www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстандын мыйзамдарында саясий кызматтарды ээлегендер жыл сайын кирешеси, мал-мүлкү боюнча декларация тапшырат. Бирок буга чейинки декларациялык кампаниялардын жыйынтыгында өлкөдөгү эң бай делген аткаминерлердин айрымдары мүлктөрүн жашырып, кагаз жүзүндө кедей болуп чыкканы коомчулукта сын-пикирлерди жараткан. Буга байланыштуу кыргыз бийлиги жогорку кызматкерлердин мүлктөрүнүн ачыктыгын камсыз кылуу боюнча бир катар демилгелер менен чыккан.
Байсаловдун мөөнөтү аяктап баратат, эми НПОсуна барып өз каалаганындай бийликти шыбай берсин. Аны эч ким сүйгөн жок, канчалык кошомат айтса да. Парламентти тоготпой кепек ордуна көрбөгөн Эдикең «ээрге чапкан күлтүктөй» болуп бул ирет да ЖКны тоготкон жок. «Уу коргошун» атка конгон экс-министрди Башкы прокурор Зулушев какатып койгон соң «жалдырама тийген көк мээ» койдой болуп Эдил Байсаловдун үнү бүткөн. Эми Эдикең чамгарактап кайра «кымпылдама» айтып калыптыр.
Кыргызстанды чулдукка салыштырган Байсалов өзүн ак куу сезеби?
Өрдөк, чулдук бирдей эле, ошондуктан «Өрдөк жокто , чулдук бий» деген макал сакталып калган. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов негизги аялдарга бөлүнгөн квота боюнча иштеп жатат. Бул жерде вице-премьер болуп: Аида Исмаилова, Элвира Сурабалдиева, Алтынай Өмүрбекова, Камила Талиева, Дамира Ниязалиева, Элвира Сариева жана башкалар иштеп кетишкен. Эми уялбай жоолук салынып алыппы же салынбайбы Эдил Байсалов ушул орунда отурат. Ал жөн отурбай Кыргызстанды жомоктогу өрдөккө салыштырды. Башкыртстан жана Татарстандын ишкерлери менен ата мекендик бизнесмендердин жолугушуусуна катышып, минтип бакылдады:"Республикабыздын "балалык чагы" оор болду. Бул катаал мезгил көпкө созулуп кетти. Бүгүнкү күндө жомоктогу өрдөктөй болуп, эми ак кууга айланууну кыялданып жатабыз", — деди Байсалов.
Делегация өкүлдөрүнүн жана кыргызстандык ишкерлердин катышуусунда бизнес-форум өтүп жаткан. Келгендердин курамына экономиканын түрдүү тармактарында өндүрүш, соода жана кызмат көрсөтүү менен алектенген 30га жакын орусиялык компаниялардын өкүлдөрү кирген.
«- Эдил мырза, отпуске жокпу?
- Буюрса дейли. Жапаровдор менен иштөө мен үчүн абдан кызык жана өтө татаал болуп жатат. Мейли Садыр Нургожоевич менен болсун, же Акылбек Үсөнбековичти алалы...
Негизи, өзүм эркин жүрүп көнүп калган адаммын да. Кааласам Англияга учуп кетем, кайра келем дегендей. Анан Акылбек Үсөнбековичтен “отпускага барып келейин” десем, а киши “сенсиз бир күн жашайбыз, мейли эки күн жашайлы, а сен беш күнгө кетсең, элдер “Байсалову жок эле жашообуз өтө берет турбайбы” дейт. Ошон үчүн сен креслодо тикчийип отурушуң керек!” деди. А мен эч качан кресло үчүн жанталашкан киши эмесмин...
- Бирок, кайсы бийлик келбесин креслодосуң да?
- Ооба, элдин баары эле мени “Күн тийген жердин күкүгү”, “жеткен кошоматчы” дешип, сиз айтканды айтып жүргөндөрүн угуп калам. Мен эми бул сөз үчүн терикпейм. Бирок адамда өсүү, өзгөрүү болуп турат».
Ушул берген маегинен эле Эдил Байсалов ким болуп өзгөрүп баратканын билсе болот. Эдил Байсалов мурун кандай эле?
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg