www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Күздүн желаргысы башталар менен оппозицияда күрөш үчүн демденип турган Талгарбековдун иш аракети «мухиттен соккон тайфундай» башталмак. «Бороон алдында» деңиз бир нерсени күтүп тургандай тыптынч болуп калат эмеспи. Анын үстүндө учурунда Талгарбековдун кол алдында иштеп, бүгүнкү күнү бийликтеги экинин бири Ташиев «Кыргыз эл Баатырын» алып өрөөпкөп турган учур. Бир кезде Талгарбеков министр кезинде бекер жерден аны өзүнө жардамчы кылган эмес экен. Ал келечекти көрө билип «Кыргыз эл Баатыры» боло турган адамды көтөрмөлөгөн тура. Негизи оппозицияда өзүн көрсөтө билген Ташиев көп жылдар Атамбаевге каршы оппозицияда жүрдү. Жээнбеков президент болгон соң мансап үчүн делөөрүгөн жок, анын максаты бир кездеги устаты Талгарбековду кантип кыл сыяктуу сууруп алсам деп жүрдү. Атамбаевдин арбайган колдору муунтуп жаткан Талгарбековду камактан бошотуу максаты бар эле. Ал тилеги ишке ашып «Элдик парламенттчилер» камактан бошошкон.

Саясатта чалынып, кайра бутуна турган кыргыз саясатчылары аз гана. Алардын бири Камчыбек Ташиев. Бул каарман жеке өзүнүн кызыкчылыгынан башкалардын кызыкчылыгын жогору койгонун коомчулук жакшы билет. Жээнбековду шайлаган президенттик шайлоодо дагы башка саясатчылардан айырмаланып, Сооронбай Жээнбековду кызмат үчүн колдогон жок. Жээнбеков президент болгон соң Камчыкени кабыл алып, өнөктөш мамлекеттеги элчилик кызматты аркалап беришин суранат. Табиятынан кызматтын кулу болбогон Ташиев сунуштан баш тартып, бир гана суранычы Атамбаевдин саясатына каршы чыкканы үчүн абакта жаткан абийир туткундарын бошотуп берүүсүн гана өтүнүптүр. Ташиевдин устаты Бекболот Талгарбековду да бошотууга көмөкчү болгон. Талгарбеков дагы Ташиевдин кийлигишүүсү менен темир тордон чыккан. Ошондо минтип 2018-жылы жазыптыр:

“Бекболот Талгарбековду бошотууну сурансам, бийлик мени укпай турат”

– Адилетсиз жагдайда камакта отурган саясаттагы устатыңыз Бекболот Талгарбековду бошотуу боюнча жаңы бийликке сунуш киргизип көрдүңүзбү?

— Жээнбековдор мени укпай турушат. Бирок, жеке өзүм колумдан келген баардык аракетим менен Бекболот Талгарбековичтин үй-бүлөсүнө каралашып турам. Өзүн да бошотуу үчүн катуу туруп берем.

– Алдыдагы саясый максаттарыңыз кандай? Шайлоо алдында Сооронбай Жээнбеков менен кыналыша сүрөткө түшүп аттыңыз эле, ал киши президент болгону жолугуп, сүйлөшө алдыңызбы?

– Абал тез өзгөрүп кетиши мүмкүн…

Садыр Жапаровдун "ДЕСЯТЬ ЛЕТ В ПОЛИТИКЕ" китебинен Ташиев жөнүндө жазылгандар:

2010-жыл, 11-июнь. Эртең мененки саат 7:30 да Арзыбек Бурканов телефон чалды. Мынча эрте чалды деп, дароо трубканы алдым. Арзыбек Баткен облусу боюнча партиянын штаб башчысы эле. «Түндөтөн бери, өзбек туугандар кыргыздарды кырып жатышат. Түнү менен Баткенден келип, студенттерибизди алып кетели деп Оштун четинде кире албай турабыз» - деди. Бул суук кабарга бир ишенип, бир ишенбей, кайра такып сурап жаттым. Дароо Камчыбек Ташиевке чалдым. Тура элек экен. Трубканы аялы алды.  «Тез штабка келсин. Ошто жаңжал чыгыптыр, жөнөйлү», - дедим. Саат 8:00 дө Республикалык штабка жетип келип, туш-тарапка телефон чала баштадым. Саат 9:00 дө Камчыбек Ташиев келди. Экөөбүз кеңешип, түшкү саат 14 дө Ош тарапка жөнөмөй болдук. Ал ортодо болжол менен саат 11 де Акматбек Келдибеков менен телефон аркылуу сүйлөштүк. Ал Ошко Алай жактан кире бериш жеринде (Фурхатта) элдин арасында калганын, эл курал сурап турганын, Азимбек Бекназаров менен Исмаил Исаков элден эптеп суурулуп чыгып, тик учакка олтуруп кетишкенин айтып берди.
«Биз чыгып жатабыз, түнү менен жүрүп, эртең менен барып калабыз, ошол жерден тосуп ал»- дедик. «Макул», -деп, ошол жерден бизди тосуп алмай болду. Түнү менен жол жүрүп олтуруп, 12-июнь күнү эртең мененки саат 6:30 дарда болжошкон жерге келдик. Биздин аркабыздан ээрчиген машиналар абдан эле көп болуп кетти. Келсек, 10 миңге жакын эл турган экен. Бизди тосуп алуучу Акматбегибиз жок. Эл башаламан. Ызы-чуу. Бирине- бири баш ийбейт. Кан майданды элестетип жатты.Эл менен сүйлөшүп, баарын тартипке салып, Ош шаарына кирип бардык. Ош ичин өрт каптап, будуң-чаң болуп жаткан мезгил экен. Элдин арасына кирип, тынчтандырганга аракет кылып жүрдүк. Эки күндөн бери тууган- уруктарынан ажыраган кыргыз жигиттеринин ачуусунан бир канча өзбек аялдарын кичинекей балдары менен Камчыбек Ташиев сактап калды. Бир маалда түндөсү тууган- уруктарынан ажыраган кыргыздар К.Ташиевке ызырынып, “азыр атып салабыз деп жатышат. Элдин арасынан кетип калгыла” деген кабар келди. Саат 12 лер чамасында Ички иштер башкармалыгына бардык. 200 дөй жоокер, 2 танка, 3 БТР турган экен. Исмаил Исаков, Сооронбай Жээнбеков, Мелис Мырзакматов, Дүйшөн Чотонов, Алишер Сабиров жана Фаттаховдор болуп,ичинде олтурушкан экен. Саат 13төр чамасында Акматбек Келдибеков келди. Алмазбек Атамбаевке телефон чалып, -«Шаарда кожоюн жок. Курсан Асановду комендант кылып койбосоңор болбойт» -деди. Дароо эле макул болуп, Курсан Асановду комендант кылып болду. Анткени, А.Атамбаев эмне кыларын билбей, Бишкектен чыккандан коркуп, үйүндө жаткан эле. Кийин баары тынчып, стабилдешкенден кийин, июнь айынын аягында гана үн ката баштаган.
Ал аңгыча шаардын ичинде дагы бир жерде (шаардын ичин жакшы билбегендиктен кай жер экенин айта албайм), “атыш башталды, бирин-бири союп жатышат” деген кабар келди. Эскилиги жетип араң жүргөн БТР га аскерлер менен бирге олтуруп, А.Келдибеков, К.Ташиев, Ж. Саматов болуп, окуя болуп жаткан жерге жетип бардык. Жетип токтогондо эле БТР өчүп калды. Же эшиктери ачылбайт. Ичинде камалган бойдон калдык. Атылган октор БТР дин сыртына тийип жатты. Сырттан Жыргал Саматов чуркап келип, БТР дын эшигин буту менен тепкилеп жатып, араң ачты. Эптеп эшигин ачып сыртка чыксак, тегеректеги үйлөрдүн баарын өрт каптап, күйүп жатыптыр. Атышуулар катуу эле болуп жаткан экен. Бир маалда эле кыргыз жигиттин бутуна ок тийип, жыгылып түштү. Согуштун башы башка жакка кетип баратканын ошондо сездим. Ал жигитти ошол жердегилер ооруканага алып жөнөштү. Эл селдей болуп, жалын менен кошо чуркап бара жатышкандай туюлду. Колдон келишинче, элди тынчтандырганга аракет кылдык. Эки сааттан кийин ызы-чуу бир паска басылгандай болду. Кайра келип, губернатор Сооронбай Жээнбековдун кабинетинде кеңешип олтурдук. Саат 15:30 дар чамасында, “Жалал-Абадда согуш башталды. «Сампа» заводунун жанында өзбектер ары-бери өткөн машиналарды тосуп алып, аткылап жатышат, он чакты адам каза болду” деген суук кабар келди. Камчыбек Ташиев, Жыргал Саматов үчөөбүз ал жакка шаша жөнөп кеттик. Жолду карай,“ Кыргызстан эмне болот” деп чочулап бара жаттым. Бул жакта дагы элдин башында туруп тынчтыкка, ынтымакка чакырган бир чиновник жок экен. К.Ташиевдин бул жерде эки элдин кагылышуусунун уланып кетпешине салымы чоң болду. Өзү жалгыз барып, өзбек калкы жыш жайгашкан районго кирип сүйлөшүп келип, эки элдин толкундоосун баса алды. Эртеси Акматбек Келдибеков келди. Ошентип, түштүктө үч күн октун, оттун арасында жүрүп, Убактылуу өкмөттүн бир кишисин көрө алган жокпуз. Убактылуу өкмөтпүз деп Ак үйдү ээлеп, бийлик дегенде ичкен ашын жерге коюп чуркаган саясатчылардын бири да көрүнбөйт. Эл башына күн түшкөндө баары житип-житип, дайны жок жашынып калышыптыр. Эл өзү менен өзү болуп калган экен. Өрттөлгөн үйлөр. Бейкүнөө өлгөн адамдардын өрттөлүп, ар жерде жаткан сөөктөрү. Кан жуткан эл. Боздогон энелер. Ушунун баарын өз көзүбүз менен көрүп туруп, «Эх, шайлоо деген шайтан, эмне гана кылган жоксуң» деген ойго келдик. Анткени, балээнин баары Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнүн К.Батыров менен саясий соодалашуусунан келип чыгып жатпайбы. Менимче, бул күндөрдү тарых өзү таразалайт.

Даярдаган: Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости