www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Акыркы тогуз жыл аралыгында ЕАЭС регионалдык интеграциянын эң жогорку деңгээлине чыгып, андан дагы эң ийгиликтүү интеграциялык бирикмеге айланды. 

Евразиялык экономикалык бирикме өзүнүн кызматташтык чөйрөсүн негизинен, башка өлкөлөр менен  эркин соода аймагын түзүү аркылуу кеңирилетүүдө. Эркин соода аймагы боюнча макулдашуулар Вьетнам, Иран, Сербия, Сингапур менен жүргүзүлдү. Мына ушундай аймактарды түзүү жаатында макулдашууларга жетишүү боюнча сүйлөшүүлөр Египет, Израиль жана Индия менен жүрүүдө. 

Мунун алкагында Кыргызстандын ролу Евразиялык долбоордун мүчөсү катары, бул процесттерден четте калбай жана өзүн мүмкүн болгон рыноктордо мыкты жагынан көрсөтүү болуп саналат. Муну менен катар, 2022-жылы ЕАЭС буга чейин Орусиянын Европалык жана алыскы өлкөлөрдөгү өнөктөштөрү тарабынан ийгиликтүү өздөштүрүлгөн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачып берди.

Орусияга карата пландалган санкциялык согуштардын шарттарында жана чет элдик компаниялардын кыргыз бизнестериндеги мурдараак өздөштүрүлгөн рынокторун пайдалануу менен кеңири жолго коюлган аянтчаларга активдүү түрдө өтүүгө уникалдуу мүмкүнчүлүктөр болууда. Болуп өткөн окуялар көрсөтүп жаткандай, мындай мүмкүнчүлүктөрдү талкуулап эле тим болбостон Петербург, Казань, Екатеринбург жана Ыраакы Чыгыштагы өзүнүн диалогдук жана коммуникациялык платформаларын сунуштоого даяр. 

"Өз ара кызматташуунун келечектүү багыттарынын бири катары IT-тармагы болуп саналат. Мисалы, энергосектор капитал салууга ыңгайлуу жана кирешелүү ыңгайлуу сезилгени менен өзүнүн кыйынчылыктары бар. Электр  энергияга болгон баанын төмөндүгү, өнүкпөгөн инфраструктура, жергиликтүү калк менен болгон маселелер мунун бардыгы толук түрдө кызматташууга мүмкүнчүлүк жаратпайт. Ал эми IT-тармактын артыкчылыгы көбүрөөк, өтө арзан Интернет, дурус кесипкөй "айтишниктердин" арбындыгы, жана санкциядан сырткары аймак. Мунун бардыгы Кыргызстанда  болушунча күчтүү "IT-хабдарды" түзүүгө жол ачат", - деди саясат таануучу Денис Бердаков.

Ошондой эле эксперт, Кыргызстан менен Орусиянын тигүү тармагында жалпылап айтканда жеңил өнөр жайды кеңири өнүктүрүү келечектүү деп эсептейт. 

"Жакшы жагынан алганда, Кыргызстанда үч миңдей кесипкөй тигүүчүлөр бар. Кытай жана Бангладештен кийин эле даяр тигүүчү жана модельерлердин саны боюнча үчтүккө киребиз. Тактап айткпнда, республика толук кандуу технологиялык процессти камсыз кыла алат. Бул тобокелдикке өтө туруштук бере алган  бизнес. Кыргызстандын тигүү өндүрүшү азыртадан эле россиялык, казакстандык, белорус жан өзбек рынокторунда маанилүү позицияны ээлеп келет. Биздин негизги багыт спорттук кийимдер болуп саналат”, - дейт саясат таануучу. 

Эксперттин пикиринде, тигүү продукциялардын көлөмүн жогорулатуу үчүн Кыргызстанда кластердик ыкма киргизүү зарыл.

"Бул Кыргызстанда дизайндан баштап, маркетингге чейинки толук циклди камтыган ири ишканаларды түзүүгө алып келүүгө тийиш. Так ушундай компаниялар тигүүчүлөрдү кесиптик жактан жогорулатат. Ошондой эле, бир нече жүз млн долларды кездеме жана фурнитура өндүрүшүнө түрк-кытай импортуна көз каранды болбош үчүн салуу керек. Бул секторду өзүнө айлантып, аны болушунча рентпбелдүү жана атаандаштыкка жөндөмдүү кылууга шарт түзөт", - деп белгилеген Бердаков.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости