www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 24-декабрда Бишкекте ТҮРКСОЙ эл аралык уюму чыгарган кыргыз акындарынын антологиясынын бет ачары болду. Китеп түрк тилинде чыккан.

Ага уюмдун баш катчысы Султан Раев, Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Нурлан Калыбеков жана акын-жазуучулар, чыгармачыл чөйрө катышты. Китептин бет ачары А.Осмонов атындагы Кыргыз улуттук китепканасында өттү.

"Кыргыз адабиятын, калемгерлерди түрк дуйнөсүнө кеңири таанытуу, алакаларды жакшыртуу максатыбыз. Бул багытта келаткан жылы түрк тилдүү өлкөлөрдө адабий, маданий бир топ иш-чаралар пландалууда", - деди Раев.

ТҮРКСОЙ эл аралык уюму Евразия жазуучулар биримдиги менен биргеликте быйыл жайында кыргыз акын-жазуучуларынын чыгармаларын түрк тилинде басып чыгарган. Раев “Азаттык” радиосуна билдиргендей, долбоор алкагында үч китеп жарык көргөн.

“Чыңгыз Айтматов жана мифология дүйнөсү” аттуу китепте жазуучунун чыгармаларындагы мифологиянын орду жөнүндө баяндалат.

“Жолон Мамытов” деген китеп таланттуу акындын чыгармачылыгына арналган. Анда анын өмүр баяны жана акындык жолу тууралуу баяндалат.

“Кыргыз поэзиясынын антологиясы” китебинде соңку 30 жыл аралыгында биринчи жолу кыргыз акындарынын, өзгөчө жаш акындардын поэзиясы камтылган. 58 акындын чыгармалары кыргыз жана түрк тилдеринде жарык көргөн. Бул китепке кыргыздын аксакал акындарынан тартып кийинки жылдары көзү өтүп кеткен таланттуу акындар Элмирбек Иманалиев, Зайырбек Ажыматов, Эрнис Асек уулунун калеминен жаралган ырлар да кирген.

Китепке учурдагы жаш акындар Максат Жангазиев, Афина Бакирова, Мелис Маматжанов ж.б. ырлары да камтылган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости