www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кытай Эл Республикасынын Мамлекеттик кеңешинин мүчөсү, тышкы иштер министри Ван И БУУнун Башкы ассамблеясынын сессиясынын алкагында Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен жолугушту. Бул тууралуу  NazarNews'ка Кытайдын CCTV-plus агенттиги билдирди.

Жолугушууда Ван И эки өлкөнүн лидерлери Самаркандда маанилүү жолугушуу өткөрүп, мамлекеттер аралык мамилелердин өнүгүү багытын көрсөткөн жаңы консенсуска жетишкенин белгиледи.

"Кытай мамлекет башчыларынын маанилүү консенсусун ар тараптуу жана натыйжалуу ишке ашыруу үчүн Орусия менен кызматташууга даяр. Азыркы учурда эпидемиялык кырдаал дагы эле оор, эл аралык кырдаал татаал жана туруксуз. БУУнун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу мүчөлөрү жана жооптуу күчтөр катары Кытай менен Орусия тийиштүү ролду ойношу керек", - деди кытайлык дипломат.

Сергей Лавров Кытайдын Коммунисттик партиясынын 20-съездин өткөрүүдө ийгиликтерди каалап, Кытай мындан ары да улуттук курулушта жаңы жана чоң ийгиликтерге жетише берерине ишеним билдирди.

Анын айтымында, орусиялык тарап ШКУнун Самарканддагы саммитинин жүрүшүндө эки өлкөнүн башчылары жетишкен маанилүү консенсусту биргелешип ишке ашырууга жана эки тараптуу практикалык кызматташууну талыкпай өнүктүрүүгө даяр.

Эки тарап тең украин маселеси боюнча пикир алмашты. Ван И Кытай мындан ары да объективдүү жана адилет позициясын карманып, кризисти тынчтык сүйлөшүүлөр аркылуу чечүүгө умтула турганын баса белгиледи жана бардык тараптар диалогду улантуу аракеттерин токтотпойт жана жолугушуу үчүн тынчтык сүйлөшүүлөр жолуна карманышат деген үмүтүн билдирди. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости