www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

39

Жолборс ичигин жамынып отурган Бейшенбектин бабасы Дыйкан болуш азык элинин акылман карыяларын, журт мыктыларын да иргеп, чакыртып, ошолор шатырап келип калышты.Дыйкан болуштун буйругу боюнча алыстан келген коноктордун урматына бир ак боз бээ курмандыкка чалынды. Дыйкан болуш билгилигин билгизип, бээнин эти бышкыча келгендер кур ооз отурмак беле деп, оболу ууз татыган кайберендин этинен үйрүмө тарттырып салган. Шоораттуу кишиге айла жок экен. Найманбай  созуп барып, мактоо ырларын Шабдан баатырдын эшик ырчысы Калмырзага узатат.

Калмырза:

-Ассалом алейкум!

Калайык –калкка таанымал,

Калмырза айтат саламды.

Жер соорусу Соң-Көлдү,

Жердеген Дыйкан аманбы?

Кыргыз эл даңктап атыңды,

Эр деген Дыйкан аманбы?

Кытайга чейин кыйын –деп,

Кеп кылган Дыйкан аманбы?

Үрүмчү, Торугарт,Үч –Турпан,

Чек кылган Дыйкан аманбы?

Эрегишкен тууганын,

Эп кылган Дыйкан аманбы?

Кытайдан чекти бөлгөндө,

Чен келген Дыйкан аманбы?

Кыргыздын ханы Шабданга,

Тең келген Дыйкан аманбы?

 

Манастын суусун Кытайдан,

Талашкан Дыйкан аманбы?

Кыргыздын ханы Шабданга,

Жанашкан Дыйкан аманбы?

Караңгы түнгө агарып,

Таң аткан Дыйкан аманбы?

Хан Шабданга катарлаш,

Олтурган Дыйкан аманбы?

Ызаат кылып ойоздор,

Кол сунган Дыйкан аманбы?

 

Үзүлгөндүн учугун

Улаган Дыйкан аманбы?

Чачылганды кайрадан

Кураган Дыйкан аманбы?

Ак падыша кадырлап,

Сураган Дыйкан аманбы?

Кара жаак, кайкы тил Калмырза ырчы ушинтип ыр мөндүрүн бадыратты.

Дыйкан болуштун үйүндө Найманбай менен Калмырза ырдап, элдин көңүлүн ачып отурушту.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg      

 

Последние новости