www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жыл ичинде ККМ колдонгондордун саны 3 эсеге өстү

65 миңден ашуун ишкер ККМ колдонууда. ККМди колдонгон субъекттердин мындай көбөйүшүнө салык органдары тарабынан жүргүзүлгөн түшүндүрүү иш-чараларынын, ошондой эле ишкерлерге 10 миңден ашык гибриддик ККМди бекер таратуунун натыйжасы себеп болду.

ККМди колдонуу системасын өнүктүрүүгө Салык кызматынын "Чек талап кылып, байге утуп ал!" кызыктыруучу лотериясы да оң таасирин тийгизди. Акциянын жүрүшүндө жарандар товарларды сатып алууда, жумуштарды жана кызматтарды пайдаланууда кассалык чектерди активдүү талап кыла башташты.

2023-жылы Салык кызматы ККМ менен иштөөгө милдеттүү болгон ишкерлерге кассалык аппараттарды орнотуу боюнча активдүү ишин улантат.

2023-жылдын 1-мартында фискалдык модуль менен иштөө функциясы жок ККМди колдонуу мөөнөтү аяктайт. Ушуга байланыштуу, Салык кызматы соода жана кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө иш жүргүзгөн жана ККМди колдонууга милдеттүү ишкерлерди көрсөтүлгөн мөөнөткө чейин ККМди модернизациялоо же жаңылоого чакырыт.

Последние новости