www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Азыркы учурда НАТО отузга жетип калды. Анын эң активдүү, антиорусчул мамлекети Литва 90-чу жылдардан бери Осмонбек Артыкбаевди жалдап жүрөт. Анын «Неман» аттуу фирмасы эмне үчүн литвалыктардын атын алып жүргөнүнө көп деле адам кызыкпайт. Анткени Литва Осмонбек Артыкбаевди «вербовкалап», миллионду каалашынча берип эркелетип, Кыргызстандын фармакологиясында монополиялаштырып, өркөнүн өстүрүп келатат. Литвалыктарча «Неман» деген сөз nėmti (неметь) же кыргызча үн чыкпас, тынч дарыя дегенди түшүндүрөт. «Шпиондор» да үн чыгарбаш керек балким ошол себептен НАТОнун карамагындагы Литва Осмонбек Артыкбаевдин фирмасын «Неман» деп койгондур.
Токтогул районун кыргызда жер соорусу, жер ордосу деп койот. Түндүк менен түштүктү калкалап бөлүп турган Кетмен-Төбө өрөөнү. Ушул жердин кулуну Осмонбек Артыкбаевди карап отуруп антип ойлоого мүмкүн эмес. Анткени, католик Литванын желегин бийик көтөргөн Осоке ислам динине, ислам динин таза туткан Түштүк калкына каршы көптөгөн жаман акцияларды уюштурганын эл билет. Осмонбек Артыкбаевдин чоң атасы элге кеңири белгилүү калпа болгон. Осмонбек Артыкбаев болсо католиктик Литванын саясатына сугарылган пенде, андан тышкары элди экиге бөлүп, дайыма алдыңкы көз караштабыз деп, Түштүктүктөргө опуза кылып келаткан аркалыктар интеллигенциясын жан - дили менен колдоп келатат.
Акаевдин заманында католик Литванын жардамы менен кыргыз көпөсүнө айланган Осмонбек Артыкбаев Литва, деги эле НАТО менен кызматташып жүргөн президент Акаевке жакындашуунун амалын издейт. 2004-жылдын аягында Акаевдин балдары түзгөн «Алга, Кыргызстан» партиясынын активдүү мүчөсүнө айланып, Акаевдик бийликке бут тоскондорду жалпайта чаап жүрүп Жогорку Кеңешке депутат болот. Акаевдин кызынын алдында бүгүлө кызмат кылган Осмонбек Артыкбаев аны күнгө теңеп, Бермет Акаевадан келечек мамлекет башчысын көрүп турганын ошол кездеги стенограммалардан көрсө болот. Бирок Осмонбек Артыкбаев күнгө теңеп турган Акаевдердин бийлиги узакка созулбай калды. Аларды эл кубалап жиберди, Осмонбек Артыкбаев болсо уялбай парламентке депутат бойдон кала берди.
Бийликти Бакиев алган соң Осмонбек Артыкбаев «Ак шумкар» партиясын түзүүгө багыт алды. Бирок андан жулуңдаган Темир Сариев ага кепек калтырбай «Ак шумкар» партиясын өзү көздөп Осмонбек Артыкбаевди көчүккө тээп кубалап чыкты. Кайсалап жүргөн Осмонбек Артыкбаев СДПК партиясына кирип, ал жерден көзгө көрүнүктүү сдпкчы болуп чыга келди. 2007-жылда өткөн парламенттик шайлоодо СДПКнын Жалал-Абад облусуна координатор болуп, бул партиянын шайлоодон өтүшүнө шыкак берди. Парламент депутаты катары Осмонбек Артыкбаев түштүктүк бийликтин бир жакшы жагын көрө алган жок.
Бийликке каршы турган Осмонбек Артыкбаевге бак берип бийлик алмашты. Отунбаева кызматка киришер менен католик Литванын аркасы менен эрезеге жеткен Осмонбек Артыкбаев министрлик орунду бек кучактады. Отунбаева кеткен соң министрлерден бары алмашса да Осмонбек Артыкбаев «түшпөс хан» катары министрлик орундан жылган жок. Ушул жерде министр болуп турганда Бишкек ТЭЦи салынып, ушул жерге Осмонбек Артыкбаевдин колу малынып калганы бар. Бул тууралуу өзүнчө сөз болот. Атамбаев Осмонбек Артыкбаевди өзгөчө сүйүп кадырлагандыктан Тайырбек Сарпашевдин ордуна Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьери кызматка алып баргысы келген. Жээнбеков Осмонбек Артыкбаевдин жегичтигин сезген, католиктик Литванын саясатына сугарылган Осокеге кыямат кайымдагы «кыл көпүрөнү» көрсөтүп койгусу келген. Мага окшогон түшүнбөгөн журналисттер Осмонбек Артыкбаевди колдоп чыкканбыз. «Кыл көпүрөдөн» соң Осмонбек Артыкбаев НАТОнун чыныгы «шпиону» экендигин айгинелеп, «шпиондук» кызматына бет алып кеткендей.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg