www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өкүмзар бийликтин тушунда ар кандай өкүмдүү бийлик колдонулат. Тээ байыртан кыргыз эли кошуналары менен жаакташып, пасташып келген, бирок кимдир бирөө кайтыш болгондо бул талаш-тартыш токтоп көзү өткөн адамды абийир менен жерге узатчу экен. Чынгыз Айтматовдун «Ак кеме» повестинде Эне-Сай кыргыздары жазылган уламыш бар. Ошол жерде да бул тууралуу айтылат. А бизде өкүмзар бийлик экспрезиденттин жакындары каза болсо табасы канып, аны Ала-Тоого жакын жолотпойт. Муну баштаган азыр камакта жаткан экспрезидент Алмазбек Атамбаев болгон.Экспрезидент Аскар Акаевдин бир тууган агалары Болот Акаев жана Асанкул Акаевдердер кайтыш болгондо Аскар Акаевди топурак салганга Ала-Тоого жолотушкан эмес. Өз балама топурак сала албай калбайын деп 2020-жылы 5-февралда баласы Айдар кайтыш болгондо Москвага көөмп жаны тынды. Азыр Аскар Акаев биротоло акталганы менен Москвада жашап жатат. Атамбаевдин дагы бир «эрдиги» азыркы президент Садыр Жапаров эң жакын адамдарынан айрылып мөгдүрөп калганда, камактан аларга топурак салууга уруксат бербей дагы бир иттик кылган. Анын мындай итчиликтери толтура.

2022-жылы Кыргызстандын Баш прокурору Курманкул Зулушев Ошто эл менен жолугушууда Бакиевге байланыштуу суроого жооп берип, мурдагы президент Кыргызстанга келгенге эрки жетип, тергөөгө көрсөтмө берүүнү чечсе, ага эч ким тоскоолдук кылбай турганын билдирген. Бирок эми Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы экс-президент Курманбек Бакиев Кыргызстанга келсе ага чыккан сот өкүмдөрүнүн негизинде чара көрүлө турганын жана Мамлекеттик жаза аткаруу кызматы аны камакка алууга милдеттүү экенин билдирди.

Анткени Курманбек Бакиевдин экинчи жубайы Назгүл Төлөмүшова Беларуста каза болуп, сөөгү 17-январда учак менен Кыргызстанга жеткирилди. Аны акыркы сапарга узатуу зыйнаты 18-январда болуп, сөөгү өзү туулуп-өскөн Тогуз-Торо районунда жерге берилди. 47 жаштагы Төлөмүшова Минск шаарында оорудан улам каза болгон. Аны тажыясына жубайы Курманбек Бакиев катышкан жок. Назгүл Бакиевдин фамилиясын алган жок. Кандай болгон күндө да, ал Бакиевге өмүрүн арнап, өмүрлүк жолдош боло алды. Азыркы бийлик да Атамбаевди туурап өлүм менен ойной баштады. Өлүм улук. Ушундай улук нерсеге бүгүн кылчайып кайрылганга туура келди. Кейиштүү, бул дүйнөдөн адам өттү. Курманбек Бакиевдин жубайы Назгүл Төлөмүшова көз жумуп, сөөгү Белоруссиядан-Бишкекке, Бишкектен-Казарманга кетти. Ошол жерден жерге берилип ата-энесинин жанына коюлду. Мындан жети ай мурун атасы Муратбек каза болгон. Апасы Бурулуш 42 жашында бир нече жыл мурун каза болду эле. 46 жашында өзү каза болуп отурат.

Жакын тургандарынын айтуусунда бир жума мурун туугандарын Белоруссияга чакыртып сүйлөшкөн экен. Жанында дайыма Рыскүл сиңдиси болгон. Ал сиңдиси сөөк менен кошо келди, бирок өзү бул дүйнөгө жараткан уул-кызы топурак салганга келген жок. Бакиев тараптан чочулоо болгондой. Назгүл менен кошуна болуп, Карл Маркс көчөсүндө чоңойгондор анын кичинекей кезин, ата-энесин, чоң ата-чоң энесин, туугандарын жакшы билишет. Назгүл жаркылдаган жарык маанай, ачык мүнөз, сыртынан ички дүйнөсү көрүнгөн, ичинде кири жок, мектепте жакшы окуган кыз эле.

Назгүл Кыргызстан эмес дүйнөгө атагы чыккан Бакиевдин фамилиясын алган жок. Кандай болгон күндө да, ал Бакиевге өмүрүн арнап, өмүрлүк жолдош боло алды. Кыйынчылыгына чыдап, чыйрактыгын көрсөттү. Тоонун кызы тоодой көтөрүмдүү болду. Андан балалуу болду. Балдары өмүрлүү болсун. Кыргыз кыздарын сыйлап келген. Назгүлдүн жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун.

Социалдык тармакта “Самолет менен Минскиден келеткан Назгүл Төлөмушованын сөөгүн бийлик Бишкекке кондурбай койду” деп таркатылып жаткан маалымат чындыкка дал келбесин билдиребиз деп президенттин катчысы Эрбол Султанбаев билдирди. Ага кошумча, "Маалыматта белгиленген Назгүл Төлөмүшованын сөөгү менен учак кечээ, 17-январда, Бишкекке конуп, жакындары анын кичи мекенине алып кеткен. Ошону менен бирге, жалган маалымат таркатуу үчүн тиешелүү мыйзамдардын чегинде жоопкерчилик каралганын эске салып, такталбаган, коомчулукту удургуткан жалган маалыматтарды жайылтпоого чакырабыз", - деди Султанбаев.

Кыргызстан мурдагы президенттерин кубалаган өлкө катары таанылбашы үчүн аларга соттук териштирүүлөргө катышып, пикирин билдирүүгө мүмкүнчүлүк бериши керек. Мындай пикирин “Азаттык” радиосунун суроолоруна жооп берип жатып Жогорку Кеңештин депутаты Улукбек Ормонов билдирген. Мурдагы президент Курманбек Бакиевдин сотко онлайн катышуу ниетин билдирген интервьюсу боюнча пикирин айткан депутат мурдагы мамлекет башчысы Аскар Акаев да келип, көрсөтмө берип кеткенин белгиледи.

“Биз президенттерин кууган өлкө болуп калбаш үчүн соттук териштирүүнү аягына чыгарып, эгер катышып, көрсөтмө берсе, көрсөтмөсүн алышыбыз керек. Апрель окуялары боюнча көп сөз бар да. Ошондуктан тактап коюш ашыкча болбойт деген ойдомун”, - деди Ормонов. Улугбек Ормонов 2009-2010-жылдары парламенттеги бийликчил "Ак жол" фракциясынын төрагасы болгон.

Курманбек Бакиев жакында "Жаңы Ордо" гезитине курган маегинде “Менин үстүмдөн чыккан соттун чечимдерин ушул убакка чейин көрө элекмин. Болбосо, Кыргызстандын жетекчилиги менин кай жерде жашап жатканымды билет” деп, ага козголгон иш боюнча сот отурумун онлайн өткөрсө болорун, тергөөчүлөрдүн суроолоруна жооп берүүгө даяр экенин айткан. Өлкөнү 2005-жылдагы Март ыңкылабынан кийин жетектей баштаган Курманбек Бакиев башында турган бийлик 2010-жылдын 7-апрелинде элдик толкундоодон кийин кулатылган.

Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча, анын жеке өзүнө жана жакындарына каршы он чакты факт боюнча айып тагылган, мурдагы президент өзү сыртынан жалпысынан 30 жылга эркинен ажыратылган. Башкы айып 2010-жылдын 7-апрелинде Бишкектин Ала-Тоо аянтында адамдар өлтүрүлүп, жараат алганы боюнча. Иниси Жаныш Бакиев жана кенже уулу Максим Бакиев Апрель окуясы үчүн өмүрүнүн аягына чейин кесилген. Тун уулу Марат Бакиев 30 жылга соттолгон. Бакиевдер мекенинде коюлган айыптарды четке кагып келет.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев “Новые лица” басылмасына курган маегинде азыркы бийликтин Бакиевдерди реабилитация кылуу ою жок экенин билдирген, бирок мурдагы президенттерди “реабилитация кылгысы келсе эл гана качандыр бир кезде кыла алат" деп айткан. 

Экспрезидент Курманбек Бакиевдин экинчи жубайы Назгүл Төлөмүшова Минск шаарында жүрөк оорусунан улам каза болгон. Курманбек Бакиев 2005-жылдагы Март ыңкылабында бийликке келип, 2010-жылдын 7-апрелинде элдик толкундоодон кийин жакындары менен чет өлкөдө жүрөт.  

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg      

Последние новости