www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Карга-кузгун деген канаттуулар болот тарп жеп жашашса да узак жыл жашашат. Ал эми бүркүт, шумкарлар аз жашашса да саз жашап кетишет. Саясий чөйрөнүн карга-кузгуну Таалайбек Ибраев партиянын убагында эле элдин оозуна алынып калган партбосстордун бири болчу. Анан барып Ширшовдун тарпына барып конду. Конгондо да Ширшов калтырып кеткен үлкөн тарптарга конуп чокулап жеп жүрдү. Анан Жээнбековдун тарпына конду. Пайданы мол таба турган жерлердин тарпын чыгарды. Эми уялбай Жапаровдун тарпына коно баштады. Өзүнүн деле бети калың эле адам. Кудай атайын ошондой калың бет тартууласа керек. Саясий айдыңда узак убактан бери өмүр сүрүп келаткан карга-кузгундар деле министрдин талпагын чыгарып жүрүшөт.
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров менен Кытай Коммунисттик партиясынын Борбордук Комитетинин Саясий Бюросунун мүчөсү, Кытайдын Синьцзян-Уйгур автономиялуу районунун (СУАР) Партиялык комитетинин Катчысы Ма Синжуйдун сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгында бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлду. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин маалымат кызматы билдирди.
Кол коюлган документтердин тизмеси:
— Кытай Эл Республикасына электр энергиясын экспорттоо жөнүндөгү меморандум;
— Кыргызстан-Кытай 500 кВ электр өткөргүч линиясын жана чакан ГЭСтерди куруу жөнүндөгү меморандум;
— Кыргыз Республикасынын – КЭР СУАР Ишкерлер кеңешин түзүү жөнүндөгү макулдашуу;
— Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусу менен КЭР СУАРынын ортосунда бир тууган шаар мамилелерин түзүү жөнүндөгү протоколу;
— Синьцзян медициналык университетинин экинчи ооруканасы менен медициналык кызматташуу боюнча макулдашуу;
— “Или-Синхэ” ЖЧШ жана “БТК” ЖЧКсынын ортосунда автоунааларды сатып алуу боюнча келишим.
Энергетика тармагындагы баш аламандыкка көпчүлүк нааразылыгын айтып жатышат. Энергетика тармагындагы кырдаалды жакшы түшүнөбүз. Отуз жылда талкаланып, мышык ыйлагыдай болуп калган. Бүгүнкү улам ар жактан жарыктын өчүп жаткандыгынын дагы объективдүү себептери бар. Иштелип чыккан электр энергиясы күнүмдүк керектөөгө чындап эле жетпей жатат. Бул чындыктан качып кутула албайбыз. Бул кризиске коңшу мамлекеттер дагы тушукту.
Маселе эмнеде? Кырдаал ушундай болуп жаткандан кийин элге калп маалымат бергенди токтотуш керек болчу. Элибиз башынан көп нерсе өткөзүп, баарына түшүнөт. Ачыгын айтып, азыркыдай чалды-куйду свет өчүрбөй, жакшынакай график менен өчүрүп турушса бүт баарына ыңгайлуу болмок. А бүгүн эмнеге күбө болуп жатабыз? Элге эч кабарлабай эле тигил же бул районду өчүрүп коюп жатышкандыктан, бирөөнүн тамагы бышпай калды, бирөөнүн от казаны иштен чыкты, муздаткыч, сыналгыдарды айтпай эле коёлу. Эгер алдын ала айтылса, элде мунун баарына даярдыгы болот эле го? Нааразычылык дал ушундан чыкты.
Электр мамлекеттик коопсуздук маселеси. Баарын жоопко тартыш керек, Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиеевдей дароо кызматтарынан алып, кылмыш ишин козгоо - учур талабы. Буларга тармакты мындан ары дагы ишенип, карматып олтура берсек - эртеңки күнү таш доорго барабыз.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg