткан. Ага боор ооруп кетиппи же башка себептер болдубу үй камагына чыгар менен, өзүнүн кошоматчылыгын кайрадан баштады. Ал Атамбаевге болушуп маңызы жок билдирүүлөрү менен чыккан. Ички иштер министрлиги Улуттук коопсуздук комитетинин мурдагы жетекчиси Абдил Сегизбаев жакында сурак бергенин ырастады. 

"Фейсбуктагы" "Полит Узник" баракчасына Абдил Сегизбаевдин Жетим-Тоо кенин иштетүү боюнча видео кайрылуусу жарыяланган. Андан кийин ал суракка чакырылган. ИИМдин маалыматына ылайык, Абдил Сегизбаев Жетим-Тоо кени тууралуу айткан видеосу 2020-жылы, президенттик шайлоого талапкер катары катышып жаткан маалда тартылганын билдирди. Андан бери социалдык тармактарга кандайдыр бир билдирүү, маалымат жарыялабаганын кошумчалады. Учурда тергөөгө тиешелүү аракеттер көрүлүп жатат, – деп айтылат ИИМдин маалыматында. Сурактан кийин Абдил Сегизбаев адвокаты менен бирге Ички иштер министрлигинин имаратынан чыгып кеткен.

Садыр Жапаров кенге байланыштуу кайрылуу жасап, Жетим-Тоону иштетүүгө азыр өлкөнүн даярдыгы жоктугун айткан жана укук коргоо органдарына жалган маалымат тараткандарга чара көрүүнү тапшырган.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевдин үстүнөн беш кылмыш иши тергелип жаткан, алтынчысы да иш бар. Бул тууралуу башкы прокурор Курманкул Зулушев социалдык тармактагы баракчасына жазып, маалымат жарыялаган. Анын маалыматына ылайык, бул иштердин баарына тергөө баа бермек.

"Эч кандай саясий куугунтук менен камап алып, тергеп жаткан жерибиз жок. «Белизгейт» боюнча ошол убакта саясатчылар кордолгонун билесиздер да. Индира Жолдубаеваны да суракка чакырып, сурап жатышат. Күнөөсү болсо эч ким жооп бербей калбашы керек. Ал эми күнөөсү жок болсо саясий ураан менен жоопко тартпашыбыз керек", - деп жанын сабаган башкы прокурор Курманкул Зулушев.

Каалаган адамынын мойнуна калпты илип каматып салчу Атамбаев өзүнүн мурунку кайниси, Акаевдин «почточусу» Абдил Сегизбаевди алып келип, УКМКны "Аракчеевчиликтен" ашкан жандармерияга айланткан. Бишкек шаарына караштуу Биринчи май райондук соту, 1-апрелде Абдил Сегизбаевди 4 млн сом айып пул төлөөгө милдеттендирген. Сегизбаев соттун өкүмү күчүнө киргенче эч жакка кетпөө жөнүндө тил каты менен камактан бошотулду. Сегизбаев 2021-жылы 25-январда кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп айыпталып кармалган. Анын үстүнөн 2 кылмыш иши козголгон. Азырынча кайсы кылмыш иши боюнча сот өкүмү чыкканы белгисиз.

Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча, Сегизбаев Кой-Таш айылында жайгашкан 2,2 га жайыт жерди 49 жылга акысыз алып, куруу иштерин жүргүзүп, андан кийин жерди жакын туугандарынын атына өткөрүп койгон. Ошону менен бирге Сегизбаев жакын туугандары жана Таш-Мойнок айыл өкмөтүнүн кызматкерлери менен биргеликте жарандарга үлүш катары берилген 18,46 га айыл чарба багытындагы 92 жер тилкесин жеке менчикке өткөрүп алышкан.

Ошондой эле Башкы прокуратура Сегизбаевге «Белизгейт» иши боюнча айып таккан. Башкача айтканда, Сегизбаев Жогорку Кеңештин депутаттары Шыкмаматов, Салянова жана Текебаевди эл алдында атайын каралап, кылмышка айыптаган деп шектелген

Трайбализмдин нурун Кыргызстанга чачыраткан Акаев бийликке бир гана кайын - журту таластыктар менен жердеши кеминдиктерди ала турган. Анын бийлигинин аягында Жалал-Абадда эмне үчүн эл бийликке каршы чыгып жатат, түшүнгөн да жок. Ошол кездеги Коопсуздук катчысы кеминдик Болот Жанузаков биз баш көтөргөндөрдү жанчабыз деп, ал эмес Ак үйдүн бир бөлмөсүнө элге каршы ок-дары, куралдарды толтурган.

Муну 2005-жылы 23-мартта ИИМ министри болуп: "Эми көрсөтөм" деп кекенип турган кеминдик Кеңешбек Дүйшөбаев менен Акаевдин пресс-катчысы кеминдик Абдил Сегизбаевдер гана билген. Ок-дары, куралдар элге каршы атылмак, бирок тагдыр элге жылуу жүзүн көрсөттү. Бийликке жагынып элди ок- дары, куралдар менен тосуп алгысы келгендер элдин колуна түшүп калды. Абдил Сегизбаевге эл биртке ыдык көрсөтүп, токтотуп, кайсы жерде ок-дары, куралдар сакталып турганын билишкен.

Атамбаев бийликке келери менен Абдил Сегизбаевдин келечегине жашыл жарык күйдү.Теңизбай менен Сегизбайдын бир туугандыгы, экс-президентке жакын кайни болору, аны тез эле ишенимдүү адамга айланткан. Бийликтеги болгон жылуу-жумшак "креслолор" Аблил Сегизбаевдин жеке менчигиндей сезилип, аягында УКМКны тейлөө бекер берилмек эмес. Көптөгөн күнөөсүз адамдарды ар кандай документ жасап, ар кандай жол менен жездесине жагыш анын биринчи милдети болгон.

Абдил Сегизбаевдин УКМКнын жетекчиси болуп туруп, УКМКда катталбаган (фальшивый) кагазды оперативдүү маалымат деп жездекесине көрсөтүп, Илим Карыпбеков жетекчи болуп турган КТРКдан байма-бай чыгартып, мамлекеттин эң жогорку бийлик бутагы болгон ЖКнын фракция жетекчиси Өмүрбек Текебаевге жалган жалаа жабышы өтө олуттуу, туура эмес жүрүш. Абдил Сегизбаев ал кезде бир гана Текебаевге эмес, көптөгөн саясатчыларга ар кандай «клеймолорду» илип, эми калпы чыгып отурат. Акыркы кезде муну изилдегендер Белизден келген документтер жок экенин иликтеп чыгышты.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 

Последние новости