www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Үчөө «хаталаш» эле, бирөө аларды куткарган, булардын ынтымагы чексиз эле. Бирок, ынтымак да тайыды... Анткени, булар бийликке келишкен. Бирөө мамлекет башына келген, анын этегине жармашып, калган үчөө чоң-чоң мансаптарга жетишкен. Күндөрдүн бир күнүндө алардын бири спикерликтен тайып кетти. Жардам берген эч ким болгон жок. Тескерисинче, анын бул кызматтан кетишине тилектештик кылышты. Эми дагы бирөө Башкы прокурордуктан буту тайыганы турат. Бир учурда Курманкул Зулушев сегиз ай боюу камалып жатышкан Садыр Жапаровду, Камчыбек Ташиевди жана Талант Мамытовду Атамбаев чет мамлекетке кеткен мезгилде актап жиберет.

Ташиев Зулушевди бул кылган жакшылыгы үчүн “РАЖ” биргелешкен партиясынан парламентке депутат кылат. Жапаров президент болгон соң “хаталаштарын” да, Зулушевди да унутпайт. Мамытов өз энчисине буюрган спикерликти алат. Парламентке мыйзамын өткөрүп алыш үчүн министрликтер жана башка мамлекеттик органдар келишет. Чырлуу мыйзамдарга спикер аралаша албайт бирок чыры жок жөн-жай мыйзамдарды өткөрүш үчүн ар бир мыйзамдын өзүнчө “ставкасы” болот. Көпчүлүк министрлер жана башка мамлекеттик жетекчилер спикерге чоң “лакомый кусокторду” оозандырып анан ишке киришет. Алар да өздөрүнө керек мыйзамдарды Жогорку Кеңештен чыгарьып алышат. Калк үчүн керек мыйзамдарды өмүрү акча төлөп чыгарышпайт да. Ушундай май –талкан жерде иштеген Талант Мамытовду спикерге дайындар алдында эле анан тепе-тепке ала баштаган, жүрөгүнүн үшүн алып араңдан зорго депутатка өткөн.

Тажикстанда акыркы ирет чыр-чатак чыкканда аны менен бир “хатада” камалгандын бирөө курал-жарактарды көрсөтүп, кыйын болсоңор чыр-чатак болгон жерге баргыла деген. Ошондон жүрөгү опколжуган Талант Мамытов эсине араң келип коштошпой спикерден кете берди. Баткен согушунан кийин Жогорку Кеңеште жабык жыйын болуп, депутаттар өз ара кайым айтышып, жакалашып мушташканга чейин барышканы уу-дуу жараткан. Спикер Талант Мамытов УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевге тил кайрып, өзүн баатыр сезе коюп, көп узабай ээрден ооп түштү. Ар ким өзүнүн алын, дараметин биле жүргөнү дурус эмеспи.Эгерде Талант Мамытов парламент спикерлигин өз эрки менен тапшырбаса, камакка алынары да болжонуп калганы угулган. “Түрмөгө жатканча төрдү бошотоюн” деген таризинде четке чыга берди. Бир чети амалдуулук кылып, жанын сактап калды. Эми сабак болсо керек.

Чындыгы бир кезде буларды түрмөдөн куткарган Курманкул Зулушев Талант Мамытовду көп жактырбай калгандай. Ошондуктан мунун артынан түшүп жүргөнү бекеринен эмес. Эгер Мамытовду жакшылап ачып көрсө какмар-шакмар саңырсып турат. Бирок Курманкул Зулушев анын бардыгын ачып эмне кылат, эптеп кызматын тапшырса болду да, какмар-шакмар кала берсин.

Төрт министр бир күндө алмашылды. Андан көп өтпөй спикер өз каалоосу менен кызматтан кетти. Кээ бир кеткендер коррупциядан күнөөлөнсө, айрымдары тууралуу – башында эле ушундай сүйлөшүлгөн деп айтылууда. Акыркы мезгилде жетекчилер ылдам алмашылып жатканына көнүп да баратабыз, аны – партиялар атынан депутат болгондор баштаган. Башында мындай көрүнүш реформа деп кабыл алынган – эгер кимдир бирөө ишин алып кете албаса же туура эмес аракетке барса, аны ылдамыраак алмаштырыш керек.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости