www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ооба, Бишкектин мэри «Өлбөс Кащейге» айланып баратат, анткени «главный защитник» дал өзү болсо, ал чамгарактабаганда ким чамгарактайт эле. 2010-жылы «Бурама токочтон» көп жеп алган, азыркы күндө жыдыбас адамдардын бири Элмурза Сатыбалдиев менен Бишкектин мэри Эмил Абдыкадыров энтелеңдеп мушташууга «саясий рингге» чыгышты. Бишкектин мэрине эмне түртүп койсо жыгылып койчудай араң эле алы бар сыяктуу, бирок алдуу күчтүү буттары менен тырбалаңдап алышымыш болуп турганы менен эки көзү жалдырап, жалжайып бийликтен өтүп турат. Жалдырама тийген «улактай» болуп көздөрүн албай койгон соң бийликтин боору ооруп кетти окшойт, ойпоң-тойпоң этип жүргөн мэрге боор толгоп президент "Кабар" агенттигине курган кезектеги маегинде Бишкектеги ыш көйгөйүнө байланыштуу комментарий берген.

Элмурза Сатыбалдиев 2010-жылдан бери саясаттан четтеген, 2021 жылы парламентке депутат катары саясатка кайтып келген. Мелис Эшимканов айтмакчы өзү-өзү  люстрациялап, жазалап жүргөн. Волейболчулар КР Волейбол федерациясынын башчысы кылып алышкан. 10 жылдан бери канчалаган инсандар саясаттын тегирменине кирип, талкаланып чыгып жатышса, мен спорттун бир түрүн көтөрүү менен алек болду. 2022-жыл спорт тармагында абдан жетишкендиктерге бай жыл болду. Кыргызстан көрбөгөн ийгиликтерди багынтты. Жапжаш кыз-уландар дүйнөнүн оозун ачырды. Воллейболчулар да Азиянын борбордук зонасында тарыхта биринчи жолу чемпиондукту багындырышып, Кыргызстандын туусу бийик көтөрүлдү. Чынын айтыш керек, 2017-жылга чейин бул федерацияга өгөй баладай мамиле кылынып келсе, 2017-жылдан бери мамлекет көңүл буруп, жетишкендиктерди баалап, ийгиликке жеткен спортсмендерди мамлекеттик деңгээлде сыйлай башташты. Ал эми саясат жагында кандай? 2022-жыл кыргыз мамлекети үчүн жакшы жыл болду. 2023-жылы ишке ашпай калган пландар сөзсүз ишке ашат деп үмүт кылса болот. Бирок спорт менен алектенип жүргөн Сатыбалдиевге Бишкек мэри асылып жатпайбы. Үйүн жөн койбой ышпалдасын чыгарып.

 Мэрге жан тарткан бийлик кожоюну Садыр Жапаровдун айтканы: «Мэрди кызматтан алып койсок эле түтүн жоголуп кетпейт. Түтүндү көзөмөлгө алганга жалпы эл өздөрү жардам бериш керек. ЖЭБдин түтүнү болгону 10-15 пайызды түзөт. Кечээ жакында тик учак менен шаардын үстүн, жаңы конуштарды эки үч жолу айланып чыктык. Баарын көрдүк. Калган түтүндүн баары жаңы конуштардан, жеке сектордогу сауналардан, мончолордон чыгып атат. Алар резина же тигүүчү цехтерден чыккан чүпүрөктөрдү жагып жиберишет экен. Ошондуктан ошолорду ар бир кошуналары көзөмөлгө алып, жактырбаш керек. Анткени ал түтүн ар бир жашоочунун ден соолугуна зыян алып келет. Ошол үчүн мейли кошунасы болосуңбу же көчөдөн өтүп бара жатып көрүп каласыңбы, айтыш керек, жакпа деш керек, тиешелүү органдарга билдириш керек . Ошондо гана түтүн жоголот. Албетте, бийлик дагы жөн жаткан жокпуз. Дароо буйрук берип, рейд уюштурдук. Ким жеке сектордо мончого же үйүнө резина же чүпүрөк жагып жаткан болсо, айып пул салгыла, сауна болсо жапкыла деп. Бирок эл өзү көзөмөлгө алып берсе, рейдден дагы жакшы жыйынтык берет эле. Азыр жаңы конуштарда жеке менчик мончолор көп экен. Ошол мончолордо жагылат экен. Азыр эми жаңы конуштарга өкмөт тараптан мончолорду салдырганга тапшырма бердим. Анан эң негизгиси гидро ГЭСтерди салууну күчөтүп жатабыз. Элүүгө жакын кичи жана орто ГЭСтер курулуп жатат. Баары бүтсө электроэнергияга өтүп кетсек, түтүндөн кутулабыз».

 Быйылкы жылы Бишкекте ыш көйгөйү абдан курч болууда. Эки-үч күн мурун калааны каптаган кара түтүн, ыш. Парламенттин айрым депутаттары бул маселеге Бишкек мэрин да күнөөлөштү. Кызматтан кетирүү боюнча да сөз болду. Бул көйгөй эмнеден улам? ЖЭБденби, же көмүр сапатынанбы же дагы башкаданбы? Дегиле бийликтегилер бул маселени иликтеп атабы?

Ыш болсо ыш болсун.Бишкек шаарынын "Ала-Тоо" аянтындагы жаңы жылды майрамдоо түстүү фейерверк менен аяктайт, деп билдирет мэриянын басма сөз кызматы. Маалыматка караганда, майрамдык салюттарды уюштурууга шаардык бюджеттен 755 миң сом каралган.: “Азыр 2023-жаңы жылды тосууга майрамдык программа даярдап жатат. Жаңы жыл алдында шаардыктарды чыгармачыл жамааттардын жана эстрада жылдыздарынын катышуусунда концерттик программа күтөт”, — деп айтылат маалыматта. Эске салсак, былтыр муниципалитет фейерверк атуудан баш тарткан. Бул чечим “экологиялык коопсуздуктун себептери” менен түшүндүрүлгөн: "Жыл сайын күз-кыш мезгилинде жарандар абанын сапатынын байкаларлык начарлашына туш болушат, борбор калаада абанын булгануу деңгээли антирекорддук көрсөткүчкө жетти. Буга байланыштуу мэрия ансыз да морт болгон экологиялык абалды начарлатууну туура эмес жана мүмкүн эмес деп эсептейт", - деп белгилешти анда муниципалитет. 2022-жылдын декабрь айында Бишкек абанын булганышы боюнча дүйнөлүк абанын сапаты рейтингинде бир нече жолу алдыга чыккан.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg     

Последние новости