www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Депутаттардын арасында деле бир жаагы тынбаган, бийлик дегенде ынтыгып, ал жактын «арыгын» чаап жүргөн Жеңиш Токторбаев деген бар. Эмнегедир Тажикстанда кыргыз эли оор кесепеттерге кабылган соң бул депутаттын аты өчтү. Эмнеге экени белгисиз, бирок айта турган көп эле нерсе бар эмес беле? Же Токторбаев бир гана кимдир бирөө буюртма берсе аткарып жүрүп көнгөн депутатбы? Ал көрүнгөнгө эле ажылдап үрө берген, бирок учурунда үрбөйт. Окуя болгондон кийин, бул ошол окуяга аралашат да, беш-алты күндөн кийин кой десе болбой үрө баштайт. Демек, аны «суфлерлору» куйругун бурап, үрсөң «жакшы тамак» ичесиң деп кызытып турат.Биздин дөөрүгөн депутатыбыз Жеңиш Токторбаев ушуну чала-була угуп алып, буга чейинки президенттердин жасаган иштери тууралуу айтып өттү да бир жумадан кийин акылына келе турган Токторбаев бул арада ар кимди Кыргызстанды башкарган деген өңүттө билдирүү жасап кетти. Демек анын оюу боюнча бир гана киши башкарып келатыптыр. Атамбаев «кашага» айланткан президенттик орунга ал киши барган эмес да. Балким эми ал жерге барса Кыргызстанды оңдоп кетер, ал президент болуп калса Жеңиш Токторбаев ошол эле жерде бийликтин жугундусун жалап жүрөт да.

 Сооронбай Жээнбеков бийлик үчүн талпынып талашкан жок. Эгер мансапты кетирбейм деп турса канча кан төгүүлөр болуп кетмек. Буга Жеңиш Токторбаевдин башы жетмек беле? Пиво сүйүүчү «жираф» депутат Токторбаев  бийликтин аргамжысына чалынып, трибунанын сөзмөрүнө айланып кетет. «Өзүн сузактыкмын, кайсыдыр бир үлкөн адамдын классташы болом» деп айлана-чөйрөсүндө аптыга мактанып дардалаңдап жаткан бирөө бар. Бары бүтүп эми классташтар калдыбы? Кайсыдыр бир саясатчы бар сузактын Барпы айлынан, ал эмисузактын Кара-Жыгач айылында жүрүп каяктан ал менен бир окуп калды экен. Же болбосо 1968 жылы туулганын эсептеп классташ болуп алгандыр. Кеп анда эмес, Жеңишбек Токторбаев трибунага чыгып алып аны бербей эле, өз алдынча бакылдай берет. Илгери Рыскелди Момбеков, Кожобек Рыспаев дегендер бар болчу. Трибунанын кожоюндары ошолор эле.  Бирок көбүнчө элге жан тартып, көпчүлүктүн сөзүн сүйлөй турган, ал эми Жеңишбек Токторбаев өзүнө заказ берген бийлик эмне десе ошонун буюртмасы менен гана чанжырап берет. Сөзүбүз куру болбосун үчүн мисалга келели:

Токторбаев Мадумаровго: Сиздин образыңыз «кой терисин жамынган карышкырдай» деп өзүн, бийликти айга теңеген. Мейли бийлик Жеңишбек Токторбаевге окшогондор үчүн асмандагы ай же күндүр, анын эмнесин айтат. Парламенттин жыйынында депутат Жеңишбек Токторбаев «Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын лидери Адахан Мадумаровго нааразы болду. Себеби Мадумаров өткөн аптада Токторбаевдин дарегине сын айткан. Анын сынына Жеңишбек Токторбаев «куйругун кыпчыган канчыктай» ичинен каңшылап алып тим болмок.Бирок, аны килемге чакырышып Адахам Мадумаров сени сындап атса эмнеге жооп бербейсиң, аны ой-да сүйлөгүз кылып, жооп бер деп шыкактап койгондор табылат да. Ошондон улам бир жума же жети күн өткөн Жеңишбек Токторбаевге жан кирет,баягы сүйгөн пивосунан ооз тийип койсо керек. Өз алдынча даярданат да трибунага жетип барып Мадумаровго бакыра баштайт: «Адахан мырза, өзүн бийик тутуп, өзү жөнүндө аябай бийик ойдо. Бирок ал биздин катарыбыздагы депутаттардын эле бири. «Сиздин образыңыз «кой терисин жамынган карышкырдай», — деп кыйкыра берди Жеңишбек Токторбаев.Парламент төрагасы Талант Мамытов да мындай орой сөзгө чоочуп кетип, башка депутаттардын атын атап, ага шек келтирүүгө болбой турганын эскерткени бар..Эл өкүлү Исхак Масалиев кесиптештерин сабырдуулукка чакырып, парламенттин залында ар кандай сөздөр айтыларын, мыйзам долбоолору каралып жатканда талаш болору нормалдуу нерсе экенин эскертти. «Ыйман нуру» фракциясынын депутаты Нуржигит Кадырбеков кесиптештерин ынтымактуу болууга чакырып, башканын адебин оңдойм деп өзүнүн адебин бузуп алуудан карманууну өтүндү.

Бийликти дагы бир ажымулугу бар Эдил Байсалов деген. Бул бийлик үчүн ДЗОТко төшүн тосуп өзү айткандай Петр биринчиге теңеген Садыр Жапаров дегенде «жөжө» боло калат да ага кошуп башка Жапаровдорду мактап кирет. УКМК тарапка кээде ташын ыргыта койот. Эдил Байсалов эрдемсинип депутаттарга акыл-насаат үйрөтүп калат. Дагы бир ирет акыл-нгасаат үйрөткөн соң 6-7 күндөн кийин баягы «Ата-Журт-Кыргызстан» партиясынын мүчөсү Жеңишбек Токторбаев ойгонот, балким аны кимдир бирөөлөр ойготкондур.Анан кимдир бирөөлөрдү алка жакадан алчудай болуп трибунага сызып баратда «оозунан ак ит кирип, кара ит чыгат». Өзүн «баатыр» сезип Эдил Байсаловго жинденип жулунат, анткени ал жок да. Түшүнөн чоочугансып айгайлап, бул окуя болгондон кийин беш-алты күндөн кийин тыбырчылап өлүп кеткиси келип турат. «Темирди кызуусунда согуш» керек.Окуя болгон соң жирафтай болуп бир жумадан соң анын башына араң жетет.Жирафтыкы мындай. Күлкүлүү анекдот айтылып элдин баары кыраан каткырыкка бөлөнсө моюну узун жираф үн катпайт.Бир жумадан кийин жираф каткырып күлүп жатат дейт. «Ой эмне болду десе», «Жанагы айтылган анекдотко күлүп жатам» -дейт. Көрсө мойну узун жирафка анекдот эми гана жетиптир. Жеңишбек Токторбаевге да айтылган нерсе бир жумадан кийин жетет.

«Атажуртчу» депутат Токторбаев Икрамов Тазабекти таза кеп менен коколоп өлтүрүп койо таштады. «Айласыз каман арстанга тиш салат» болуп, алгач Токторбаев Икрамовго азуусун кайрады. Албетте спикер Талант Мамытов чоочуп кетип микрофонун өчүрөр менен Токторбаев токтобой жинденип залда ачуу кыйкыра баштады. «Тили сынган» «Сексалю» Тазабек Икрамов мурунку парламентке келип, элди жүдөткөн. «Өлгөндүн үстүнө көмгөн» дегенчеликке барбай, күтүүсүз бурулушка үмүт кылсак болмок. Кээде жаның ооруса да шишиген, ириң баскан жериңди кесип ыргытууга туура келет. Тазабек Икрамовго карай башка салыштырууну айтып не? Түшүнүктүү да... Себеби, коомчулук буларга тоюп бүткөн. Депутаттык кызматты булгашканы, «кошоматка кой союшканы», сабатсыздар, элементардуу шартта көп катачылыктарды кетиришкени элдин эсинен кетпейт. Мындай жагдайда чечкиндүү гана кадамдар керек эле. Алдын ала эле партия элге жек көрүнүп шайлоого катыша алган жок. Ансыз да сын пикирлер жетиштүү айтылып келген партия орду түбү менен жок болду.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 

Последние новости