www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

От жагыла баштагандан кийин үйдөгү кургак аба дем алуу органдарында ар кандай илдеттердин пайда болушуна таасир этет. Өзгөчө астма оорусун күчөтчү шарттар түзүлөрүн медицина илимдеринин доктору Сергей Хомяковго шилтеме берип РИА Новости жазды.

Анын айтымында, үйдүн ичиндеги абада нымдуулук болжол менен 60-80 пайызга жетиши керек. Бирок от жагыла баштаганда бул көрсөткүч эки-үч эсеге төмөндөйт.

"Мурундун былжыры кургап, бактериялар менен инфекциялар организмге тоскоолдуксуз өтүп калат. Мындан тышкары, дем алуу органдарынын фарингит, ларингит, бронхит жана астма сыяктуу ооруларынын курчушуна шарт түзөт", — деди дарыгер.

Адис белгилегендей, былжыр челдин кургап калышын адамдын көп коңурук тарта баштаганынан билсе болот. Ошондой эле киши бат-баттан жөтөлүп калат. Мындан көбүнесе балдар жабыркашат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости